ЖАНДУУ ТУРМУШ ЖАЛГАНДЫН ТОРУНДА

  • 18.03.2022
  • 0

Суук болот чындыктын бешенеси,

Жаап турат жалгандын көшөгөсү.

Анатай Өмүрканов

Азыркы Украинадагы кандуу трагедиянын башаты – тил саясатына барып такалат. Мындан 30 жыл мурда Украинанын саясий элитасы өлкөдө бир гана мамлекеттик украин тили болуп, орус тилин таптакыр сүрүп чыгабыз деген жалган концепцияны күчкө салуу, зордуктоо жолу менен ишке ашыра баштаган. Ушундай жаңылыш саясат акыры түбү кандуу согуш менен аяктап жатканын көрүп турабыз.

ЖАНДУУ ТУРМУШ ЖАЛГАНДЫН ТОРУНДА

Кыргыз эли, мамлекеттик кыргыз тилине жанаша орус тилине официалдуу статус берип, саясий кыраакылык жана даанышмандык кылган экен. Анткени, ал кезде калдайган калың орус диаспорасы бар эле, орус тили чечүүчү позицияларды ээлеп турган. Элибизге орус-кыргыз кош тилдүүлүгү (билингвизм) терең сиңген эле. Ошентип, орус тилин кысымга алууга эч кандай шарт дагы, максат дагы жок болчу.

Натыйжада, мамлекеттин тил саясаты ырааттуу эволюциялык жол менен өнүктү. 30 жыл мурда кыргыз тили күнүмдүк турмуш-тиричиликте гана колдонулуп келсе, азыр коомдук-саясат сферасында толук үстөмдүк кылат, экономиканын жана социалдык 20дан ашык тармактарда толук колдонулат. Кыргыз мектептериндеги окуучулардын саны 60 пайыздан ашты. Кыргызча мектептер жана бала бакчалар бир нече эсе өстү.

Ошого карабастан биздин коомубузда айрым радикалдык маанайдагы күчтөр кыргыз тилинин толук үстөмдүгүнө жетишибиз керек, орус тилин официалдуу статусунан ажыратуу мезгили келди дешет. Кыскасы, административдик күчкө салуу жолун колдонууну сунуштайт. Бирок жалган көшөгөнүн артындагы иллюзияларга, зордукка баш ийбей турган объективдүү чындыктар бар.

Биринчиси. Тилдердин атаандаштыгы. Күч атасын тааныбайт дегендей, дүйнөдөгү гегемон тилдер, жүздөгөн улуттук тилдерди аренадан сүрүп чыгарууда. Өңгөнү айтпай эле, эң үлкөн кытай тилин алсак, ал англис тилинин агрессивдүү таасиринен жапа чегип жатат. Аргасы кеткен кытайлар, башталгыч класстарды жана бала бакчаларды жалаң кытай тилине которуп, англис тилин жогорку класстарда гана окутууну азыр сунуштап, талкуулап жатат. Акыркы 20 жылда орус тилине бир дагы жаңы орус сөзү кирбептир, бирок жүздөгөн англис сөздөрү менен толукталган.

А бизде болсо, кыргыз тили орус тили менен атаандаштыкта катуу уттуруп жатпайбы. Мисалы, Бишкекте 90дон ашык мектептердин 5-6сы гана кыргыз мектептери. Ал эми орус мектептеринин контингенти негизинен кыргыздар. Эмнеге мындай же Россия, орустар келип зордоп жатабы?

Балдарын орусча окутабыз деген кыргыздар Бишкекте эле эмес, башка шаарларда, жада калса таза кыргыз райондорунда жүздөп — миңдеп саналат. Эми ушулардын баарына космополиттер деген жарлык тагылабы? Бул жерде жандуу турмуштун прагматикасы (пайдакечтиги), чечүүчү ролду ойноодо. Босогодо үрөй учурган аныксыздыктын, дүйнөлүк жана регионалдык согуштардын, экологиялык жана технологиялык катастрофалардын коркунучтары сагалап турса, ошолорго туруштук бере ала турган адамды жалгыз улуттук кыргыз тили менен тарбиялай алабызбы? Техника – технологиялар саат сайын, мүнөт сайын өсүп, өзгөрүп жатса, кыргыз тили аларды үлгүрүп которуп, өздөштүрө алабы? Мына ушундай шартта орус-кыргыз билингвизмин эле эмес, англис тилин дагы балдарыбыз толук кандуу өздөштүрбөсө, биз дүйнөлүк цивилизациянын артында чаң жутуп калабыз. Эне тилибизди сактап калуунун бирден-бир туура жолу – кытайлар тандап жаткан жол. Анткени, бала бакчадан баштап, башталгыч класстарда канга сиңген тил эч качан өчпөйт, өлбөйт. Ушул жол айрыкча, жалаң кыргыздар окуган Бишкектеги орус мектептерде колдонулганы зарыл. Ушул эле мектептерде кыргыз тил-адабияты, кыргыз тарыхы, кыргыздын каада-салттары, Манас таануу сабактары киргизилиши шарт.

Азыр кыргыздардын 60 пайыздан ашыгы айылдарда жашайт. Орус тилин окутуу маселеси небак нөлгө түшкөн. Орусту кой, орусча жакшы билген кыргыз мугалимдер жокко эсе, көп жерлерде сабакты физкультурниктер, физиктер, дегеле орусча бир аз сүйлөгөндөр өткөрүп калган. Ошентип, мектепти бүткөн, орусча эчтеке билбеген бала шаарга келгенде короо шыпырганга гана жарайт, ресторанга официант болгонго да жарабайт.

Орус, англис тил мугалимдерин даярдоону эселентип көбөйтүш керек. Бир кезде Фрунзе шаарында орус тилчилерди даярдоо үчүн атайын орус тили педагогиялык институту болгон. Эмне үчүн азыр ошондой институтту түзүүгө болбосун. Илгери, Ат-Башыда атактуу педагог Акматалиев жетектеген кош тилдүү (орусча уклон менен) мектеп бар эле. Даңазасы таш жарган ушул мектепке мугалим болуш үчүн Россиядан бир топ кыздар, жигиттер келгени эсимде. Ушундай кош тилдүү мектептерди чоң-чоң шаарларда, райондук, облустук борборлордо ачса болот да. Илгери Фрунзедеги №5 мектепти кыргыздар Москванын МГУсундай эле баалашчу. Бир райондо жок дегенде бир мектепти ошондой даражага жеткизсе болбойбу.

Базалык так илимдерди орус тилинде гана окутуш керек. Мисалы, кванттык физиканы орусча он жолу кайра окуп, араң түшүнөсүң, анда анын кыргызча котормосун ким окуйт, ким түшүнөт. Бул жерде Малайзиянын тажрыйбасына таянсак, алар ЖОЖдордо так илимдерди англисче окутуудан баш тартышкан, бирок кийинчерээк кайра англис тилине өтүүгө аргасыз болушту. Келе жаткан жаңы заманда башкы роль жасалма интеллектке, роботторго, биотехнологияларга таандык. Ошондуктан, өтө эле архаикага басым жасап, лингвистикалык талаш-тартышка көп алаксыбайлы, алдыга умтулалы.

Экинчиси. Демографиялык фактор. Өткөн 30 жылда Кыргызстандагы орустардын саны эки эсе азайса, Кыргыздардын саны 6 миллиондон ашты. Ушул темпте жүрүп олтурса, дагы бир 20 жылдан кийин, өлкөдөгү калктын дээрлик 80 пайызы «кыргыздашып» калат окшойт. Демек, демография айылда кыргыз тилинин пайдасына иштөөдө. Жалаң кыргызчаны көксөгөндөрдөрдүн тилеги өзүнөн-өзү, табигый эволюциялык жол менен ишке ашат тура. Ошондуктан тилдин өнүгүү процессин зордуктабайлы. Шашкан шайтандын иши.

Ушул тил проблемасын чечүүдө 30 миллионго жакын моноулуттуу Өзбекстан орус-өзбек коштилдүүлүгүн кантип сактап калды? Алар эч ызы-чуусу жок эле, өзбек элинин кылдат прагматикасына, пайдакечтигине таянып, тил проблемасын чечип коюшкан. Ушул азыр да Өзбекстандын бүт мамлекеттик органдарында орус тили толук кандуу колдонулат, ЖОЖдордогу бүткүл так илимдер, саясат – дипломатия сабактары орус тилинде окутулат. Орусиянын алдыңкы ЖОЖдорунун ондогон филиалдары Өзбекстандын дээрлик бардык облустарында ачылган. Өзбектер XX кылымдын башында биз өңдүү эле кичинекей эл болгон. Бирок, коомдук турмушту саясатташтырбай, басымды эмгекке жана соодага жасап, алар азыр Борбордук Азиядагы эң ири этноско айланды. Биз дагы, көчөдө бир жолбун ит үрүп койсо деле чурулдап митингге чыга бербей, ушу өзбек туугандардын пайдакечтигине, аз сүйлөп, көп иштегенине кунт коюп үйрөнбөйлүбү.

Кыргыз тилинин беделин бийик көтөрүп, кыргыз эле эмес, өлкөдө жашаган башка элдер да муктаж болгон тилге айландыруу зарыл. Албетте, мамлекеттик кызматтарга, айрыкча бийлик органдарына, адистиги менен бирге кыргыз тилин жакшы билген кызматчыларды алыш керек. Ал эми адистиги мыкты, эки тилди бирдей жакшы билген кызматкер болсо эң сонун да. Бирок, көп учурда, тигил же бул тилди начар билген, бирок үлкөн профессионал болсо, аларга айкөлдүк кылып, аяр мамиле жасайлы. Даярдаган документинде фонетикалык, орфографиялык ката кетсе деле, Жогорку Кеңеште айрым депутаттар, кыргыз тилин мыкты билгенине маашырканып, тиги трибунада турган жигиттен экзамен алат. Түшүнбөгөн, ката кеткен жерине орусча жооп берсе күнөөбү? Эгерде биздеги ар башка элдердин өкүлдөрүнүн кыргыз тилди жакшы билгендерин мамлекеттик кызматка, депутаттыкка келишин колдоого жана мактоого алсак, маданиятта, спортто жүргөн таланттарды бийик даражада тутсак – бул да кыргыз тилинин беделин көтөрөт эмеспи. (Баа жеткис «сары кызыбыз» Валентина Шевченкого бүт эл-журт ыраазы го). Ушуга байланыштуу, Жогорку Кеңеш негизинен моноулуттуу болуп, айрыкча бир да орустун болбой калышы осолураак көрүнүш болду.

Үчүнчүсү. Тилдер – геосаясаттагы эң маанилүү фактор. Титулдук улуттун тилин күчөтөм, деп башка тилдерди басмырлоо эмнеге алып келээрин бир тууган орус жана украин элдеринин согушуна алып келди. Бизде, Кыргызстанда орус, кыргыз тилдеринин ортосунда Украинадагыдай же Казакстандагыдай курч кырдаалдар жок.

«Алыскы тууганга караганда жакынкы кошунаң артык» деген макал Борбордук Азияда иштебейт. Территория, чек ара, суу ж.б. маселелери жылдан-жылга курчуп барат. Аны кечээки тажиктердин жасаган кылыгы тастыктап турбайбы. Евразиялык-экономикалык биримдик уюму формалдуу иштеп, мүчөлөрүнө тили өтпөйт. Мисалы, Казакстандын Бишкектин колтугундагы таможниясынын «ишинин» натыйжасында жумалап, айлап жүк ташуучу автоунаалар Бишкектен Кеминге чейин катар тизилип турат. Алар суверендүү Кыргыз мамлекетинин территориясында камалып турушат. Аны казак боордоштор түшүнгүсү келбейт.

Астанада бир кезде чогуу иштеп, арабызда кызматтык жылуу мамиле бар эле, ошондон пайдаланып, Касым — Жомарт Кемелевичке кайрылат элем, бул таможнияны таптакыр алып салыңыз же өз территорияңарга Курдайдан ары бир жерге кургула. Кыргыздардын көбү билбейт, 30-жылдарда казактардын башына мүшкүл түшүп турганда, Казакстандын азыркы Президентинин атасы, казак элинин тулга жазуучусу, залкар инсан Кемел Токаев үй-бүлөсү менен Фрунзеде жашаган экен. Ушул ыйманы жолдош болгур атабыздын арбагы казактын таможнясы түзүп жаткан көрүнүшкө капа болуп, жаткан жайында бир оодарылып
алгандыр.

Жумагул Сааданбеков,
КУИАнын ардактуу академиги

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер