ЖАН ДҮЙНӨНҮН КАКШЫГАН КУДУГУ ЖАНА БАЙЧЕЧЕКЕЙ

  • 26.01.2021
  • 0

Пандемия учурунда уюшулган Онлайн Университети платформасы мугалимдер үчүн бир катар онлайн курстарды, вебинарларды өткөрүп жатат. Ал курс-вебинарлар изилдөө усулдары, окутуу усулдары, билим берүүдө жаңы технологияларды колдонуу өңдүү учурда аба-суудай керектүү багыттарда уюштурулууда. Жакында эле Онлайн Университетинин «Адабият сабагында сын ой жүгүртүүнү өстүрүү» курсу соңуна чыкты. Аталган курска өлкөнүн ар кайсы аймагынан мугалимдер катышты. Курстан чыгарманы сын ой-жүгүртүү менен талдоо боюнча, дил баян, эссе жаздыруу боюнча окутуу усулдарын үйрөнүштү.

Курстун жүрүшүндө мугалимдер окуучуларына үйрөнгөн усулдарын колдонуп сабак өтүшүп, жыйынтыктарын талкуулаганга жетишишти. Төмөндө Нарын районуна караштуу Омур Токтосунов атындагы орто мектебинин адабият мугалими Гулина Иманкулованын 9-классынын окуучусу Эрмек кызы Аделинага жаздырган эссесин жарыялайбыз.

ЖАН ДҮЙНӨНҮН КАКШЫГАН КУДУГУ ЖАНА БАЙЧЕЧЕКЕЙ

Мурза Гапаровдун «Байчечекей» аттуу чакан аңгемесиндеги шаар менен айылды салыштырып жазган окуучунун бул эссеси Онлайн университетинин мугалимдер үчүн жасаган эмгегинин акыбети деп кубануу менен айта алабыз.

ЖАН ДҮЙНӨНҮН КАКШЫГАН КУДУГУ ЖАНА БАЙЧЕЧЕКЕЙ

Нарын району, Омур Токтосунов атындагы орто мектебинин

9-классынын окуучусу

Эрмек кызы Аделина

Мугалими: Гулина Иманкулова

 

Мурза Гапаровдун алакандай болгон, бирок мааниси өтө терең «Байчечекей» аңгемеси шаар менен айылдын адамдардын жан дүйнөсүнө тийгизген таасирин ачып берген чыгарма. Дегеле тээ илгерки ата-бабанын карманган каада-салтынын бүгүнкү күндө мааниси канчалык? Айылдан кол үзүп шаарда жашаган адамдар эмнеге жетишип, эмнеден өксүйт? Эмне себептен адам жыкжыйма ири калаада жан дүйнү сокур болуп, жылуулугун жоготот? Аңгемеде мына ушу суроолорго автор башкы каарман Кыяздын таенесинин өлүмү аркылуу жооп бергиси келген.

Чыгарманын башында автор шаарды сүрөттөп өткөнүн көрөбүз. Дароо эле окурман Кыяздын аэропортко жакын жашаганын байкай алат. Жадагалса телефон чалып жаткан учурда, таңга маалда самолеттор гүрүлдөп учуп-конуп турары айтылат. Шаардын мындай кымгуут жашоосу адамды акыл токтотуп ойлонууга, өзүн өзү аңдап-тыңшоого мүмкүнчүлүк бербейт.

Ушундан улам шаардагы адамдардын жашоо-шарты гана эмес, кулк-мүнөзү дагы такыр башкача. Маселен, Кыяз таенеси жөнүндө кабарды укканда, каада-салттан алыстап кеткенинен, адептүүлүк, сыпаалык менен угузуп жаткан адамды жактырбай жатат. Кыргызда өлүм жөнүндө кабарды түз угузушкан эмес. Суук кабарды аңгемедеги Жолдош сыяктуу чебердик менен угузушкан. Ушундай жаман кабарды угуп жатса да, Кыяз таенесине кайгырбастан, эки-үч күндөн кийин тапшырылуучу диссертациясын ойлоп, ошого кабатырланганын көрөбүз. Демек, азыркы замандагы адамдарга жакын адамынын өлүмүнөн дагы жумушу маанилүүрөк. Жашоодогу бул көйгөй Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасында дагы терең, ааламдык масштабгы көтөрүлүп чыкканын билебиз. Ал романда биз Сабитжа аркылуу тамырынан ажыраган адамдын маңкуртташкан жүзүнө күбө болобуз.

Шаардагы жашоо дагы оңой эмес. Күндө шаардын ызы-чуусунда жүрүп, адам кыйналып, жан дүйнөсү чарчайт. Мына ушундан улам Кыяз шаардан айылын көздөй учкан учурда, шаардагы машакаттуу жашоосунан  бир аз болсо да  арылганына кубанганын байкайбыз. Шаардан бир жылдан бери чыга элек болгондуктан, жаратылышты да абдан сагынган экен.

Ал эми айылды автор тынчтык, ынтымак өкүм сүргөндүгү менен сүрөттөйт. Тоолордун арасында жайгашкан айылдагы адамдардын каада-салтка бекемдигин, ынтымактуулугун автор биринчи эле көз ирмемдерде чагылдыргысы келген. Мисалы, почточу Жолдоштун башында эле Кыяздын үй-бүлөсүнө эч кандай жакын эместиги айтылган эле. Ошентсе да Кыязга кабарлап, жада калса аны тосуп алып баш-көз болгон да ошол. Бүт айыл чогулуп, арбакты сыйлап келип, Кыязды күтүп тургандыктары да каада-салтты сактоо эмей эмне? Мына ушул окуялардан автордун айыл жөнүндөгү ою ачык көрүнүп турат. Мындан тышкары кыргыздардын дагы бир салты болуп туугандары набыт болгон адамдын үйүнө барып кызмат кылуусу керек. Бирок, бул аңгеменин башкы каарманынын жубайы келип, кызмат кылууга жараган жок. Бул Кыяздын чабалдыгы, ар-намыс, каада-салттан чыгып калганынын белгиси десек жаңылышпайбыз.

Айылга келип түшкөн Кыяз отуз бешке келип калса да, өлүм-житимге катышып көрбөгонү айтылат. Ошол себептен өзүн жоготуп, бул абалына түшүнө албай жаткандыктан күйүттү сезе албай ички дүйнөсү аңгырап бош туруп, көзүнө бир тамчы жаш келбей турган абалы да аңгемеде кенен баяндалат. Бул учурду автор какшыган кудук менен салыштырат. Албетте, бул өтө туура салыштыруу. Туугандарынын көз жашы, ата-энесинин күйүтү,таенесинин өлүмү козгой албаган жүрөктү ушул бир тамчы суусу жок  кудук жакшы мүнөздөп турат. Бирок, бул кудуктун пайда болушуна эмне себеп?  Бул суроонун жообу, адамдардын ички жан дүйнөсү «кудугу» күнүмдүк турмуштун акыр-чикирине, ишенбестикке, көйгөйлөргө, сезимсиз адамдардын таасирине толуп калган. Анда адамга тиешелүү болгон сезимталдык, боорукерлик үчүн орун жок эле. Мына, азыр Кыяз өзүнүн кудугунан суу таппай, өзү менен өзү күрөшүп жатат. Бирок, ийгиликсиз.

Чыгармада торгойдун сайраганы, баланын ыйлаганы символикалуу түрдө берилген. Мисалы, торгойдун үнү жакшылыктын жышааны болсо, жаш баланын ыйы тазалыктын, аруулуктун символу. Кыяз жаш баланын ушунчалык жеңил ыйлап жаткандыгына бир эсе таң калып, бир эсе суктанып турат. Балким таенеси он сегиз жыл мурун өлсө, ал да ушинтип ыйламактыр. Чыгармадагы байчечекей да символика. Байчечекей – жаз келери менен жер бетине биринчи чыккан гүл. Бул да аруулуктун, назиктиктин, жылуулуктун символу. Мына ушул байчечекей жерди жарып чыккан сыяктуу, Кыяздын какшыган кудугун жарып чыгып, суу пайда кылды. «Тамчыдан көл куралат» дегендей, кичинекей көрүстөндөн үзүлгөн байчечекей Кыяздын муз жүрөгүн эритип, кудугуна суу толтурду.  Демек, Кыяз кечикпептир. Демек, анын жүрөгүндө адамгерчилик сапат калган экен.

Ошентсе да азыркы учурда эски каада-салттарды артка калтыруу керек. Эскини жаңы нерсеге чаптабаш керек деген адамдар да аз эмес. Дээрлик көпчүлүк улуттардын каада-салттары замандын талаптарына жооп бербей, талаш-тартыш жаратып жүргөнүн да билебиз. Бирок,эски нерсе пайдубал сыяктуу. Ал бекем, бышык болсо гана жаңы нерсе дубал сыяктуу бекем болот. Ушул нерсени эске албастан, адамдар өз элинин каада-салтын тааныбай келишет. Каада-салтта ата-бабанын накыл кептери, адеп-ахлагы, үрп-адаты сакталган. Азыркы заманда адамдар билимдин артынан, акчанын артынан кубалап жүрүп, өздөрүнүн адамгерчилик сапатын жоготушуп,сезими жок маңкурттарга айланып баратышат. Бул адамдын жанын ачытпай койбойт. Учурда баардык эле адамдардын кудугу бош, какшыган. Ата-бабанын каада-салтындагы адамдарга жакшы мамиле кылуу, ата-энени сыйлоо сыяктуу нерселер да, байчечекей сыяктуу адамдын ички дүйнөсүн какшытпай, кичине болсо да булактын көзүнөн суу чыгарып турат.  Демек, бизге ата-бабанын салты керек. Адамзаттын өткөнү кандай болсо, келечеги да ошондой болот.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер