“ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ:КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ”

  • 03.02.2023
  • 0

Ушундай аталыштагы Журналисттер союзунун республикалык конференциясы 31-январда Кыргыз улуттук китепканасында өттү. Жыйында көп жылдык эмгеги бар журналисттер, журналисттерди даярдап жаткан факультеттердин декандары сөз сүйлөп, бүгүнкү күндөгү массалык маалымат каражаттарынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

“ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ:КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ”

“ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЭРКИНДИКТИ  УЛУТТУК МАДАНИЯТКА БИРИКТИРЕ АЛГАН ЖОКПУЗ”

Конференцияда Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев журналисттердин жыл башындагы иш-чарасы менен куттуктап, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы сөз эркиндигинин орду жана көп жылдардан бери башка өлкөлөргө бул жагынан үлгү болуп келе жаткандыгы тууралуу кеп салды.

—  Тилекке каршы, азыркы коом демократиялык маданиятты толук калыптандыра албай,  ошол эле 90-жылдардын эйфориясында жүрөбүз. Демократиялык эркиндикти улуттук маданиятка бириктире алган жокпуз деп эсептейм. Себеби бул жоопкерчилик маселеси менен байланыштуу. Бардык иштин артында ар дайым жоопкерчилик болушу керек. Сөз эркиндиги менен бирге жоопкерчилик деген маданиятты дагы калыптандыруучу убакыт келди. Мисалы, кээде аттуу-баштуу эле маалымат каражаттары так эмес маалымат таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган учурлар көп эле кездешип жатат. Андайларды сотко берсең, сөз эркиндигине кысым жасап жатат деп чыгат, унчукпай калсаң коомчулук ошол маалыматка ишенип алат. Ошондуктан баарыбыз жоопкерчилик маданиятын иштеп чыгуунун үстүндө иштейли, — деди кеңешчи.

Иш-чараны Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев ачып, кыргыз журналистикасы Советтер Союзунан бери канчалаган тарыхты башынан кечиргенин, ар кандай тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабастан бүгүнкү күнгө чейин сөз эркиндигин сактап, өз ишин улантып келе жатканын баса белгиледи.

— Жалпыга маалымдоо каражаттары жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, өзүнүн бир канча жылдык тарыхында акты ак, караны кара деп айтып келди. Бүгүнкү күндө да чыныгы коомдук пикирди жаратууда таасир этүүчү чоң куралга айланды десек болот. Коомдо болуп жаткан бардык иштерде өзүнүн активдүүлүгүн көргөзүп, теледе-радиодо, интернет желелеринде жаңылыктарды байма-бай бейтараптуу жайылтып жатат. Азыр журналистикага атаандаш дейбизби же катарлаш дейбизби, айтор, блогер деген жаңы түшүнүк кирип келди. Блогерлер журналисттердин ордун басабы? Алардын журналисттик билими жок туруп, кантип элге маалымат тарата алат деген сыяктуу суроолор көп. Чыныгы журналист блогерлерден кесипкөйлүгү, ыкчамдыгы, билим деңгээлинин бийиктиги жана өз кесибине болгон жоопкерчилиги менен айырмаланышы керек, — деди уюмдун төрагасы.

Саамалыкта ММКнын басып өткөн тарыхы, бүгүнкү аткарып жаткан иштери жана эртең боло турчу келечеги талкууланып, кыргыз журналистикасынын тарыхында көптөгөн кыйынчылыктар, сөз эркиндиги үчүн күрөштөр болгондугу айтылды. Журналисттер бүгүнкү күндө Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча эркин өлкөлөрдүн сап башында тургандыгын, бул өткөн жылдардагы чыгаан журналисттердин эмгегинин натыйжасы экендигин баса белгилешти.

“ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ:КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ”

«СОВЕТТИК КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ»  КИТЕБИ ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

Жыйындын алкагында белгилүү журналист, саясат таануу илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбековдун «Советтик кыргыз журналистикасы» аттуу китебинин бет ачары да болду. Бул китеп  журналисттерге жана ушул багытта билим алып жаткан жаштарга, массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө кесиптик билимин жогорулатууга пайдалуу.

— Алгач китепти чыгарарда Кыргызстандын төрт тарабынан 42 журналистти тандап алып, 22 суроо коюп, бул журналисттерден ар башкача кенен маалыматтарды алдык. Ал маалыматтарга таянып, ошол кезде иштеген мыкты журналисттердин эмгектерин кошуп, анан бул китепти чыгардык. Советтик журналистикада жоопкерчилик күчтүү болуп,  маалыматтык тактык да аябай чоң роль ойногон. Эч бир журналист маалыматты тактабай, аны аягына чыкпай туруп коомчулукка жарыялаган эмес. Бирок ошол кезде сөз эркиндиги болгонбу деген сыяктуу суроолорго жооп китептин ичинде камтылды. Китепти чыгарууга эмне себеп болду, кандай зарылчылыктар жаралды деген суроолор жаралышы мүмкүн. Бул китептин эки миссиясы бар. Биринчиден, кыргыз журналистикасынын тарыхын окуп жаткан адистерге чоң булак болуп берет. Экинчиден, кыргыз совет тарыхын талдап, изилдеп жаткан тарыхчыларга, илимпоздорго жакшы маалымат базасы болуп бере алат деп айта алам, — деди автор.

“ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ:КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ”

«КЕСИПКӨЙ ЖУРНАЛИСТТЕРДИН  САНЫ СУЮЛУУДА”

Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк журналистика тармагында билим алып жаткан жаштардын билим деңгээли жылдан-жылга солгундап баратканын көйгөйлүү маселе катары белгиледи. Анын айтымында, азыркы жаштар өз алдынча блогер, көз карандысыз журналист болуп жаткандыктан, кесипкөйлүккө анчейин маани берилбей, профессионал адистердин саны азайып баратат.

— Бүгүнкү күндө журналисттерди даярдоодо кыйынчылыктар бар экенин моюнга алышыбыз керек. Учурда тилге, маданиятка, жанрларга маани берген жаратман, таланттуу журналисттерди тарбиялап чыгаруу биздин милдет. Тилекке каршы, жылдан-жылга биздин факультетке келген жаш студенттердин билим деңгээли түшүп баратканы байкалууда. Мунун себеби ЖРТ аркылуу эптеп 110 баллдан жогору алып, шык-жөндөмү жок болсо деле журналистикага тапшырып жатканында болууда. Чыныгы журналист өзү жан дүйнөсүнөн чыгармачыл, таланттуу адам болот. Бирок чыгармачыл адамдардын так илимдерге тиши өтпөйт. ЖРТнын көп суроолору так илимдерден болгондуктан, чыныгы чыгармачыл, таланттуу журналисттер жетиштүү упай ала албай, окууга өтпөй калууда. Анын жыйынтыгында сабатсыз кадрлар эптеп окуп бүтүп, сапатсыз контенттерди жарыялап, ошолордун айынан жалпыга маалымдоо каражаттарына да көө жабылып жатканы өкүнүчтүү, — деди Ширин Костюк.

“ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ:КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ”

 

«ЖУРНАЛИСТ КЕЛЕ ЖАТАТ» ДЕГЕНДЕ, МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЖҮРӨГҮ ООЗУНА ТЫГЫЛЧУ”

“Кут Билим” медиа борборунун директору Кубат Чекиров өткөн доордогу журналистиканын ишмердүүлүгүнө токтолуп, Советтер Союзунда элдин, коомчулуктун журналисттерге болгон мамилеси жогору болгонун айтты.

— Журналист келе жатат дегенде мамлекеттик кызматкерлердин жүрөгү оозуна тыгылып, кайсы жеримди жазып чыгарып жиберет деп коркуп турушчу. Эгерде ошол кызмат адамынын кылып жаткан ишинде мүчүлүштүктөр тууралуу журналист тарабынан бир сын-пикир жазылчу болсо, ошол кызматкердин жумуштан шыпырылаары эч калетсиз эле. Журналисттин даражасы прокурор, сот ж.б. кызматкерлерден дагы бийик турчу. Себеби коммунисттердин бийлиги журналисттерди ошончолук бийик даражага койгон. Азыр болсо мамлекетти тоноп жаткан жемкорлорду көзгө сайып көргөзүп, далилдерди алдына жайып берип жатса да мойнуна албай, ошол эле сот, прокурорлор экспертиза керек деген шылтоолор менен коргоп жаткан учурлар болуп жатат. Менин оюмча, ар бир доордун өзүнүн журналистикасы, социалдык милдеттери болот, — деди.

Иш-чаранын соңунда Журналисттер союзу бийликке жана коомчулукка атайын кайрылуу жолдоп, мыкты журналисттерге дипломдор тапшырылды.

Фархат КАНЫБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер