жалпы билим берүү мамлекеттик стандартында эмнелер өзгөрөт?

  • 13.12.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Жалпы билим берүү мамлекеттик стандартынын долбоору иштелип чыкты, анда кандай өзгөрүүлөр, жаңылыктар болду? Бул мамлекеттик стандартты иштеп чыгууда эмнелер эске алынды?

Кыргызстанда учурда билим берүү жаатында эң негизги маселелер булар болууда:

  1. “Алтын Казык” программасын ишке ашыруу;
  2. 12 жылдык билим берүүгө өтүү;
  3. 2025-жылы “PISA-2025” эл аралык изилдөөсүнө катышуу.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мамлекеттик стандартынын долбоору “Алтын Казык” программасын ишке ашыруунун жана 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында иштелип чыкты. Ошондуктан биринчи кезекте 12 жылдык билим берүү, алдыңкы билим берүү системалары боюнча дүйнөлүк практика терең талдоого алынды.

Учурунда Европа мамлекеттери технологияга басым жасап, экономикалык жактан өтө бачым өсүп кетти, ошол кезде Азия баалуулуктарга басым жасады. Акырындык менен Азия технологиялык жактан Европаны кууп жетүүдө. Бирок Европада баалуулук маселесинде чоң көйгөйлөр жаралууда. Ошондуктан Кыргызстан билим берүү системасын өзгөртүүдө Азияга басым жасоодо.

Азиянын негизги өзгөчөлүктөрү катары буларды көрсөтүүгө болот:

  1. Баалуулуктарга бсым жасоо;
  2. Баланы инсан катары кароо, анын мүнөзүнүн калыптанышына, эмоциясын башкаруусуна өзгөчө көңүл буруу;
  3. Мекенин сүйүүгө, аны менен сыймыктанууга өзгөчө маани берүү.

Ушул баалуулуктарды жүрөгүнө бекем сиңирген бала мекенчил да, жашоодо ийгиликтүү да болорун турмуш көрсөтүүдө.

Жаңы мамлекеттик стандарттын негизги өзгөчөлүктөрү:

  1. Негизги баалуулуктарды калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулуп, алар билим берүү системасынын өзөгүн түздү;
  2. Негизги компетенттүүлүктөр жаңыдан иштелип чыкты;
  3. Бүтүрүүчүнүн модели жана күтүлүүчү натыйжалар аныкталды;
  4. Билим берүү чөйрөлөрү кайрадан такталып, билим берүү процессин уюштурууга карата жаңы өзгөрүүлөр сунушталды;
  5. Ата-энелер жана коомчулук менен иштөөдө орчундуу өзгөрүүлөр болду;
  6. Баалоо системасына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилди;
  7. Окуу/окутуу жана тарбиялануу/тарбиялоо жаатында олуттуу өзгөрүүлөр сунушталды.
  8. Жогоруда айтылгандарды жалпылаган “Билим берүү” схемасы иштелип чыкты.

Анда сөз кезеги менен болсун.

  1. Негизги баалулуктар

Чынчылдык жана ак ниеттүүлүк. Өзүнө, башкаларга чынчылдык, ак ниеттик менен мамиле кылуу, чынчылдыкты, ак ниеттикти туу тутуу, аларды баалуулук катары жайылтуу.

Жоопкерчилик жана эмгекти сүйүү. Өзүнүн жана өзү катышкан топтун чечимдери, жасаган аракеттери, окуусунун, жасаган ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликти алуу жана эмгектене билүү, эмгекти сүйүү, эмгектин ролу, баасы, натыйжасы, пайдасы тууралуу маалыматтарды, билимдерди жайылтуу.

Өзүн таанууга умтулуу. Өзүнүн күчтүү жана алсыз жактарына талдоо жасап, андан туура жыйынтык чыгаруу, чечим кабыл алуу, өз чечими үчүн жоопкерчиликти алуу, өз ишин уюштуруу, өзүн, эмоциясын башкара билүү, кетирген каталарынан жыйынтык чыгаруу, сабак алуу.

Башкаларга боор тартуу менен мамиле кылуу. Өзүн урматтоо менен бирге башкаларга сый мамиле кылуу, алардын ордуна өзүн коё билип, аларды түшүнүү жана колдон келишинче жардам берүүгө, биргелешип маселелерди, көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттенүү.

Эл-журтту, Мекенди сүйүү, өзүн коомдун мүчөсү катары сезүү. Кыргызстанды, үй-бүлөсүн сүйүү, Кыргызстандын жараны экендиги менен сыймыктануу, өзүн коомдун мүчөсү катары сезүү жана натыйжада коомдун мүчөлөрүнө түшүнүү, боор тартуу менен мамиле кылуу, маданий мурастарга урматтоо менен мамиле кылуу, маданий көп түрдүүлүктү кабыл алуу.

Табият менен таттуу мамиледе болуу. Табиятты сүйүү, урматтоо, экологияга этият мамиле кылуу, табигый мыйзам ченемдүүлүктөрдү өздөштүрүү жана аларды турмушунда колдонуу.

Туруктуу өнүгүүгө умтулуу. Туруктуу өнүгүүнүн негиздерин түшүнүү, анын принциптерин сактоо, туруктуу өнүгүү боюнча маалыматтарды, билимдерди жайылтуу.

жалпы билим берүү мамлекеттик стандартында эмнелер өзгөрөт?

  1. Негизги компетенттүүлүктөр

Маалыматтык-санариптик компетенттүүлүк окуучунун маалымат менен иштей алуу, улам жаңыланып өсүп жаткан санариптик технологияларды зарылчылыгына жараша жакшы ниетте колдоно билүү, санариптик, медиа коопсуздукту камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү катары сыпатталат.

Таанып билүү-ишмердик компетенттүүлүгү окуучунун жаңы билимдерди алууга, жаңы билгичтиктерди өздөштүрүүгө, жаңы көндүмдөрдү, компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга ынтызарлык, аны ишмердик менен алектенүү аркылуу өздөштүрүү, функционалдык сабаттуулукту, XXI кылымдын көндүмдөрүн өздөштүрүү, окуп кетүүгө үйрөнүү жөндөмдүүлүгү катары
сыпатталат.

Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк окуучунун өзүнүн пикирин башкаларга жеткире алуу, алар менен тил табыша билүү, кызматташуу, өнөктөшүү, башкаларга урмат-сый менен мамиле кылуу, гендердик сезимталдык, коомдон өзүнүн ордун табууга аракеттенүү жөндөмдүүлүгү катары сыпатталат.

Эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүгү окуучунун баалуулуктарды, элдик мурастарды таануу, урматтоо, аларга сый-урмат менен мамиле кылуу, аларды ылайыгына жараша турмушунда колдонуу, өзүн таануу, өз ишин уюштуруу, өзүн башкаруу, эмоционалдык абалына баа берип, аны башкара билүү, ден соолугуна кам көрүү, өз жүрүм-турумун талдоо, өз чечими үчүн жоопкерчиликти алуу, көйгөй маселелерди чечүү, мүнөзүн калыптандыруу, дараметин өстүрүү үчүн аракеттенүү
жөндөмдүүлүгү.

  1. Бүтүрүүчүнүн модели жана күтүлүүчү натыйжалар

Жалпы билим берүү башталгыч жалпы билим берүү (1-6-класстар), негизги жалпы билим берүү (7-9-класстар) жана орто жалпы билим берүү (10-12-класстар) деңгээлдеринде ишке ашырылат.

Жалпы билим берүүнүн натыйжасында өз алдынчалуу, ачык инсан, жаратман жана Кыргызстан жараны калыптанат:

— өзүнүн окуусу жана тарбиясы үчүн жоопкерчиликтүү, ар кандай шартка ыңгайлашууга жөндөмдүү, жашоодо туруктуу көз карашка ээ, өзүн тааныган, көз карандысыз жана сынчыл ой жүгүрткөн, кырдаалды баалай билген, жемиштүү баарлашкан өз алдынчалуу адам;

— башкаларга боор тарта билген, натыйжалуу кызматташууга ачык, командада иштей алган, демилгелүү, тайманбастык жана жоопкерчилик менен тобокелчиликке бара алган, кетирген катасынан сабак алган ачык инсан;

— ар нерсеге кызыгып изденген, ойлоп табуучулукка жана жаңылыкка умтулган, өмүр бою окууга, тарбияланууга тырышкан, башкалардын жашоосун жакшыртууга активдүү катышкан жаратман;

Кыргызстанга берилген жана аны сүйгөн, жарандык аң-сезими жогору, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун жана өлкөнүн алдында жоопкерчиликтүү, өзүн коомдун мүчөсү катары караган Кыргызстан
жараны
.

  1. Билим берүү чөйрөлөрү:

— тилдик;

— социалдык;

— математикалык;

— табигый-илимий;

— маданий;

— технологиялык;

— ден соолук маданияты.

Билим берүү процессин уюштурууда биринчи класста негизинен социалдашуу ишке ашып, окуу негизинен оюн формасында уюштурулат, билим берүүнүн экинчи деңгээлинде айрым предметтер жуурулушуп окутулат, анын акыркы жылында жана үчүнчү деңгээлде кесипке багыттоого басым жасалып, бүтүрүүчү кошумча тиешелүү кесипке ээ болот. Ошондой эле уюштура алууга жараша жана ментордук көзөмөл менен окуучулардын классташтарына же кийинки класстарга сабак өтүүсүнө уруксат берилди. Мектепти, анын айланасын, ашкананы ж.б. тазалоого окуучулар тартылары жана бул аткарган иштери үчүн жоопкерчилик алышары
белгиленди.

  1. Ата-энелер жана коомчулук менен иштөөдө жумасына бир күн 2 саатка чейин сабакты (же тарбиялык саатты) ата-энелердин өтүүсүнө уруксат берилип, мектептер жергиликтүү уюмдар, активисттер менен алака мамиле түзүп, алардын жардамы менен класстан тышкаркы иштерди, маданий иш-чараларды, музейлерге, тарыхый-маданий жайларга, эстеликтерге барууну, туризм жана этнография багытындагы саякаттарды, окуучулардын машыгууларын, эс алууларын, көңүл ачууларын ж.б. уюштурса болот.
  2. Баалоодо 1-3-класстарда баа белги коюлбайт, жетишкендиктерди баалоо сапаттык мүнөздөө түрүндө ишке ашат, баалоо системасында диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоо колдонулуп, баллдык, критериалдык баалоо системасы кирет.
  3. Окуу/окутуу жана тарбиялануу/тарбиялоо жаатында окуу менен окутуу жана тарбия катар, эриш-аркак жүрүп, билим берүү процессинде тарбияга өзгөчө орун берилет, ошондой эле окутууга караганда окууга өзгөчө басым жасалат. Анткени бала билим алуунун ролун, маанисин чындап аңдап түшүнүп, өзү, келечеги үчүн билим алууга аракеттенсе, бул билимдин сапатына түздөн-түз таасир этет, билим алуу процессин жөнөкөйлөтөт жана натыйжалуу кылат. Окууда/окутууда жана тарбияланууда/тарбиялоодо баалуулуктарга, социалдык жана эмоционалдык бакубатчылыкка, өжөрлүк, тырышчаактык, чыдамкайлык, эмгекчилдик сапаттарын, мүнөздү калыптандырууга, маданий мурастарды урматтоого, баланы инсан катары карап, аны шыктандырууга, баланын дараметин ачууга, өзүн таануусуна, эмоциясын башкара алуусуна, өзүнө болгон ишенимин калыптандырууга, башкаларга ишенимин жаратууга, командада иштей алып, көйгөйдү чече алуусуна, ката кетирүүдөн сабак алып, жоопкерчиликти өзүнө алуусуна, инклюзивдик билим берүүгө өзгөчө басым жасалат.
  4. Жогоруда айтылгандардын негизинде жалпыланган “Билим берүү” схемасы иштелип чыкты.

Алмазбек Токтомаметов, педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер