ЖАЛДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 08.09.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы Жал-29 кичи районунда 140 орунга ылайыкталган жаңы бала бакча ачылды. Бала бакчанын ачылуу аземине КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров балдарды жана ата-энелерди кубанычтуу окуя менен куттуктап, аталган бала бакча мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында курулгандыгын белгиледи.

 

«Биз Президенттин тапшырмасын аткардык. Белгилүү болгондой, борбордо мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги маселесин чечүү максатында 15 мектептин жана бир бала бакчанын курулушу башталган. Бул тапшырманы аткаруу үчүн жалпысынан 3 млрд сом бөлүнсө, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен 2,5 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүн биз жаңы бала бакчаны ачып жатабыз. Быйылкы жылы 86 билим берүү объектисинин курулушу жыйынтыкталат. Учурда 35 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, ал эми 6 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө», — деди ал.

ЖАЛДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Акылбек Жапаров билим берүү тармагынын кызматкерлеринин, атап айтканда, бала бакчадагы тарбиячылардын айлык акысы эки эсе, кенже жана техникалык кызматкерлердин айлыгы үч эсеге жогорулаганын белгиледи. Ал өз сөзүндө эмдиги жылдан баштап 12 жылдык окууга өтүүгө даярдыктар жүрүп жатканын айтып: “Бала бакчанын жогорку топто иштеген тарбиячылары, педагогдору реформанын баштоочуларынан болосуздар. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-августуна карата элдин саны 6 млн 977 миң адамды түздү. Кыргызстанда быйыл 7 миллионунчу жаран төрөлөт. Өлкөбүздө кубанычтуу окуялар көп болуп, балдарыбыздын келечеги кең болсун», — деген каалоо тилегин билдирди.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер