ЖАКШЫ ТАЖРЫЙБА — ЖАЛПЫГА ҮЛГҮ

  • 11.01.2023
  • 0

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы №1мектеп-гимназиясы шаардагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылткан жаңычыл, издемчил, креативдүү санарип мугалимдердин тобу эмгектенген билим уясы катары таанымал болуп калды.

ЖАКШЫ ТАЖРЫЙБА — ЖАЛПЫГА ҮЛГҮ

Жаңырган жылдын алгачкы айында бул мектепте чет тилчи мугалимдерге пайдалуу семинар болуп өттү. «Англис тили предметин окутуу боюнча мугалимдерди усулдук колдоо» деген темадагы иш-чараны мектептин англис тили мугалими Анарбекова Миргүл Көлбаевна уюштурду.

Аракетчил жаш  мугалим бир топ педагогикалык тажрыйба топтоп, жогорку жетишкендиктерге ээ боло алды. Ал ар дайым өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп келет.

Тынчтык Корпусу уюштурган «Долбоор түзүү жана башкаруу» долбооруна катышып, мектепте лингафондук кабинет түзүү боюнча иш алып барууда. TESOL  эл аралык курсуна да катышуу менен, 14 тандалган англис тилчинин бири катары курсту аяктагандан кийин өзүнүн тажрыйбасын жайылтып, облустагы 35 мугалимге бир ай тренинг өтүп берди.

Мугалимдин 3 окуучусу FLEX программасына катышса, бир окуучусу Кытай мамлекетине окууга өткөн. 12 окуучусу  AHA. KG уюштурган тренингге катышып, сертификатка ээ болушкан.

Бул күнкү семинарга катышкан шаардагы жана жакынкы аймактан келген мугалимдер иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешип, ыраазылык билдиришти.

Байыш МУСУРАЛИЕВ, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер