ЖАКШЫ АДАМДЫН БЕЙНЕСИ

  • 28.12.2023
  • 0

Зина Караева адегенде айылдык мектепте англис тили мугалими, андан соң ОшМУнун чет тилдер факультетинде окутуучу, ага окутуучу болуп иштеген. 1989-жылы Ташкент шаарындагы Ф.Энгельс атындагы чет тилдер институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган. 2006-жылы «Котормонун лингвистикалык жана семиотикалык проблемалары» деген темада докторлук эмгегин коргогон.

ЖАКШЫ АДАМДЫН БЕЙНЕСИ

2012-жылы Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин  Курманжан Датка тууралуу «Ханышанын көз жашы» чыгармасын англис тилине которуп, бул эмгеги Лондондо өткөн котормочулар форумунда биринчи орунга ээ болгон. Жалпысынан алганда Зина эже 15 китепти: арасында Тенти Адышеванын, Жоомарт Бөкөнбаевдин ырларын, Галина Долгаянын «Орто Кылымдын Кудайлары» чыгармасын англисчеге которгон, булардан сырткары 100гө чукул илимий макалалардын автору, илимий ишмердүүлүктүн аркасы менен АКШ, Польша, Италия, Германия, Улуу Британия, Шотландия, Индия, Кытай, Люксембург, Франция, Швейцария, Россия, Өзбекстан, Казакстан жана башка бир катар өлкөлөрдө илимий конференцияларга катышкан.

Кыргыздын турмуштук, кенже эпосторун которуу, дүйнөлүк маданиятка таанытуу – илимий мектептин башкы максаттарынын бири. «Кыз Сайкал» жарыкка чыккан, «Кыз Дарика», «Саринжи-Бөкөй», «Жаныш-Байыш», «Кожожаш», «Олжобай менен Кишимжан», «Курманбек» эпостору англис тилине которулуп жатат. Котормолорду редакторлоодо шотландиялык тилчи-котормочу  Лаура Хамилтондун эмгеги зор.

Кагаздан башын көтөрбөгөн, калем менен көз майын короткон, колун жооруткан, белин ооруткан эжеден эмгектенгенди, максат коюп, умтулганды, ким болбосун ошол адамдар менен диалог түзө билгендиги, тил билги, иш билги, дилгирлиги, адамгерчилиги, меймандостугу менен бизге үлгү болуп келатат.

2004-жылдары Зина эже чыгармачылык өргүүгө чыгып, илимий иштери менен Москвага поезд менен жол тартыптыр. Элдин баары чаар-ала сумкалары шыкалган товарлары менен баратыптыр.

«Сиздин эмне товарыңыз бар, эмне алып баратасыз? — деп сурашат.

— Эч нерсем деле жок.

— Эч нерсе жок болсо, Москвага эмнеге баратасыз?

— Китеп окуганы, — десе,

— Ой тообо, биякта эл турмуштан кыйналып, тиричилик деп жүрсө, сиз китеп окуганы баратам дейсиз да,  — деп таң калышыптыр.

Поездде элдер улам ар кимиси келип, башына тумак кийгизип, жүн жоолуктарын салып, одеял менен ороп коюшту дейт. Таможнядан өткөн соң кайрадан мага кийгизгендеринин баарын «кийип бергениңизге рахмат» деп кайра алып кетишти дейт. Ошондой өткөөл жылдарда да илим жолунан башка нукка бурулбай, курсак камын ойлобой, илимий азык издеген эженин эмгеги текке кеткен жок.

Бишкекке келген чет элдик же региондон илимпоз болобу, конок деп аэропорттон тосуп алып, шаарды көрсөтүп, барчу жерине жеткирип, конокко көңүл буруп, убакыт ажыратып маектешет, кыргыздын салты, маданияты менен тааныштырат. Эже менен мамиле түзгөн кайсы окумуштуу, доктор болбосун жылуу достук, кызматташтык мамилелерин үзүшпөгөндүгүн дипломаттык сапаттарынын жемиши десем болот.

Меймандостугун, адамгерчилигин айтпай кетпесе болбос. Бир жылы бир волонтер региондон келип студенттерге семинар, тренинг өтүп, кайсы жерге жайгаштыруу маселеси чыгып калды, мейманканага жаткырганга ким демөөрчү болот, акчаны кайдан алабыз же жыйнасакпы деп ойлонуп жатсак эже келип калды, «Эч ойлонбогула, мен үйүмө алып кетем» деп маселени дароо ордунда чечип койду. Тиги волонтерду үйүнө алып барып сыйлап, конок кылып, эртеси башына калпак кийгизип, узатып коюптур.

Жашооңдо, караңгыда жылдыздай жарыгын чачкан, жүргөн жеринде жакшы из калтырган, сөз ээрчиткен адамдар болот го, Зина эже ошондой жарык, кенен, айкөл, терең Адам. Жакында Кыргызстан эл аралык университетинде эженин үзүрлүү эмгегинин урматына Зина Караева атындагы филология кабинети ачылды.

Эмгектенгенден ырахат алган, күнү-түнү китебин, калемин колунан түшүрбөгөн устатыбызга ишине ийгилик, бекем ден соолук каалайм!

Дүйшөн Шаматов агайдын «Эжекеме» деген саптарын лентадан окуп калып, кошумчалап коюуну туура көрдүм.

Бөлүшүү

Комментарийлер