ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ ДОЛБООРУНА ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 07.02.2018
  • 0

Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору «Global Event Awards-2017» эл аралык сыйлыгына ээ болду, сыйлоо аземи 2018-жылдын 2-февраль күнү Holiday Inn Tagansky (Москва, Россия Федерациясы) өттү.

ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ ДОЛБООРУНА ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

Фонддун пресс-катчысы Топчугүл Шайдуллаеванын берген маалыматына таянсак, Global Event Awards – бул Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Латвия, Литва, Азербайжан, Армения, Эстония сыяктуу өлкөлөрдүн мыкты иш-чараларынын жана ивент агенттиктеринин ортосундагы эл аралык сыйлык.

ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ ДОЛБООРУНА ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

  • КМШнын жана Прибалтиканын 7 өлкөсүнөн 56 компания 2017-жылы ар кандай номинациялардагы 90дон ашык иштерди сунуш кылды. Мыктылардын мыктылары, анын ичинде Кыргызстандан келгендер жеңүүчүлөрдөн болуп калды.

Кыргызстандын “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоору  «Балдардын мыкты иш-чарасы» катары Эл аралык сыйлыктын ардактуу 2-ордун ээледи, бул Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле анын чегинен тышкары жакта ушул иш-чаранын маанилүүлүгүн, сапатын жана маанисин дагы бир жолу ырастайт.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында  EVENT AWARDS CENTRAL ASIA Борбордук-азиялык сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өткөн, ал жерде «Борбордук Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы» номинациясында «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору  1-орунду алган.

«Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун командасы биздин өлкөдө билим берүүнү алга илгерилетүүгө колдоо көрсөткөндүгү жана салым кошкондугу үчүн бардык демөөрчүлөргө, өнөктөштөргө жана досторго ыраазычылык билдирет! – дейт пресс-катчы.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер