ЖАҢЫЛЫК ТАРТУУЛАГАН ЖАҢЫ ЭМГЕК

  • 02.02.2023
  • 0

ЖАҢЫЛЫК ТАРТУУЛАГАН ЖАҢЫ ЭМГЕК

Профессор С.Рысбаевдин «Деңгээлдик  билим берүү  технологиялары» аттуу методикалык жаңы китеби жарык көрдү. Ал мектеп окуучуларына калыптандыруучу билим берүү кезинде ишмердикке негизденген автордук таксономия болуп саналат. Китеп жакында эле  кыргыз тили, адабияты мугалимдери үчүн методикалык колдонмо катары «Улуу Тоолор» басмасынын басылып чыкты.

ЖАҢЫЛЫК ТАРТУУЛАГАН ЖАҢЫ ЭМГЕК

Китеп төрт бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө билим берүүнүн философиясы,  билим берүүдөгү көйгөйлүү маселелерден болгон-окутуунун проблемалуулугу, окуучунун билим алуудагы ишмердик мамилеси жана чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү тууралуу сөз болот. Анын негизинде кыргыз тили, адабиятынан окуучунун билимин  деӊгээлдик негизде баалоо, текшерүү жана өнүктүрүү  маселеси иликтенген жана ал маалыматтык билим деңгээли, үйрөнгөн билимди практикада колдонуу деңгээли,  колдонуу жана өздөштүрүү кезинде жаралган проблемалуу жагдайларды чечүү жана баланын чыгармачылдыгына багыт берүү жана аны өнүктүрүү деген төрт деңгээл  системалуу мүнөздөлгөн. Алардын мүнөздөмөлөрү, коюлуучу талаптар жана деңгээлдик тесттер, алар менен иштөө технологиясы орун алган. Бул жаңы ыкма профессордун жеке автордук таксономиясы катары илимий-практикалык багытта ачылып берилген.

Экинчи бөлүгү  калыптандыруучу билим берүү процессинде окуучунун билимин бышыктоо маселесине арналган. Анда дагы окуучунун алган билимин деӊгээлдик негизде бышыктоонун ыкмалары сунушталган жана билим берүүнүн төрт билим, компетенттүүлүк, сынчыл ойлоо жана чыгармачылык парадигмасы эске алынган.  Үчүнчү бөлүгүндө деӊгээлдик негизде билим берүүдө мугалимдин күндөлүк сабактарын кандай пландоосу тууралуу сөз болуу менен, сабакты типтерине жараша пландоонун үлгүлөрү сыноого коюлган. Ал эми,  төртүнчү бөлүктө жогоруда аталган үлгүлөр боюнча  Бишкек шаарынын №77 орто мектебинин мугалимдеринин  сыноо иштеринин жыйынтыгына ылайык даярдалган  сабакка даярдануу пландары сунушталган.

Мындагы идеялар жеке эле кыргыз тили, адабияты боюнча эмес, башка бардык предметтерди окуткан мугалимдер үчүн да методикалык үлгү катары колдонууга кызыгууну жаратпай койбойт.

Учурда С.Рысбаевдин бул «деңгээлдик билим берүү» аттуу жаңы технологиялары   социалдык тармакта да зор кызыгууну  жаратып,  талкуу жүрүп жатат.  Бул эмгек Кыргызстандын педагогика илиминде жана мектептерде балдарга татыктуу билим берүүдө, алардын билимин баалоодо жаңы багытка жана жаңы жылыштарга чоң көмөк берет деген ишеничтебиз.

М.Токторов,

«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер