ЖАңЫЛАНГАН ЖАТАК МЕКТЕП
- 13.12.2024
- 0
Билим уясы 1956-жылы Фрунзе шаарында айыл жергесиндеги таланттуу, шыктуу, жөндөмдүү балдарды окутуп-тарбиялоо максатында №1 мектеп-интернаты болуп ачылган. 1992-жылы “гимназия” статусу берилген. 2000-жылы билим берүү министри болуп 16 жылдан ашык иштеп, билим берүү тармагына эмгеги сиңген ишмер Абдылда Каниметовдун ысымы ыйгарылган. Ал эми 2023-жылы А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейи болуп кайрадан каттоодон өткөн. Жатак мектеп-лицейде окуган окуучуларга эң негизги шык бере турган бул – бүтүрүүчүлөрү.
Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров ушул куттуу уядан учкан карлыгачтардын бири катары былтыр 1-сентябрда мектебине барып, ал-абалы менен таанышкан. Учурда жатак мектеп-лицей талапка ылайык заманбап болуп өзгөрүп, жаңыланууда.
Окуучулар республиканын бардык аймактарынан келип, билим алышат. Жатак мектеп-лицейдин жашоо-турмушу окуучулардын 24 саат бою мугалимдердин, тарбиячылардын, түнкү тарбиячылардын, медайымдардын, ашпозчулардын көзөмөлүндө. Демек, окуучуларда бош убактылары көп. Ошондуктан мектеп-лицей статусун алуу максаты – бош убактыларын туура пайдалануу, келечектеги коом талап кылган кесипке багыт берүү болгон.
2023-жылдын апрель айындагы болуп өткөн окуялардан кийин эмгек жамаат толугу менен жаңыдан куралган. Талыкпаган эмгектин арты менен окуу-тарбия процессин бир мүнөткө да үзгүлтүккө учуратпай, окуучуларга билим берүүнү татыктуу улантып, 2023-2024-окуу жылын ийгиликтүү жыйынтыктай алды.
Жаңы жамаат балдарды окутуп тарбиялоодо кеңири мүмкүнчүлүгүн карап, окуу корпусуна, жатаканага, ашканага сыйымдуулугун анализдеп көрүп, бир чечимге келген. Мурдагы жылдары 400дөн ашык окуучу окуп келсе, мүмкүнчүлүккө жараша көбөйтүп, учурда 730дан ашык окуучу билим алууда. Анын ичинен 700дөн ашык бала жатып окуйт. Балдар үчүн негизги жашоо турмушун үйүндөгүдөй өткөрүү максатында бардык шарт каралган.Тамактануудан баштап, жуунуп тазаланып, ойноп, уктаган бөлмөлөрдүн бардыгы талапка ылайыктуу. Атап айтсак үч маал ысык тамагы, бир маал түштөн кийинки шам-шум этүү, жумасына бир жолу график менен мончого түшүү уюштурулуп, уктоочу жана сабакка даярдануучу бөлмөлөр таза, тыкан. Окуучулар түшкө чейин билим алуу менен алектенет. Ал эми түшкү тамактануудан кийин кошумча сабактарга, ийримдерге, секцияларга катышып, ар кандай маданий, таанып-билүүчүлүк иш-чаралар уюштурулат. Окуучулардын билим-тарбия алуу убактыларын алагды кылбоо максатында ар кандай шаан-шөкөт, ыр-бий кечелер коштолгон иш-чараларга тыюу салынган. Тескерисинче, илимий, балдардын билимин жогорулата турган иш-чараларга басым жасалууда. Бүгүнкү күндө мектепте жалпы 134 кызматкер эмгектенсе, алардын ичинен 46 мугалим, 37 тарбиячы, калгандары жардамчы тарбиячылар, ашпозчулар, кир жуучу машиналарды иштеткендер, короо шыпыргычтар, коопсуздук кызматкерлери, медайымдар, эсепчи, китепканачы.
-Жаңы куралган жамаат болгондуктан алгач мугалимдердин жана тарбиячылардын педагогикалык потенциалын көтөрүү зарылдыгы пайда болду. Биз азыркы учур педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүнөн көз каранды болуп тургандыгын эске алдык. Ошондуктан заманга шайкеш педагог болуу максатында ар бир мугалимге планшет сатып бердик. Бул санариптештирүү мезгилинде өтө зарыл. Санариптештирүү аркылуу окуучулардын жетишкендиктерин, күнүмдүк иштерин электрондук журналга киргизип турабыз. Ошондой эле бардык мугалимдердин педагогикалык дараметин жогорулатуу багытында толук курстан өткөрдүк. Мында мугалимдерди өзүнчө, тарбиячыларды өзүнчө окутуп, сабак өтүүнүн технологиялары, усулдары, компетенттүүлүк, ата-эне жана бала менен иштешүү, кесипке багыт берүү, өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн бардык педагогдордун квалификациясын жогорулата алдык. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институту, “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси ж.б. менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруудабыз. Биз мугалимдерге кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтүү боюнча талап койгонбуз, ошонун үстүндө жигердүү иш алып барып жатабыз. Ар бир эле мектепте “Усулдук бирикмелердин декадасы” салтка айланып калган иш-чара. Биз бул иш-чараны интеграциялап, мазмундуу жана жаңыча өткөрүүнү колго алдык. Сабактар интеграцияланып өтүлүп, ар бир предмет өз алдынча эмес, биргелешип сабактарды эффективдүү өтүп, эки мугалимдин бири-бирине болгон кызматташтыгы, усулдук тажрыйба алмашуусу кызуу жүрөт деген ишенимдебиз. Замандын талабына ылайык мугалимдер, тарбиячылар компотенттүү окуучуларды тарбиялоо негизги милдетибиз. Аны үчүн функционалдык, окурмандык, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулук багыттарга басым жасоо менен сабактарды өтүүгө аракет кылуудабыз. PISA – 2025 эл аралык программасына даярдануу да кызуу жүрүүдө. STEM билим берүү боюнча окууларды өткөрүү, алардын өзгөчөлүктөрүн ачып берүү, башка мугалимдерге жайылтуу, өз ара тажрыйба алмашуу практикалык сабактарды уюштуруу жолго коюлууда. Мындай аракеттер аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулата алабыз деген ишеним бар. Себеби 2023-жылы жаңы жамаат келгенде билим сапат 30% көрсөткүчтө болгон. Бул гимназия статусу бар мектеп үчүн төмөн көрсөткүч деп эсептеп, алдыбызга билим сапатын көтөрүү максаты коюлган, — дейт жатак мектеп-лицейдин директору Жыргалбек Курманбеков.
Билим берүү системасын реформалоо шартында 2024-2025-окуу жылында бардык статустагы билим берүү уюмдары бирдей Базистик окуу планына өткөнүнө байланыштуу жатак мектеп-лицейде дагы өзгөрүүлөр болду. Лицейлик компонент, тандоо, ийримдер боюнча кыскартуулар орун алды. Мисалы, лицей статусунда 16 ставка өлчөмүндө ийрим болсо, азыркы 1,25 ставка өлчөмүндө гана ийрим калды. Азыр бул ийрим мектеп компонентинин эсебине кетип, калганы шахмат, тогуз коргоол жана үн жаздырууга бөлүнгөн. Баса белгилеп кетүүчү жагдай 12 жылдык билим берүүгө өтүү учурдун, коомдун талабы экендиги эске алынууда. Бул ишти 2023-2024-окуу жылында статусту кайрадан каттоодон өткөрүп жатканда окуучуларга кесиптик багыт берүү эске алган. Атап айтсак, чач кыркуу, ашпозчу-кулинария, тигүүчү, автослесарь, автоэлектрик, айдоочулук иш, компьютердик программалоо, IT программалоо сыяктуу багыттар камтылып жатат. Окуучулардын 12 жылдык билим берүү системасына өткөндө зарыл багыттар экендиги эске алынган. Азыркы учурда бул боюнча окуучулар чач кыркуу, ашпозчулук менен алектене башташты. Бул жерде окуган балдар үчүн кошумча билим алууга толук мүмкүнчүлүктөр, шарт бар. Ал үчүн жатак мектеп-лицейде бардыгына ылайыктуу бөлмөлөр, айрым жабдуулар, тигүүчү машиналар, чач тарач боюнча эмеректер, ашпозчулук боюнча шаймандар, бөлмөлөр даяр.
Мындан тышкары, япон тили, англис тили, бий, хор, комуз, волейбол, футбол, каратэ, IT программалоо, көркөм өнөр, драмалык жана башка ийримдер иш жүргүзүп жатат. “Алтын түйүн” балдардын инженердик академиясы, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Экология, аймак таануу жана туризм борбору, “Кыргызстан балдары” шаардык окуучулардын чыгармачылык борбору менен тыгыз кызматташтыкта болуп келишет. Ошондой эле окуучулардын маданий-тарыхый жайларды таануу, коомдук жайларда өзүлөрүн алып жүрүү, дүйнөгө болгон көз караштарын кеңейтүү максатында музейлер, театрлар, кинотеатрлар менен да байланышып, окуучуларды байма-бай алып барышат. Акын-жазуучулар, манасчылар, белгилүү спортчулар, кинорежиссерлор ж.б. менен байма-бай жолугушуулар уюштурулуп турат. Мындайча айтканда, балдарды мекенчил болууга шыктандырып, келечекте коомго керектүү, татыктуу билим алышына, туура кесип тандоосуна ар тараптан аракет көрүлүүдө.
-Материалдык-техникалык базабыз акыркы бир жылда абдан чыңдалды. Эки компьютердик классыбыз толук кандуу жаңы компьютерлер, эмеректери менен жабдылды. 18 класска жаңы парталар, шкафтар алынды, 300дөн ашык окуучуга эки кабаттуу керебеттер алдык, 6 интерактивдүү панел, балдардын коопсуздугу үчүн 50 видеокамера орнотулуп, актовый залыбызга Ледэкран коюлду. Заманбап жабдуулар, эмеректер, тиричилик-техникалары менен камсыз болдук. Жигердүү эмгектенген жамааттын жана таланттуу окуучулардын аракетинин натыйжасында ар кандай кароо-сынактарда ийгиликтер жаралууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган республикалык “Мыкты окуучу-2024” кароо-сынагында Альбина Токтобекова жеңүүчү деп табылды. Республикалык “Жылдын мыкты мугалими – 2024” кароо-сынагында музыка мугалимибиз Өмүрбек
Абдуллаев райондо жогорку балл алып, шаардык этаптан 2-орунду камсыз кыла алды. Дене тарбия мугалими Бактияр Күреңкеев шаардык этаптан 1-орунду камсыздап, республикалык этапка жолдомо алды. “Манас таануу” интеллектуалдык таймашына жатак мектеп-лицейдин командасы катышып, республикалык этапка чейин жетишип, өзүлөрүнүн мыкты билим-тарбияга ээ экендиктерин көрсөтүштү. Спорт мелдештеринде окуучуларыбыз жеңиштерге жетишип келүүдө, — деди директор.
Жаңыланууга дилгир жатак мектеп-лицейинде эл аралык талаптарга ылайык заманбап спорт залы курулуп жатканы дагы кубандырат.
Кабыл Макешов,
“Кут Билим”
Комментарийлер