ЖАҢЫ СЫНАК ДА СЫНООДОН ӨТҮҮДӨ

  • 14.10.2022
  • 0

Мектеп деректирлерин тест аркылуу тандоонун экинчи айлампасы өттү. Буга байланыштуу Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялар улуттук борборунун жетектөөчү адиси Нургүл ОСМОНАЛИЕВА менен маек уюштурдук.

ЖАҢЫ СЫНАК ДА  СЫНООДОН ӨТҮҮДӨ

Мектеп деректирлерин тест аркылуу тандоонун экинчи айлампасы өттү. Буга байланыштуу Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялар улуттук борборунун жетектөөчү адиси Нургүл ОСМОНАЛИЕВА менен маек уюштурдук.

– Бул айлампа биринчисинен айырмаландыбы?

– Чүй облусундагы тестте босого упай топтогондордун катышы биринчи айлампадагыга салыштырмалуу жогору болду. Ош жана Жалал-Абад облустарында анча чоң айырмачылык байкалган жок. Биз анализ жасап, катышуучулар менен маек уюштуруп көрдүк. Чүйлүк талапкерлер биргелешип, методисттер да көмөктөшүп, тестке документтерин жакшыраак даярданууга жетишиптир. Ушул жагдайды башкалар да эске алса жакшы болор эле.

Суроолордун өзгөчөлүктөрүн, мазмунун билип, компьютерди колдонууга да үйрөнүп калышыптыр. Биринчисинде эң эле жөнөкөй иш-аракеттерди аткаруудан, мисалы, мыш менен команда берүүдөн кыйналгандар бар эле. Ошонун айынан убактысын да коротуп алышты окшойт.

– Жайында тест суроолорун которуп, редакциялаганга мен да катыштым эле. Ошондо айрым тесттердин сапаты стилдик, мазмундук, логикалык жактан начар экенин байкап, белгилеп бердим эле. Ошолор оңдолдубу?

– Ооба. Экинчи айлампада дагы бир катар карап чыгып, адистерге берип, көп жерлерин жакшырттык. 200гө жакын жаңы суроолорду коштук.ЖАҢЫ СЫНАК ДА  СЫНООДОН ӨТҮҮДӨ

– Биринчи айлампада кандай типтеги кемчиликтер кетирилгенин талдап көрдүңөрбү?

– Биринчи айлампада тийиштүү документтерди жибере албай, тестке жолдомо алуудан кыйналгандар көп болду. Мисалы, бир барагын жиберсе, экинчи барагын жибербей калгандар бар эле. Бул жагынан талапкерлер өздөрү үйрөнүп калышты, анткени радио, теледен маек берген катышуучулар ушундай маселелерди белгилеп жатышты. Ошондуктан азыркыда жолдомо ала албай калгандар аз болду. Эми Жобого да айрым өзгөртүүлөрдү киргизели деп жатабыз.

– Бир сунуш айтайын. Кээ бир мектептерде жетекчилердин династиясы пайда болду го. Деректир өзү кетсе, ордуна уулун, кызын же келинин отургузушка аракет кылышат. Буга азыркы тандоодо жетишкендер да болду. Ушундайга жол бербеш үчүн мурунку деректирге туугандык катышы барлар башка мектептердеги бош орундарга гана талапкер боло алат деш керек.

– Туура сунуш экен. Бирок бизге талапкердин кимдер менен тууган экендиги жөнүндө маалымат берилбейт. Эч кимисин көрбөйбүз. Эми муну Билим берүү жана илим министрлиги чечет.

– Деректир биринчи кезекте лидер болушу керек. Мүнөзү, темпераменти жагынан ар кандай мугалимдер менен иштешип, ич ара тирешүүлөрдү, чыр-чатактарды болтурбай, командасын бир максатка баштап, ынтымагын бекемдей билиши керек. Талапкерлердин ушул сапатын текшергенге тесттер аз болду окшойт менимче.

– Жок. Бирок дагы толуктайбыз, өркүндөтөбүз. Анткени биздин тестте этика, конфликтология боюнча суроолор көп. Министрликтин чечими менен Жобого талапкер башкаруучулук иште эки жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, мисалы, деректирдин окуу иштери боюнча орун басары, уюштуруучу, усулдук бирикменин башчысы ж.б. болсун деген сунуштар айтылып жатат.

– Экинчи айлампада тесттин жыйынтыгына макул болбой, апелляция жасагандар чыктыбы?

– Биринчисинде анча-мынча түшүнбөстүктөр болсо керек. Чындыгында техникалык жагдайлар гана каралышы мүмкүн. Бул айлампада талашып-тартышкандар болбоду. Анткени тесттен өздөрүнүн чыныгы деңгээлин көрүштү, сезишти. Протоколду эки нускада чыгарып, бирин талапкерге беребиз, анда кайсы суроолорго туура же ката жооп бергендиги даана көрсөтүлөт.

– Тесттердин туура жооптору айрым талапкерлерге алдын ала берилип калышы мүмкүн эмеспи?

– Тесттердин ачкычы эч кимге берилбейт, бул мүмкүн да эмес. Атүгүл биз өзүбүз, биздеги кызматкерлер, конкреттүү варианттарда кайсы суроолор болорун билбейбиз. Мисалы, сиз талапкер болуп келсеңиз, өздүк номуруңузду (ӨИН/ИНН) тересиз, анан сунушталган бир нече варианттан бирин компьютер рандом түрүндө тандап чыгарып беретЖАҢЫ СЫНАК ДА  СЫНООДОН ӨТҮҮДӨ

– Экзамендин белеттеринен алгандайбы?

– Ооба. Сиздин жаныңызда отурган башка талапкерге бөлөк суроолор рандом түрүндө берилет, б.а. бир вариант экинчи ирет кайталанбайт.

– Тесттерди жакшыртуу, эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн дагы кандай идеялар, сунуштар болуп жатат?

– Толуктоолор болот. Психологиядан суроолор көп. Негизи, тесттер беш топко бөлүнөт: педагогика, курактык психология, башкаруу боюнча компетенция, маалымат-компьютердик технологиялар, ченемдик-укуктук актылар. Ар түрдүү сунуштарды айткандар бар, биз баарын карап, кызыктууларын тизмелеп, биздин жобого туура келе турган эң алгылыктууларын пайдаланабыз.

БАШЧЫ ТАНДОО БОЮНЧА ОЙЛОР

Деректирлерди тест аркылуу тандоо министр кезинде Камила Шаршекеева Жалпы республикалык тестти киргизгендей чечкиндүү кадам болду. Бул жаңы иш ийгиликтүү болушу үчүн баарыбыз ойлонолу, сунуш айталы.

Жетекчи кол алдындагылардын ар биринин өзгөчөлүктөрүн жакшы билип, өзүнө атаандаш же душман сыяктуу болуп көрүнгөн мугалимдерди кепке келтирип, чоң максаттар үчүн биргелешип иштегенге кызыктыра билиши, “душманын” доско айланта алышы керек.

Башчылык кылууга умтулган күчтүү инсандарга бейформал лидер болуу мүмкүнчүлүгүн бериш керек. Мисалы, “сиз математиктердин лидерисиз, көч башысыз, биздин мектепти сиздей кесипкөй устаттар бүтүндөй республикага таанытат” деп көңүлүн көтөрүп, ийгиликке шыктандырса болот.

Тескерисинче, “сен чоң кезде мен акмак, мен чоң кезде сен акмак” дегендей мамиле болбошу керек. Андай башчылар кол алдындагылардын ойлорун түшүнбөйт, демилгесин колдобойт, сунуш айтса, сен мага акыл үйрөтпө, акылдуусунба деп чыртылдап турат. Жаңы муундагы лидерлер чыгышы керек. Мисалы, жамаат эки жаат болуп, “же булар, же биз калалы, чогуу иштебейбиз” деп эрегишип калса эмне кылуу керек?

Тест деректир болууга талапкерлердин жогорудагыдай маселелерди чечүүгө даярдыгын да текшерсе, жакшы болмок.

Тестти биринчи кезекте материалдык-техникалык шарты, кадрларынын деңгээли начар мектептерге жакшы деректирлерди тандоо үчүн колдонсо туура болор эле. Ошондой мектептерге жаңыдан дайындалган деректирге командасын жаңыртуу жагынан ыйгарым укук берилиши керек деп ойлойм.

Кыргыз мектептеринде, айрыкча айылдарда тууган-уруктар чогуу иштебей калбайт. Буга байланыштуу кызыкчылыктар кагылышып калганда эмне кылуу керек? Билими күчтүү, даярдыгы да мыкты кадрларды ким колдоп турушу керек?

Деректирлерди тандоодо кайсы суроо эмне үчүн берилип жатканын билбей эле жоопторду белгилей турган психологиялык тесттерди да кошуу керек.

Талапкер теориялык жактан баарын “5ке” билсе да, иш жүзүндө мугалимдер жамаатын жетектеп кеткенге даяр эмес болушу мүмкүн. Айдоочулук курсунда жол эрежелерин бүт бойдон жатка айтып берип, бирок машинени жакшы башкара албашы мүмкүн дегендей. Ошондуктан талапкер эч ойлонбой эле жооп берип, эмоционалдык маданиятын, психологиялык өзгөчөлүктөрүн кантип көрсөткөнүн өзү байкабагыдай атайын тесттерди колдонуу керек.

Тесттерге адамдар, балдар, ата-энелер менен тил табышуу боюнча иштелип чыккан кызыктуу кейстерди (талдоого сунушталуучу жагдай, окуяларды) да камтыса жакшы болор эле. Лейлектик Гапыр Мадаминовдун энелер мектебинин тажрыйбасынан да көп нерселерди алса болот. Мүнөзү, пейили, билими ар түрдүү болгон ата-энелер менен, жергиликтүү бийлик (айыл өкмөтү, айылдык кеңеш ж.б.) менен кызматташа билүү зарыл.

Деректирлерди тандоо, дайындоо, кийин аларды колдоп туруу – бул райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн милдети эмеспи. Кийинки баскычта же параллель түрдө эле рай/шаарББ башчыларын да тест аркылуу тандаш керек го? Балким, муну министрликтеги башкармалыктардын башчыларына карата да колдонсо болор?

Ырас, жетекчилер шайланбай эле дайындалып жатканы – бул демократиялык принциптен чегинүү. Бирок муну укук менен милдетти, эркиндик менен жоопкерчиликти теңдештирүү аркылуу чыныгы демократиялуу – мыйзам үстөмдүгү орногон коом куруу үчүн жасалган убактылуу чегинүү деп кабылдашыбыз керек.

Бөлүшүү

Комментарийлер