ЖАҢЫ СТАНДАРТ МАКСАТЫ — КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУУЧУ

  • 24.01.2018
  • 0

Билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты Өкмөт тарабынан кабыл алынып, ал 2014-жылы бекиген. Ал стандарт  билим берүүнүн  реформасын аныктаган негизги документтердин бири.  Анткени буга чейин окутуунун мазмунун аныктаганда билимге басым жасалса, эми азыр билимдин натыйжасына, окутуу процессинде балдар алган билимин турмушта колдоно алабы, т.а. жаңы предметтик стандарт окуучунун мектепте алган билимин иш жүзүндө пайдалана билүүгө багытталат. Мурда билим алып чыгып кете берсе, эми аны турмушта пайдаланганга үйрөнөт.  5-9-класстын предметтик стандарттары бекитилген, бирок мугалимдер даярдала элек. Ал эми башталгыч класстын мугалимдери жаңы стандарт боюнча окутуудан өтүштү. Эки жылдын ичинде 11789 адам, анын ичинен 11330 мугалим, калгандары – директорлордун орун басарлары жана рай/шаар билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери окутулду.

ЖАҢЫ СТАНДАРТ МАКСАТЫ - КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУУЧУ

Мира Мыкыева, стандарттарды алдыга жылдыруу боюнча адис:

— 1-4-, 5-9-, 10-11-класстардын предметтик стандарттарды — бирдиктүү методологиясын камсыз кылган компетенттүү-багытталган стандарттар.    Компеттенттүүлүк  – биз айтып жүргөн билим-билгичтик көндүмдөр ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга, биздин балдарыбыздын жашоо шартына пайдаланып кетүүсү, анын тааныш жана тааныш эмес кырдаалда алып кетүүсү.  Предметтик компетентүүлүктөр билим берүү натыйжаларынын топтому түрүндө айрым предметтердин материалдары менен аныкталат. Ошол топтомго ээ болуп, аны туура пайдаланганды билсе, үйрөнсө биз баланы турмушка, кесипке, эмгек рыногуна даярдыгын аныктасак, же болбосо ошону калыптандырсак өзүбүздүн максатыбызга   жеттик десек болот.

Бизде предметтик стандарттын модели түзүлгөн деп айтсак болот. Ал төрт бөлүмдөн турат:  1. Жалпы жоболор; 2.  Предметтин концепциясы; 3. Окутуудан күтүлүүчү натыйжалар жана баалоо; 4. Билим берүү процессине коюлуучу талаптар.

Окуу материалдын татаалдык деңгээли боюнча мазмундук тилкелерде бөлүштүрүлгөн (кесип өтүүчү сызыктар). Түйүндүү компетенттүүлүктөр менен  предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы бар.   Бул компетенттүүлүктөрдүн калыптанышынын үч деңгээлинде бөлүп көрсөтүлгөн. Окуу материалдарынын  мазмундук түзүмдөргө  жана  класстарга  күтүлүүчү натыйжалар боюнча   бөлүштүрүлгөн жана ар бир класска  деңгээлдер боюнча берилген. Ресурстук камсыздоого коюлуучу талаптар да аныкталган.

Бул предметтик стандарттарда бир нече талаптар коюулуп атат, окуу процессине, окуу ресурстарына, предметтик маалыматтарды түзүүдөгү структурасына, ошондой эле окуудагы күтүлүүчү натыйжаларга.

Жаңы предметтик стандарттын мурдагыдан өзгөчөлүктөрү – ар бир предметтик мазмундук  тилкелер (линия) белгиленген. Мазмундук тилке боюнча материалдар класстан класска жөнөкөйдөн татаалдашып кетет. Эң негизгиси – бул жаңы  предметтик стандарттарда   компетенттүүлүктүн негизинде түзүлгөндө, ар бир предметте ар бир предметтин өздүк компетенциялары, ошондой эле мамлекеттик стандартта негизги базалык компетенттүүлүктү да чечүүгө экөөнүн ортосундагы байланыштар да белгиленген. Компетенттүүлүктүн негизинде түзүлгөн стандарттардын дагы бир өзгөчөлүгү – күтүлүүчү натыйжанын деңгээлдери аныкталган. Бул үч деңгээл – репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү. Ар бир деңгээлге өзүнүн аныктамасы берилген. Күтүлүүчү натыйжанын дагы мазмундук тилкеге жараша ар бир класс, ар бир предмет боюнча бир нече предметтик компетенттүүлүккө негизделеген күтүлүүчү натыйжалар жазылган.

Былтыр жана быйыл окуу жылдын жарым жылында 5-6-класстын окуу китептери апробациядан өттү.  Республика боюнча 54 пилоттук мектеп апробацияга катышкан, апробациядан ошондой эле жаңы түзүлгөн окуу программалар, эксперименталдык окуу планда өттү.  5-6-класстын окуу китептеринин апробациясы предметтик стандарттар менен чогуу кеткендиктен, жаңы окуу план, программалар менен предметтик стандарт менен  окуу куралдары жаңы стандартты окуу процессинде кандай берүүгө же кандай окутканга үйрөтүп чыктык. Күтүлүүчү натыйжанын деңгээлдерин калыптандыруу боюнча апробацияга катышкан пилоттук мектептердин мугалимдери өзүнүн семинарларында окушту. Анда сабактарды ошол компетенттүүлүктөрдүн негизинде түзгөндү, ошол күтүлүүчү натыйжаларды кандайча калыптандырууну,   ар бир деңгээлдеги тапшырмаларды түзгөндү, мазмундук тилке боюнча сабакты пландаштыруу  окутулган.   Мугалимдерге атайын апробация күнүмдүк  күндөлүк түзүп бердик, күндөлүктү толтуруу боюнча окуулар жүргүзүлдү. Ал жерде апробацияга катышкан мугалимдер жаңы түзүлгөн  окуу куралдардын белгиленген критерийлер менен ар бир өтүлгөн тема боюнча анализ жүргүзгөн. Ошондой эле окуу куралдарын предметтик стандартка жана окуу программаларына дал келээрин  да баалап беришти. Ар бир сабакты пландаштырып жатканда предметтик стандарттагы берилген мазмундук тилке жана күтүлүүчү натыйжаларын эске алып максатын коюп иштешти.

Азыркы мезгилде апробациядан өткөн окуу куралдар экспертизадан өтүп, авторлорго бир нече сунуштамалар берилди жана оңдолуп жатат.  Жаңы окуу жылына даяр болгонго аракет көрүлүп жатат. 5-6-класстар окуу китеби, окуу программа, окуу стандарты менен толук камсыз болот.

ЖАҢЫ СТАНДАРТ МАКСАТЫ - КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУУЧУ

 

Аида Акматбекова,    №85 ЖББОМ башталгыч класстардын мугалими:  

ЖАҢЫ СТАНДАРТ МАКСАТЫ - КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУУЧУ

Акыркы он жылдыкта дүйнөдө жүрүп жаткан экономикалык жана социалдык турмуштагы ааламдык өзгөрүүлөр билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча чечимдерди талап кылат. Алар билим берүү  системасынын алдына жаңы максаттарды коюу, аларга жетишүү ыкмаларын жаңылоо жана оңдоп-түзөө зарылчылыгын пайда кылат, натыйжада башталгыч класс өз окуучуларын турмуштагы өзгөрүүлөргө даярдап аларга мобилдүүлүк, динамик, иштиктүүлүк сыяктуу сапаттарды өнүктүрүүгө тийиш. Башталгыч окутууда эки ыкманы салыштырып, алардын ар биринин өзгөчөлүктөрүн табуу.

Компетенттик билим берүүгө негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн жыйындысы катары алынат. Окутуунун натыйжасы катары Мамлекеттик стандарт негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандырууну аныктайт. Ал эми негизги компетенттүүлүк конкреттүү предметтердин мазмунуна түзүлсө, социалдык тажрыйбасына таянган билим берүү болуп саналат.  Жаңы стандартта инсанга багытталган окуу чөйрөсүн уюштурабыз. Окуучунун өз алдынча изденүүгө, өз алдынча ишке, өз алдынча ачылыштарга багыты  камсыз кылынат. Инсанга багытталган окууда мугалим билимдин булагы катары эмес, жетекчи фасилитатор катары болот.

Азим Женишбек уулу, №5 УКГнын мугалими:

  • Билим берүү жана илим министрлигинин “Башталгыч мектептер үчүн жаңы билим берүүнүн стандарттары” деген долбоорунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк банктын

каржылоосундагы 1-4-класстардын стандарттары боюнча окудук.  Стандарт негизи 2017-жылдын жаңы окуу жылынан баштап башталгыч класстардын этабында киргизилмек. Бирок кээ бир иштер толук бүтпөй калгандыктан, эми келе жаткан жаңы окуу жылында жаңы стандарт киргизилет.

Мурунку билим берүү стандартынан жаңы стандарттын негизги өзгөчөлүгү — мектептеги окуучуларга  билим берүүдө компетенттүүлүккө багытталат. Эгерде биз буга чейин балдарды билим берүү деген деңгээлде окутуп келген болсок, мындан ары башталгыч мектептерде окуучуларды компетенттүүлүккө карай окутуу негизги этап болуп эсептелинет. Азыркы стандарттын максаты — эгерде окуучу дүйнөгө чыкса, дүйнөнүн каалаган жеринде жашап кете тургандай, өз алдынча турмушун куруп, нанын таап кеткендей компетенттүүлүктөрдү калыптоо башталгыч класстын деңгээлинде башталат жана уюштурулат. Бул башталгыч класстын бардык предметтерине тиешелүү.

Мурда совет мезгилинде стереотип бар эле, билим берүү стандарты бул мугалимдер үчүн кол жеткис нерсе сыяктуу эле. Кандайдыр бир районодобу же мектептин директорунун кабинетинде турчу кол жеткис документтей сезилчү. Эми азыр билим берүүнүн стандарты ар бир мектепте башталгыч класс болобу, ортоңку класс болобу же жогорку классбы, айтор, стандарт ар бир мугалимдин колунда, күнүмдүк иш процессинде, өзүнүн жумушчу орунунда тура турган китеп катары, маанилүү документ катары түшүнүктөрдү калыптайт.

Кыргызстан боюнча жаңы стандарт 2017/2018-жаңы окуу жылынан башталып киргизилет. Билим берүү стандарты жалпы долбоор катары даярдалынып, эки жылдын ичинде, т.а. өткөн жылдын ноябрь айында жалпы республиканын бардык мугалимдери 11300дөн ашык мугалим жаңы стандарт боюнча жаңы билимге ээ болду. Бул деген сөз Кыргызстанда башталгыч класстардын мугалимдеринин 70% окууга камтылды десек болот.

Айнагүл Муканбетова, №85 жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстар мугалими:

ЖАҢЫ СТАНДАРТ МАКСАТЫ - КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУУЧУ

Өткөн жылдын жай мезгилинде жаңы стандарт боюнча жаңы билим алдык. Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты максаттарды, милдеттерди, ырааттуулукту жана баа берүүнүн негизги принциптерин билдирет, билим берүүнүн натыйжаларын белгилейт, аларга карата окуу ишке ашырылат жана билим берүү системасына баа берилет.

Билим берүү стандарттары аркылуу билим берүүнүн маңызын өзгөртүүнүн максаты болуп башталгыч мектептин окуучулары жигердүү, көп маданияттуулук, сабырдуулук, атуулдук эмгекти сүйүү, өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөмдүү, алынган билимдерин турмушунда колдоно билүү, коммуникативдүүлүк, демилгелүүлүк, билимге болгон кызыгуу жана өзүн-өзү өркүндөтүү сыяктуу сапаттарды калыптандыруучу жана камсыз кылуучу компетенттүүлүкө  ээ болушу саналат.

Бул ыкма окуучулардын маалыматка ээ болушун эмес, практикалык иште келип чыккан көйгөйлөрдү чече билишин жана иштик ыкмаларына ээ болушун биринчи орунга койгондугу  компетенттүү мамиленин өзгөчөлүгү болуп саналат. Өткөн жылдын жай мезгилинде жаңы стандарт боюнча жаңы билим алдык.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер