ЖАҢЫ ПРЕДМЕТ РУХИЙ ДҮЙНӨНҮ БАЙЫТАТ

  • 07.10.2022
  • 0

РЕДАКЦИЯДАН: Коомчулукка белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин «КРнын жалпы билим берүү уюмдарында «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында «Диндердин өнүгүү тарыхы» курсу боюнча Республикабыздын жалпы билим берүү уюмдарынын 7, 8, 9-класстары үчүн жаңы предметтик стандарт иштелип чыккан. Предметтик стандарт Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен жактырылган. Жаңы окуу жылынан баштап аталган предмет окутула баштады. Алгачкы окуу китебине коомчулукта ар түрдүү пикирлер болуп жаткандыктан, биз жаңы предметтин даярдалышы, мектептерде окутулушу туурасында аталган министрликтин Китеп басып чыгаруу секторунун башчысы Самат Тоялиевге кайрылып, төмөндөгү маалыматтарды алдык.

ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКСТЕРГА АЧЫК КОНКУРС ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

2022-жылдын 1-июлунда «Диндердин өнүгүү тарыхы» курсу боюнча 7-8-класстар үчүн окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгууга ачык конкурс жарыяланган. Конкурстун шарттарына ылайык «Диндердин өнүгүү тарыхы» курсу боюнча 7-8-класстар үчүн даяр окуу-усулдук комплекстер 2022-жылдын 1-декабрына чейин кабыл алынат. Жогорудагы Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 9-классы үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча окуу китеби (авторлор: Исмаилов Ш., Ибраев М., Доталиев А., Исаева Г., Кадырбердиев А., Мырзаибраимов С., Иминов А.) жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмо (автор: А. Доталиев) иштелип чыккан.

ЖАҢЫ ПРЕДМЕТ РУХИЙ ДҮЙНӨНҮ БАЙЫТАТ

ОКУУ КИТЕБИ ТАЛАПТАГЫДАЙ ЭКСПЕРТИЗАДАН ӨТКӨН

«Диндердин өнүгүү тарыхы» окуу китебине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» республикалык илимий-практикалык борбору тарабынан илимий, илимий-педагогикалык, дискриминацияга каршы жана гендердик, практика-педагогикалык экспертизалар жүргүзүлгөн. Экспертизалардын жыйынтыктары боюнча берилген сунуш-пикирлер эске алынып, авторлор тарабынан тийиштүү жумуштар жасалган жана окуу китебине карата жыйынтыктоочу эксперттик корутунду алынган. Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясынын 2022-жылдын 15-августундагы отурумунда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 9-классы үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» окуу китебине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи ыйгарылган.

МЕКТЕПТЕР КАМСЫЗ КЫЛЫНУУДА

Аталган окуу китебин жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмону көбөйтүп басып чыгарууга «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду колдоо көрсөтүүдө. 2022-2023-окуу жылына карата 9-класс үчүн жазылган «Диндердин өнүгүү тарыхы» окуу китеби 123 380 (анын ичинен кыргыз тилинде – 72 500, орус тилинде – 42 300, өзбек тилинде – 8300, тажик тилинде – 280) нускада, мугалимдер үчүн усулдук колдонмо 3 555 (анын ичинен кыргыз тилинде – 2 400, орус тилинде – 870, өзбек тилинде – 265, тажик тилинде – 20) нускада басылып, бардык мектептерге жеткирилет. Окуу китебинин жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмонун электрондук варианты жаңы окуу жылынын башында “Электрондук китепкана” (https://kitep.edu.gov.kg/kg) платформасына жайгаштырылган. Бүгүнкү күнгө карата окуу китебинин жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмонун кыргызчасы китеп түрүндө дээрлик бардык аймактарга жеткирилди.

ДИНИЙ САБАТТУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТАТ

«Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин негизги максаты – окуучуларда дүйнөлүк диндердин пайда болуу, өнүгүү жана иштөө тарыхы, алардын коомго тийгизген таасири жөнүндө билимдерди калыптандыруу; окуучуларга адеп-ахлактын, ыймандын, диндин адамдын жана коомдун жашоосундагы маанисин түшүндүрүү; окуучуларда диний конфессиялар аралык диалогду куруу жана адеп-ахлактык жактан өзүн-өзү өркүндөтүү, руханий жактан өзүн-өзү өнүктүрүү жөндөмдүүлүгүн жана ар түрдүү маданияттардын, улуттардын, ишенимдердин, социалдык топтордун өкүлдөрү менен позитивдүү өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу; окуучуларды радикалдашууга жана диний кагылышууларга каршы турууга даярдоо.

«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча окуу китеби окуучуларда диндин табияты, мазмуну, тарыхы жана социалдык функциясы тууралуу илимий негизделген көз караштарды, сабырдуулукту, дин тутунуудагы салттуулукту, руханий маданиятты жана адептүүлүктү калыптандырууга, ар кандай диний, деструктивдүү багыттардын жана агымдардын таасирин алдын алууга, окуучулардын динге ишенүү же ишенбөө эркиндигин жүзөгө ашырууга, көз караштарын, руханий баалуулуктарын эркин аныктоого, ошондой эле өсүп келе жаткан муундун арасында диний сабаттуулукту жогорулатууга көмөктөшөт.

ОКУУ КИТЕБИ СТАНДАРТКА, ОКУУ ПЛАНДАРЫНА ЫЛАЙЫК КЕЛЕТ

Окуу китеби «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, КРнын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген КРнын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген КРнын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу пландарына ылайык келет.

 

МУГАЛИМДЕР ТИЙИШТҮҮ ОКУУЛАРДАН ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын текшерүүсүнөн өткөн 2550 мугалим (анын ичинен 2394 — мугалим, 156 — теолог) «Диндердин өнүгүү тарыхы» окуу курсу боюнча тийиштүү окуулардан өттү. Окутуу оффлайн жана онлайн форматтарда жүргүзүлдү. Мугалимдерди окутууга министрликтин бюджетинен 11 млн. 352 миң сом бөлүнгөн.

МУГАЛИМДЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?…

 

ОКУУЧУЛАРДЫН КЫЗЫГУУСУ ЗОР

Э.Эргешов,

Бишкек шаарындагы “Мурас” менчик мектептин мугалими:

– Предметтин тили жеңил, дүйнөлүк диндердин негиздери тийиштүү материал жана көрсөтмөлөр менен толукталган. Өтүлгөн теманы бышыктоо үчүн берилген суроолор да жакшы түзүлгөн. Мындан сырткары предметтин темалары предметтин жылына бөлүнгөн саатына караганда аз. Бул болсо өз учурунда предметти окуткан мугалимге жеңилдик берет. Квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөн мугалимдер сабакты өтүүдө кыйынчылыктарга дуушар болбосун эске алуу менен мугалимдин өз ыктыярындагы сааттардын бөлүнүшүнө өзгөчө көңүл бурулган.

Бул предмет, албетте, долбоордук негизде түзүлдү, жыл өткөн сайын жакшырат жана толуктоолор киргизилет. Алгач дүйнөлүк диндердин негиздери тууралуу маалымат берилип, өлкөбүздө мүчөлөрү бар болгон буддизм жана христианчылык жана алардын негиздери тууралуу жалпы маалыматтын берилиши купулга толоорлук иш болгон. Андан ары ислам дини дүйнөлүк диндердин катарында жалпы маалыматка таяндырылып окутулат. Өзгөчөханафилик жана матуридилик тууралуу маалыматтын кеңири берилиши болсо бүгүнкү күндө өз күчүн дале болсо көрсөтүп келе жаткан жана бардык диндердей эле жогорку адеп ахлактуулуукка үндөгөн Ислам динин каралоого аракет кылган агымдар, деструктивдик топтор ошондой эле экстремисттик көз караштагы жамааттардын таасиринен окуучуларды коргоп калуу максатына ылайык деп айтууга болот. Китептин акыркы бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын мамлекет катары дин жана диндерге тийиштүу мамилеси чечмеленип берилген. Мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясаты, Конституция менен мыйзамдын негизинде жеткиликтүү айтылган. Бул предмет окуучуларга туура билим берүүгө негизделген, мамлекеттин саясатын ишке ашырууга жана мамлекеттин светтик өзгөчөлүгүн сактоого кепилдик бере алат. Окуучулардын предметке карата пикири азырынча жакшы, кызыгуусу да жогорку деңгээлде. Өздөрү билгиси келген ар бир маалыматты кошумча суроолорду берип үйрөнүп жатышат. Бул китепте эч бир диний көз карашка багыттоо байкалбайт. Маалыматтар нейтралдуу көз караш менен жазылган. Ошондуктан предметти окутууда эч кандай кыйынчылык көрө элекмин. Жыл аягында дагы өзгөртүлүшү керек болуп калган жерлер болсо, албетте, кайтарым байланышка чыгамын. Түшүндүрмө терминдер жеткиликтүү болбой калган деген ойдо болгон мугалимдер болсо авторлор менен түздөн түз байланыша алышат. Менде да суроолор пайда болсо авторлорго кайрыламын.

 

 БАЛдАРДЫН ЖАШ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮНӨ ЫЛАЙЫК ЖАЗЫЛГАН

Ч.Темирова,

З.Нурматова атындагы Жалал-Абаддагы кыздар лицейинин тарых мугалими:

– 9-кластар үчүн жазылган “Диндердин өнүгүү тарыхы “ окуу китеби окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык жазылып, жалпы дүйнөлүк диндердин тарыхы, окшоштугу, айырмачылыгы, дин тутунуудагы салттуулук, руханий баалуулуктар камтылган. Бул предметтин окуу программасына киргизилиши, китептин жазылышы учурдун талабы десем жаңылышпайм. Анткени учурдагы ааламдашуу процессинин доорунда окуучуларга ар кандай деструктивдик багыттардын жана агымдардын таасиринен алдын алууга багытталып, руханий баалуулуктар жөнүндө маалыматтар камтылган. Диндердин өнүгүү тарыхынан окуучулар диний ишенимдин өзгөчөлүктөрү, диний жана диний эмес түшүнүктөрдүн ортосундагы байланыштар,терроризм жана экстремизмдин коркунучтары, өлкөбүздөгү диний жана маданий бирикмелер менен мамлекеттин кызматташтыгы тууралуу базалык билимдерге ээ болот.

Учурда предмет окуучулар тарабынан кызуу жактырылуу менен кабыл алынып, предмет аркылуу окуучулар Мекенди сүйүүгө. Улуттук каада-салттарды урматтого, Кыргызстандын маданий мурастарын жана байлыктарын коргоого, жалпы адамзаттык баалуулуктарды сыйлоо менен адеп-ахлактуулукка тарбияланышууда.

КООМЧУЛУКТУН ПИКИРИ КАНДАЙ?

Социалдык тармактарда да бул предметтин мектепте окутулушун колдогондор да, каршы болгондор да тынбай пикирин айтышып, талашып-тартышып жаткандар андан көп. Биз алардын айрымдарына назар чуркаттык.

Аталган предметти өздөштүргөндөн кийин окуучулар дүйнөгө, коомго үй-бүлөгө, ар улуттун өкүлдөрүнө, ар кандай динди туткан адамдарга толеранттуу мамиле кылганды үйрөнөт, аңдап билет, ар кандай секталарга кирүүдөн баш тартат. Мунун пайдасы бар.

Айнагүл Бектемирова

Мен педагогмун. Азыр окуучу тургай студенттер дин эмне экенин, ишеним эмне экенин айырмалай албайт. Жаштар бул жагынан сабатсыз. Ошондуктан айрымдары молдолордун айтканын кылып фанат болуп алышкан. Отуз жылдан бери бул боштук толбой келди. Эми азабын тартуудабыз. Диндин тарыхын окутуу керек.

Бердигүл Темирбаев

Бетти даярдаган Майрамбек Токторов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер