ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНАН ТАРТЫП 8 АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ЧЕНЕМДИК БЮДЖЕТТИК КАРЖЫЛОО ИШКЕ КИРГИЗИЛЕТ

  • 25.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү системасын каржылоону реформалоо үчүн шарттарды түзүү иши башталды.

Ченемдик бюджеттик каржылоо ар бир билим алуучу стандарттуу сапаттагы жана көлөмдө билим берүү кызматын алууга кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган.

Реформалоонун стратегиялык милдеттери болуп каржылоо механизми аркылуу төмөнкүлөрдү камсыздоо саналат:

  • республиканын калкы үчүн орто кесиптик билим берүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн;
  • квалификациялуу жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистерди даярдоону камсыздоо үчүн керектүү каражаттарды бөлүп берүүнү;
  • финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо.

Алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн 1 студентке эсептөө менен каржылоонун бирдиктүү ченемдеринин жана финансылык, административдик автономия үчүн шарттарды түзүүнүн негизинде колледждерди бюджеттик каржылоонун өлчөмдөрүндөгү адилеттүү мамилеге негизделген комплекстүү мамиле калыптанууда.

«Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун менедждери Нурлан Атакановдун айтымында, 2012-2020-жылдары Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы менен билим берүү уюмдарын каржылоого багытталуучу каражаттарды натыйжалуу колдонууну камсыздоо үчүн билим берүүнүн бардык деңгээлин ченемдик каржылоого өткөрүү каралган.

«Билим берүүнү бюджеттик каржылоонун көлөмү өлкө боюнча эң чоң болгондугуна карабастан, каражаттарды бөлүштүрүү эмгек акы, тамак-аш ж.б. сыяктуу социалдык-маанилүү төлөмдөр боюнча мамлекеттин милдеттерин аткарууга багытталган, бюджеттик каржылоонун ченемдерин пилоттук түрдө ишке киргизүүнүн алкагында ишмердүүлүктүн натыйжалары менен байланыштыруу каралган. Бюджеттик каржылоонун чектелген шарттарында бюджеттик каржылоонун ченемдерин ишке киргизүү орто кесиптик билим берүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деди ал.

Бюджеттик каржылоонун ченемдерин пилоттоо Алдыңкы тажрыйба борборлоруна өзгөртүлүүчү Бишкек шаарында жана аймактарда жайгашкан 8 пилоттук колледжде жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер