ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ

  • 26.08.2021
  • 0

Мамархкурулуш агенттиги, республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Сауд ѳнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынан каржыланып жаткан билим берүү обьектилеринин курулушунун жүрүшү тууралуу пресс-тур өткөрдү.

Пресс-тур программасына ылайык, катышуучулар Чүй облусунун жаңы окуу жылына карата курулуш иштеринин жана билим берүү обьектилеринин даярдыгынын жүрүшү менен таанышышты.

Биринчи болуп, пресс-турдун катышуучулары  Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушунун бүткөрүлүшү менен таанышышты. Азыркы учурда объекттин курулуш даярдыгы 98% түзөт. Аталган объект 2019-жылдын октябр айында башталган. Анын долбоордук кубаттуулугу боюнча 375 окуучулук орунга эсептелген, сметалык наркысы 1 млн 526 миң 804 АКШ долларын түзүп, анын ичинен Сауд ѳнүктүрүү фондунан 1 007 993 АКШ доллары каржыланган. Белгилейсек,  мектеп жаңы форматта курулуда, анда окутуу үчүн бардык шарттарды камтыйт. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана,  спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия,  физика, информатика класстары болот.

Кийинки Бишкек шаарынын № 72 мектеп-гимназиясынын курлуш даярдыгы 95 % түзѳт. Бул жаңы кошумча окуу корпусу 225 окуучу орунга эсептелген. Объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин Бирдиктүү депозиттик счетунун эсебинен башталган. Анын сметалык наркысы 37 млн.2 миң сомду түзүп, баарысы каржыланган. Объект 2 окуу корпустан турат, анын жалпы аянты 1640,8м2 түзөт. Окуу корпустарында негизги класстардан тышкары профилдүү химия, биология, информатика, китепкана, лаборатория кабинеттери каралган. Учурда подряддык уюм тарабынан объекттеги курулуш жумуштары негизинен аягына чыгып, мектептин тегеретесинин көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери, эмеректерди орнотуу жумуштары жүргүзулүп жатат.

 Андан соң, Бишкек шаарындагы  профессор А.Молдокулов атындагы, №5 улуттук компьютердик гимназияга кошумча окуу корпусунун куруушу менен танышышты. Учурда мектептин даярдыгы 96 % түзѳт.  Бул билим берүү объектисинин курулушу өткөн жылдын январь айында Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынан башталган. Анын сметалык баасы 1 028 600 АКШ долларын түзүп, фонд тарабынан 646 187 АКШ доллары каржыланган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана,  спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия,  физика, информатика класстары каралган. Азыркы учурда подряддык уюм тарабынан аймакты көрктөндүрүүнү жана ишке киргизүү жумуштары аяктоодо.

 Пресс-турдун программасынын аягында Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясынын курулушу менен танышышты.  Жаңы мектеп 384 окуучу орунга эсептелген, анда 3-кабаттуу эки окуу корпусу, спорттук зал, актовый зал ашкана жана бардык профилдүү класстар каралган. Жалпы аянты 3495м2 түзөт. Сметалык наркысы 83 млн 546,9 миң сомду түзүп, Бирдиктүү депозиттик счеттун эсебинен каржыланып берилген. Учурда объекттин даярдыгы 99 % түзүп, подрядтык уюм тарабынан бардык курулуш жумуштары аягына чыгып калды.

Белгилей кетсек, республика боюнча Кыргыз Республикасынын Эгемедүүлүктүн 30-жылдын мааракесине жана 2021-2022-окуу жылына карата 32 билим берүү объектилерин тапшырууга пландаштырылган. Анын ичинен 15 мектеп толугу менен, 7 окуу корпусу, 1 спортук зал жана 9 бала бакча каралган. Учурда 4 мектеп менен 1 бала бакчасы пайдаланууга берилип, калган 27 объектилердин жумуштарды аткаруунун бекитилген графигине ылайык курулушун бүтүрүү жана ишке берүүсүү, окуу процесси башталганга чейин пландаштырылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер