ЖАҢЫ КЫРГЫЗ ЛАТЫН АЛФАВИТИ  СУНУШТАЛДЫ

  • 11.09.2019
  • 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде  кыргыз тилчилер, журналисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз латын алфавитинин» жаңы долбоорун талкуулашты. Долбоорду филология илимдеринин доктору, Анкара университетинин окутуучусу Гүлзура Жумакунова иштеп чыккан.

 

Кыргызстанда латын алфавитине өтүү эгемендик алган жылдардан бери көтөрүлүп келет. Акыркы жылдарда бул демилге кайрадан кызуу талкууга түшүп, өзгөчө дүйнөлөшүү мезгилинде латын тамгасына өтүү зарылдыгы көп айтыла баштады. Бул долбоор дагы улуттук тилдин бүтүн өзгөчөлүктөрүн чагылдыра турган жазууга ээ болуусун  максат кылат.

  • Кыргызстан азырынча айрым себептер менен латын алфавитине расмий түрдө өтпөй турганы менен, заманбап жаңычылык болгон бул кадамды бир күнү жасары бышык. Азыр деле дүйнөнүн ар тарабында жашап, иштеп жүргөн кыргыздар жана өсүп келаткан жаңы муун өз ара байланыштарында латын алфавитин жыш колдонууда. Долбоордо ошол колдонулуп жаткан жазуулардагы чаржайыттыктарды жоюу, аны белгилүү принциптер аркылуу жөнгө салып, болчок кыргыз латын алфавитин жайчылыкта кеңири чөйрөдө талкуулап, интернет ортомунда болсо да сыноодон ткөрүп алуу максаты көздөлдү. Долбоордун аты ошол себептен азырынча Инарип (интернет ортомундагы арип) деп аталды, — дейт Гүлзура Жумакунова.

90-жылдардан бери латын тамгасына өтүү боюнча демилге көтөрүп келе жаткан Тынчтыкбек Чоротегин эч ким кирилл жазмасына тыюу салбай турганын, бирок аны латын, араб алфавитинин кыргызча варианттарына шайкеш келтирүү абзел экенин, азыркы максат латын алфавитин тез арада тартипке салуу экендигин өз сөзүндө баса белгилеп, бул иш көп чыгымга учуратат деген пикирлерге кайчы пикирин билдирди.

  • Виртуалдык маселелерди тактоодо, мисалы, «Ж тамгасын мындай жазалы, Ч тамгасын мындай жазалы» деген чечимди кабыл алууда ага чака тыйын да кетпейт. Биз эң башында ушундай маселелерди чечип алышыбыз керек. Кыргыз өкмөтү алгач өзүнүн алфавитин тактап алса эле дүйнөдөгү кыргыздар кааласак да, каалабасак да эгемен мамлекетте тастыкталган тамга менен Интернет барактарын, китептерин чыгара баштайт. Алар бизден бир тыйын сурабайт, — дейт Т.Чоротегин.

Иш-чарага катышкандар долбоордун  тактай турган жактары бар экендигин, андыктан аны кенен чөйрөдө талкуулап, акырындап коомго тарата баштоо керектигин айтышты. Эл өкүлдөрү болсо аны колдоого аларын жана эч кандай  коркпостон ишке ашыра берүү керектигин кошумчалашты.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер