ЖАҢЫ ДООРДУН ЖАРЧЫСЫ

  • 10.04.2023
  • 0

ЖАҢЫ ДООРДУН ЖАРЧЫСЫ

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы “Мугалимдер газетасы”  улуу даанышман бабабыз Жусуп Баласагындын залкар чыгармасына уйкаш “Кут Билим” деп кайра аталып, башкы редактору болуп “Асабадан” чыккан таланттуу журналист Талант Конокбаев дайындалды. Ал эң биринчи кезекте гезитти “Ала-Тоо” басылмасынан бөлдүрүп алып, чарбалык-каржылык ишмердигин өз алдынча кылып уюштурду. Турсунбек Чынгышев башкарган өкмөткө чуркап жүрүп, 10 миллион сом (советтик акча) бөлдүртүп, редакциянын компьютердик борборун түздү. Жаңы компьютерлер алынып келип, компьютердик верстканы өзүбүз жасап, технологиялык жактан колубуз узарып калды.

Гезиттин алдында эгемен өлкөнүн билим берүү системасын уюштуруу жана өнүктүрүүнү маалыматтык камсыздоо милдети коюлду. Т. Конокбаев менен кошо редакцияга таланттуу журналисттердин  жаңы мууну келип кошулду. Мен өзүм Москва мамлекеттик университетин бүтүп келген 1992-жылы күзүндө баш редактордун өзүнүн сунушун кабыл алып, дароо эле гезиттин жооптуу катчысы болуп, өндүрүштүк ишти уюштуруу милдетин аткарып баштадым. Өзүм менен чогуу окуган калемдеш досум Уран Ботобековду чакырып, аны баш редактордун орун басары кылып дайындадык. Уран ошол учурдагы эң олуттуу саясий темаларга батыл киришип, кырдаалга таамай жиреген макалалары менен гезиттин деңгээлин көтөрүп салды.

ЖАҢЫ ДООРДУН ЖАРЧЫСЫ

Москвада “Акыйкат” коомунда чогуу иштешип, “Независимая газетага” макала жазып жүргөн коомдук активист жана илимпоз Кубанычбек Таабалдиевди, КМУнун тарых факультетин ийгиликтүү аяктап, Арабаев атындагы педуниверситетте проректор болуп иштеп жаткан Алмаз Кулматовду “Кут Билимге” чакырып алдык. Алардын жогорку интеллектуалдык кесипкөйлүк менен жазган аналитикасы окурмандар арасында кызыгуу жаратып, республикадагы коомдук-саясий турмуштун күн тартибин түзүүгө катыша баштадык.

Медиа тармагында топ жарып турган Арслан Капай уулу, Бакыт Орунбеков өңдүү калемдеш досторубуз, Мүсүркул Кабылбеков, Султан Жумагулов, Калык Ибраимов сыяктуу аттуу-баштуу устат журналисттер кызматташ колун сунуп,  улуттун басып өткөн жолун, учурдагы абалын ар кыл өңүттөн ачкан салабаттуу макалаларын жарыялап турушту.

“Кут Билим” мурдагы тармактык темалардын чегинен чыгып, жапайы капитализмдеги базардан баштап Ак үйдөгү ордо оюндарына чейин жазып, кайсы бир деңгээлде саясий аналитикалык басылмага айлана баштады. Керек болсо, кээ бир учурда геосаясий жана регионалдык деңгээлдеги окуяларга чейин кирише коюп жаттык. Гезитибизди мугалимдер, илимпоздор эле эмес, ошол учурдагы Ак үйдүн ичи-сыртындагы саясий элита, активисттер окуй баштады, окурмандардын саны арбыды. Бул гезитибиздин ошол учурдагы эркин маалымат майданында өзүнүн ордун табууга кылган өзүнчө бир аракети болду.

“1992-1993-жылдары эгемендүүлүктүн эйфориясы эңги-деңги сезимдерди козутканы менен, улуттук уңгубуз тууралуу кеп-сөздүн учугу уланып, кыйла нерселерге жаңы өңүттөн карай баштаган кез эле. Посткоммунисттик идеологиядан ыңкый арылып кетпесек да, короодо башкача алака-катыштар түзүлүп, коомдук аң-сезим тегирмендин барасынан өтүп жаткан. «Мугалимдер газетасынын» да аркалаган милдетин учурдун удулуна ылайык кеңири карап, «Кут Билим» атын которуу менен (күйөрманыбыз профессор Кусейин Исаевдин сунушу) жалпы интеллектуалдык маданиятыбызга жаңыча азык берер булак болсун деп тиледик. Жакшы-жаман деп баа бычуу башкалардын ишидир, арийне, маалымат майданында өзүнүн жүзү, өзгөчө темасы бар басылма жаратууга ошондогу жоон топ журналисттер шымалана киришкенибиз ырас. Андагы жаш реформатор министрибиз Чынара Жакыпованын ведомстволук басылмага болгон эркин мамилеси жана колдоосу чыгармачыл жамааттын дымагына дем берип, орчун маселелер боюнча олуттуу ойлорду көтөргөнгө түрткү болду. Кубат Чекиров, Уран Ботобеков, Бурул Сарыгулова, Алмаз Окин, Кубан Абдымен, Жылдыз Бугубаева, Мүсүркул Кабылбеков, Улан Эшматов, Султан Жумагулов, Калык Ибраимов, Советбек Байгазиев сыяктуу калемгер кесиптештеримдин жазгандары окурман чөйрөдө сөз болуп, кызык пикирлерди жаратып келгени жагымдуу эскерме. Күнүмдүк зарылдыгы айрыкча туюлуп турган укукту, экономикалык билимдин негиздерине кыйыр болсо да шыпаасы тиер деген ойдо ар кандай материалдарды уюштурдук. Султан Жумагуловдун «Жайма базардан жазган каттары» уу-дууга алынып, көптөгөн суроолордун көзүн ачкан эле. Ал үчүн тил уккан жайыбыз бар, мектепти коюп базарды жазасыңар де­ген. Мүмкүн, аша чапкан учурларыбыз дагы жок эместир. А бирок, окууну таштап, жабалактап базарга баш урган окуучулар менен мугалимдерге коңгуроо болсун, дурусу менен бурушун ажыратсын деген астейдил үмүттү сап кармасак керек. Дидактикага караганда, жандуу диалогдун, жашоо сабагынын артыкчылык кыларын ойлодук. Канткен күндө да гезит методикалык колдонмо эмес, билим берүүнүн саясатын сүрөгөн маалымат каражаты деп түшүндүк…”, — деп эскерет ошол учурду Талант Конокбаев.

ЖАҢЫ ДООРДУН ЖАРЧЫСЫ

Ошол эле убакта эгемендик доордун алгачкы жылдарында билим берүүнү уюштуруу, мугалимдердин жаңы шарттагы орду, милдети, социалдык абалы, мектептердин камсыз болушу, жаңы окуу китептерди чыгаруу, илимий потенциалды сактоо, рынок шартына ыңгайлашуу сыяктуу маселелер гезиттин күн тартибиндеги негизги темалардан болуп жатты. Улуттук педагогиканы эгемендиктин жолуна салуу жагынан чоң педагог окумуштуу жана публицист Советбек Байгазиев гезиттин ар бир санына макала жазып, чыгармачылык чоң кубаты менен редакциялык жигерибизди жиреп турду. Мектептер менен кесиптик окуу жайларындагы окуу процессин уюштуруу боюнча расмий чечимдер, жаңы окуу пландар, программалар, түшүндүрмөлөр, инструктивдик материалдар гезитибиз аркылуу мугалимдерге үзгүлтүксүз оперативдүү түрдө жетип жатты.

“Ооба, гезиттин заты, мындайча айтканда, мазмуну багыты, парадигмасы өзгөрдү. Анткени гезитке кайра куруу мезгилинде бөлөкчөрөөк билим-тарбия алып, демократиялык нукта жаңыча ойлонуу жолуна түшкөн журналисттердин жаңы мууну келген эле. Эгемендүүлүк учурунда «Кут Билим» чукулунан бурулуш жасап, турмушту изилдөө инструментарийин жаңылап, жаңы педагогикалык идеологиянын жарчысы боло алды”, — деп Советбек Байгазиев ошол учурга өзүнүн баасын берет.

“Басма сез каражаттары мугалимдин турмушунда зор роль ойнойт. Мугалим билимин, кругозорун, көз карашын тереңдетип, жаңыланып, өнүгүп туруш үчүн, илим билимдеги жаңылыкты үзбөй окуп турушу керек. Бул жагынан мурдагы «Мугалимдер газетасы», бүгүнкү «Кут Билим» агартуу айдыңында кыргыз педагогдоруна жол көрсөткөн маяк катары кызмат кылып келатат.

Ушу күнгө чейин гезит окумайынча тура албайм, почтого чуркап барып «Кутби­лимден» баштап башка басылмаларды да алып окуп чыгууга аракет кылам. Министрликтин ишмердигиндеги жаңы чечимдер, талаптар, документтерди, билим берүүнүн жаңы ыкмаларын, технологияларын, методикалык иштелмелерди жарыялоо менен «Кут Билим» мугалимдердин колун узартып, адистик чеберчилигин жогорулатууга салмактуу салым кошуп жатат”, — деп ошол жылдары Кыргыз эл мугалими Аман Сманбаев ишибизге жогору баасын берген эле.

1996-жылы Талант Конокбаев Жогорку Кеңешке жооптуу кызматка көтөрүлүп, анын ордуна ошол учурдагы Билим берүү жана илим министри Аскар Какеев мага ишеним көрсөтүп, баш редактор кылып дайындады.

Аскар Какеев өзүнөн мурдагы министрлердей болуп гезиттин ишинен четте турбай, өзү кошо билек түрүп, улуттук философиянын маселелери, Нурмолдо, Молдо Нияз сыяктуу совет доорунда репрессиянын басымына түшүп, унутта калган тарыхый инсандардын тагдыр-таржымалын изилдеп, макала жазып гезитке берип жатты.

Ошол убакта жаңы торолуп келаткан эгемен өлкөнүн казынасында каражат каат болуп, мугалимдер эки-үч айлап айлык албагандыктан, гезитке жазыла албай, акчабыз жетишпей, кагаз менен басмакана акысын төлөй албай кыйнала баштадык. Ошондо Аскар Какеев экөөбүз кеңешип туруп, Даниянын “Данида” өнүгүү агенттигине кат жазып, кагаз сатып алууга жардам сурадык. “Данида” маселени ыкчам карап, оң чечип, сегиз тонна жалтыраган фин өндүрүшүндөгү кагазды жөнөттү. Ошол жардамдын мааниси чоң болду, эки жыл кагаздан кам санабай, үзгүлтүксүз гезит чыгарып, финансылык абалыбызды оңдоп алганга бекем өбөлгө болду.

Ушул мезгил аралыгында “Кут Билимден” көптөгөн таланттуу таанымал журналисттер өсүп чыгып, азыр алар Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөгө чейин иштеп кетишти. Уран Ботобеков АКШда, Улан Эшматов Прагада “Азаттыкта”, ал эми Бурул Сарыгулова “Азаттыкта”, Кубан Таабалдиев көп жыл улуттук “Кабар” маалымат агенттигин
башкарды.

ЖАҢЫ ДООРДУН ЖАРЧЫСЫ

Гезиттин менеджментин заманбап уюштурууда, анын финансылык-чарбалык ишин эффективдүү алып кетүүгө мага экономикалык иштер боюнча орун басар болуп келген кесипкөй финансист Мелис Сулаймановдун эмгеги чоң. Гезитке жазылуу, сатуу иштери жолго коюлуп, журналисттердин ишине, чыгармачылыкка концентрация кылууга көбүрөөк убактым болуп калды.

1999-жылы “Кут Билимдин” атайын усулдук басылмасы “Кут Билим Сабак” тиркемесин айына бир жолу чыгара баштадык. Анда алдыңкы мугалимдердин эң мыкты сабактарынын иштелмелери, усулдук сунуштар жана окуу-процессин уюштуруудагы инструктивдик материалдар жарык көрүп, педагогдордун эң жакын кесиптик кеңешчиси болуп калды.

2000-жылдардын башында командабызга кесипкөй журналисттер Майрамбек Токторов, Айна Кашыбаева келип кошулду. Ошол эле учурда калеми курч адабиятчы Жолдош Турдубаев, мектепте мугалим болуп иштеген Гүлнара Алыбаева, Кыргыз Билим берүү академиясынан педагог-илимпоз Алымжан Масаев, БГУдагы алдыңкы окутуучу Рита Тынаева арабызга кошулуп, чыгармачылык чоң жигер менен иштеп, “Кут Билимдин” интеллектуалдык потенциалын байытып, өздөрү да окурман журтуна таанылды.

“Кут Билимдин” 50 жылдыгы белгиленген 2003-жылы гезиттин Интернеттеги веб сайтын ачтык. Ошону менен гезитибиздин электрондук өмүрү башталды. Бара-бара социалдык тармактарга баракчабыз ачылып, гезит контентин басма түрүндө эле эмес, мультимедиа түрүндө таратууга биринчилерден болуп өттүк.

“Кут Билим” гезити эң башынан эле өлкөбүздөгү билим-илим ишмерлери менен тыгыз байланышта иштеп келатат. Жалпы кыргыз журтуна таанымал академиктер Үсөн Асанов, Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев, Бектемир Мурзубраимов, педагогиканын белдүү окумуштуулары Абакир Мамытов, Советбек Байгазиев, Кыргызбай Добаев, Сулайман Рысбаев, Алмаз Токтомаметов, Дүйшөн Шаматов, кесиптик билим берүүнүн устаттары Абдылда Мусаев, Төлөбек Кадыралиев, Рысбек Нургазиев, Ишенгүл Болжурова, Тилектеш Ишемкулов, Зайнидин Курманов, Төлөбек Абдракманов, Шаршенбек Алиев, Улан Биримкулов, Каныбек Осмоналиев жана башка көп сандаган окумуштуу агай-эжейлердин аттарын сыймыктануу менен атай аламын.

Айрыкча академик Үсөн Асанов Жогорку аттестациялык комиссияны башкарып турганда кызматташтыгыбыз абдан үзүрлүү болгонуна өзүнчө токтоло кетпесем болбойт. Илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо саясатынын бардык күңгөй-тескейин гезитибизде байма-бай ар кыл өңүтүнөн чагылдырып турдук. Доктордук, кандидаттык диссертация коргогондор милдеттүү түрдө “Кут Билимге” жарыя бериши эреже болуп бекип калган эле.
Ү.Асанов агай өзү да шымалана макалаларды жазып, интервью берип, ЖАКтын жыйындарына калтырбай чакырып, анын чечимдерин кеңири пропаганда кылып турдук. Агай өзү текшерүүдөн кармалып калган плагиаттардын ишин бизге кабарлап, аларды ашкерелеген сын макалалар гезитке чыгып калганда кубанып окуп, кайра телефон чалып сүйлөшүп пикирлешкенди жакшы
көрчү.

Жогоруда сөз болгон Кыргыз эл мугалими, кыргыз педагогикасынын тирүү легендасы Бектур Исаков менен көп жылдан бери активдүү кызматташтыкты кармап келатабыз. Анын “Манас таануу”, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, улуттук педагогиканын актуалдуу маселелери боюнча ондогон илимий-усулдук макалаларын эң биринчи “Кут Билимге” жарыялап, окурман журтуна жеткиргенибиз үчүн өтө курсантпыз.

Ошондой эле Кыргыз эл мугалимдери Исак Бекбоев, Асан Заркунов, Кусеин Исаев, Султан Мамбеткалиев, Бекмурза Батыркуловдун убагында гезитте жарык көргөн педагогикалык акыл-ой калчаган макалалары жалпы билим казынабызды байытууга өзүнчө бир омоктуу салым болуп калды.

Мектептик билим берүүнүн терориясы менен практикасын жеткилең билген баш калаадагы алдыңкы педагогдор Мурат Касмалиев, Мариям Ашимова, Аида Давлетова, Ак-Талаа районундагы Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Айна Осмонова, Лейлек районундагы алдыңкы мугалим Тайыр Ашырбай ж.б. биз менен активдүү коммуникация жүргүзүп, гезит бетинде байма-бай чыгып жаткан чыгаан авторлордон болуп саналат.

Азыркы убакта Кыргыз эл мугалими Орозали Сайдилкановдун улуттук билим берүүнүн көйгөйлөрүн көзгө сайып көрсөткөн сунуштары гезитибизде өзүнчө бир чоң талкуунун чордонунда турат.

2022-жыл гезитибиз үчүн структуралык реформалардын жылы болуп калды. “Эл агартуу” жана “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналдарын өзүбүзгө кошуп, чоңоюп “Кут Билим” медиа борборун түздүк. Педагогикалык басылмалар бирдиктүү редакциялык жана чарбалык саясат жүргүзүүгө өтүп, чыгармачылык-интеллектуалдык потенциалыбызды бириктирдик.

“Кут Билимде” көп жыл иштеп такшалган кесипкөй журналист Майрамбек Токторовго гезиттин баш редакторунун, илимдин кандидаты даражасына ээ болгон кесиптешибиз Чолпон Кийизбаевага “Эл агартуу” журналынын баш редакторунун тизгинин карматтык. “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналында Л.Шейман баштаган агартуу иштерин анын өзүнүн шакирти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжигит Сооронкулов ырааттуу улантууда.

“Кут Билимдеги” устат журналисттер Алымжан Масаев, Жолдош Турдубаев, Гүлнара Алыбаева,
Айнагүл Кашыбаева көп жылдан бери чоң чыгармачылык жигер менен иштеп, ар кандай кесиптик конкурстардын лауреаты болуп, элге таанылып, коомчулуктан урмат-сый көрүүдө. “Кут Билимде” отуз жылга жакын иштеген, орус тилиндеги макалаларды жазган журналист кызыбыз Айнура Каниметованын өмүрү кыска болуп калганына ичибиз кайышат. Пандемия убагында таланттуу журналист кызыбызды шум ажал колубуздан жулуп кетти. Анын ордуна Казармандан мектепте көп жыл иштеген тажрыйбалуу орус тилчи мугалим Айнура Асаналиева келип, орусча контентти жазып таратуу ишин колго алды.

Дагы бир таланттуу кызыбыз Наргиза Жумакунованын 2018-жылы Дача-Судагы үрөй учурган кырсыкта үй-бүлөсү менен көз жумушу баарыбыз үчүн оор жоготуу болуп калды.

Редакция соңку жылы Нурсейит, Айгерим, Фархат сыяктуу жалындап күйгөн жаңы муундагы жаш журналисттер менен толукталды.

Биздин редакцияда гезит жасалгасын аткарып, иштеп кеткен Анипа, Мейиз, Анара сыяктуу кызматкерлерибиздин ак ниет иштерин жогору баалайбыз.

ЖАҢЫ ДООРДУН ЖАРЧЫСЫ

Маалымат концентрациясы социалдык медиага көчүп, санарип технологиялары дүркүрөп өнүккөн бүгүнкү заманда жаңы медианын темпинен артта калбай, жогорку кесипкөйлүк стандарттары менен өнүгүү керек болууда. Ошондуктан тарыхый эки доордун күбөсү болуп, өлкөнүн интеллектуалдык көрөңгөсүн сактап келаткан, улуттук педагогиканын, нарк-дөөлөттөрдүн, куттуу билимдин казынасы болгон педагогикалык басылмалардын азыркы учурдагы башкы милдетин демократиялык жана гуманисттик багытта өнүккөн билимгөй өлкөнү курууга көмөктөш болуу деп билебиз.

Кубатбек Чекиров, “Кут Билим” медиа борборунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер