ЖАҢЫ ДООРДУН ЗАМАНБАП КӨНДҮМДӨРҮ

  • 01.02.2024
  • 0

ЖАҢЫ ДООРДУН ЗАМАНБАП КӨНДҮМДӨРҮ

Жашыл Көндүм Түшүнүгүн Кантип Калыптандырса Болот?

Жашыл көндүм –  бул жаратылыш ресурстарын үнөмдүү колдонгон коомдо жашоо, аны өнүктүрүү жана колдоо үчүн зарыл болгон билим, жөндөм, баалуулуктар жана мамилелер,  ага карата жаш муундардын түшүнүгүн, аң-сезимин өстүрүү.

Кылым  сересинен көз чаптырганда, дүйнө жүзүндө жаратылыш ресурстарынын запасынын азайышы,  экологиялык кризис — келечек муундар үчүн көйгөй жаратуусу ыктымал. Бирок, бул маселе калктын чектелүү гана чөйрөсүндө  актуалдуу козголуп,  калктын калың катмарына  таасир эте элек. Ал үчүн ар бир жаран мамлекет алдындагы милдетин терең сезип, жаратылышка, айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоосу абзел.

Эске сала кетчү жагдай, Кыргыз Республикасында жашыл экономика боюнча өзүнчө концепция бар. Ал КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 532 токтому менен бекитилген. Анда айлана-чөйрөнүн жана элдин ден соолугунун азыркы абалы, жаратылыш ресурстарынын кескин азайышы, жер кыртышынын, абанын бузулушу ж.б. багыттар айтылган. Жалпы коомчулуктун жаратылышка, айлана-чөйрөгө болгон мамилесин жакшыртуу маселеси да каралган. Ошондой эле 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыккан. Анда табигый экосистемаларды сактап калуу жана климаттык туруктуу өнүгүүгө жетишүү,  жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонуу зарылчылдыгы  баса белгиленген. Бизде Германия эл аралык кызматташтык коому менен биргеликте “Туруктуу өнүгүү –2030” программасы, анын 17 максаты   эл аралык алкактарын эске алуу менен билим берүүдө олуттуу иш-аракеттерди жүргүзүп келе жатат. 2023-жылга карата КР Улуттук статистикалык комитети билдиргендей, туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча Кыргыз Республикасы изилденген 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээлеген, ал эми Борбордук Азия өлкөлөрү ичинен алдыда экендиги айтылган.

Жашыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүдө 3R принцибин колдонууну ишке ашыруу Reduce (керектөөнү азайт), Reuse (кайталап пайдалан), Recycle (кайра иштет) жана  жаратылыш менен түздөн-түз байланышуу (экосабактар, экокласстар, экомектептер, экологиялык лагерлер) аркылуу айлана-чөйрөнү изилдөө менен  мектепке чейинки, мектеп жана башка билим берүү мекемелеринде экологиялык билимдердин негиздеринин курстарын киргизүү зарыл.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун: «Жаратылыш биз үчүн укуксуз жана үн-сөзсүз кул, бирок эртеби же кечпи ал кул башын көтөрөт, андыктан ал өз өлүмү аркылуу баш көтөргөндүктөн биз, жаратылыш булгоочулары, өлүккө айланган жер үстү менен көк асмандын ортосунда тентийбиз, бирок анда кеч болуп калат…» деген сөзү терең  ойлондурат. Өтүлүп жаткан иш-чараларда тең салмактуулукка жетишүү үчүн билим берүү мекемелеринде экологиялык тарбия берүүнү жана билим берүүнү илгерилетүү  милдети коюлууда. Бул өлкөнүн жаратылыш-ресурстук потенциалын сактоо үчүн жоопкерчиликти түшүнгөн, позитивдүү экологиялык көз караштагы жарандардын муунун калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Турмушта болуп жаткан өзгөрүүлөрдү балдардын аң-сезимине жеткирүү көйгөйү да жаралууда. Ага азыркы жашоодогу жеңилдиктер, балдардын эмгектен алысташы, жеңил ойлуулук менен жашоого көз караштары мисал болот. Алгач балдардын акыл тарбиясын өнүктүрүп, анан жашоонун көйгөйлөрүн түшүндүрүү зарыл.  Акыл тарбиясы– өсүп келе жаткан муунду жашоого, эмгекке даярдоонун эң маанилүү талабы.  Аларга акыл ишмердиктерине кызыктыруу,  аң  — сезимин өстүрүү, таанып-билүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу жана аларды практика жүзүндө колдонушуна көмөктөшүү зарыл. Улам жаңыланып  турган коомдо  балдар жогорудагы акыл тарбиясынын негизинде жаңыланууну, глобалдык өзгөрүүлөрдү кабыл алуусу абзел.  Айлана-чөйрөнү коргоо иш-аракеттеринин баалуулугу жана зарылдыгы коомдук аң-сезимде, экономикада жана бизнесте алдыңкы планга чыккан сайын, туруктуулук жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү менен байланышкан тармактарда иштөө жөндөмүнө ээ адистерге муктаждык күчөйт. Кандай билим албайлы, жашоого ылайыкташып кете алган көндүмдөргө ээ болуу бүгүнкү күндүн талабы.  Функционалдуу сабаттуу жаштар менен коомду толуктоо зарылчылыгы – учур талабы.  Жашыл технологияларды жана процесстерди кесиптик ишмердүүлүктө натыйжалуу пайдаланган адистерге талап күч.  Техникалык билим жана көндүмдөр, жумушта жана жашоодо экологиялык жактан туруктуу чечимдерди кабыл алууга көмөктөшүүчү бир катар билимдерге, баалуулуктарга жана мамилелерге таянган универсалдуу көндүмдөр кирет.

ЖАҢЫ ДООРДУН ЗАМАНБАП КӨНДҮМДӨРҮ

Универсалдуу Көндүм – Кесиптик  Ишмердүүлүктүн  Сапаты

21-кылымдын универсалдуу көндүмдөрү — бул кесиптик ишмердүүлүктүн дээрлик бардык тармактарында ийгилик жаратуучу  сапат.  Универсалдуу көндүмдөргө критикалык ой жүгүртүү, чыгармачылык, үйрөнүү,  көңүлдү топтоо жана башкаруу, кызматташуу,  командада иштөө,  көйгөйлөрдү чечүү жана белгисиздикте чечим кабыл алуу,  ийкемдүүлүк, адаптация, туруктуулук, эмпатия, аналитикалык ой жүгүртүү, чыгармачылык, көйгөйлөрдү чече билүү ж.б. кирет.

Адаптация — стресске жана терс эмоцияларга дуушар болбостон, жаңы же өзгөргөн шарттарга тез көнүү жөндөмү катары аныкталат. Жумуш берүүчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү социалдык, технологиялык өзгөрүүлөрдүн таасири астындагы адаптация кызматкерлердин эң баалуу көндүмдөрүнүн бири деп эсептешет. Андан тышкары, эксперттердин айтымында, адаптация, жок дегенде, жакынкы 10 жылда актуалдуулугун жоготпойт.

Туруктуулук — бул ийгиликсиздиктерге жана көңүл калууларга туш болгондо максаттарга жетүүгө түрткү берүүчү эмоцияны башкаруу чеберчилиги. Ар бирибиз мезгил-мезгили менен ушундай кырдаалдар жана тажрыйбалар менен күрөшөбүз, мисалы, сиз аябай даярданган экзамендеги баа сиз күткөндөн төмөн болуп калганда же спорттук мелдеште атаандаш команда жеңишке жеткенде эмоцияларды башкара билүү.

Албетте, ушул жана башка көптөгөн окшош же андан да олуттуу жагдайлар бизди капа кылбай кое албайт. Бирок  биз стресстен арылууну жана сабырдуу болууну, эмне үчүн туура эмес болгонун ойлонуп, өзүбүздү жана башкаларды кубаттоого аракет кылсак, анда биз күчтүү жана тажрыйбалуу боло алабыз. Баарынан маанилүүсү, тажрыйба топтоого, өзүңүздү жакшыраак таанып-билүүгө,  кыйынчылыктарды жана тобокелдиктерди эске алуу менен жаңы мүмкүнчүлүктөргө, максаттарга жетүүгө жардам берет.

Эмпатия — башка адамдын сезимдерин таанып билүү, алардын ички абалын түшүнүү. Биз адамдарда эмпатия сапатын өнүктүрө алсак, көйгөйлөрдү чечүүдө бир топ жеңилдиктер жаралат.

Көйгөйлөрдү чечүү чеберчилиги — бул оор кырдаалда чечимдерди табуу же болбосо, көбүнчө аналитикалык ой жүгүртүүнү колдонуп, оригиналдуу ыкманы ойлоп табуу. Көйгөйлөрдү чечүү — бул эң маанилүү көндүмдөрдүн бири, анткени аны ар кандай кырдаалда колдонсо болот. Көйгөйлөрдү чечүүгө таптакыр башкача мамиле жасоого болот, анткени биз чечип жаткан көйгөйлөр такыр башкача: жөнөкөй жана татаал, кайталануучу жана уникалдуу болушу мүмкүн. Ошондуктан эң алды көйгөйдү аныктап алабыз. Маселе эмнеде? Кимге тиешелүү экенин жана эмнени чечүү керектигин түшүнөбүз, текшеребиз. Мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат чогултууга аракет кылуу,  себептерин түшүнүү керек. Альтернативдүү чечимдерди издөөгө жана талдоого, маселени ар тараптан кароого үйрөтүү парз.

Чыгармачылык менен жаңы идеяларды жаратуу үчүн фантазияны колдонуу керек деп түшүндүрүлөт. Бул  көндүм көптөгөн турмуштук,  кесиптик кырдаалдарда көйгөйлөрдү чечүүнүн маанилүү компоненти болуп саналат. Бул көндүм тандалган кишилерге гана тиешелүү деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек.  Себеби ар бирибиздин чыгармачылыгыбыз бар. Аны кааласак толук да көрсөтө алабыз. Биз жөн гана чыгармачылык жөнүндө көбүрөөк билип, аны көп колдонушубуз керек.

Коомдо ушул сыяктуу түшүнүктөр пайдаланылып жатса, функционалдуу сабаттуу жана жашыл көндүм ээлеринин көбөйгөндүгүнөн кабар берет.

Назира  САГЫНБАЕВА,

 Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун билим берүүнүн менеджменти кафердасынын ага  окутуучусу.

Бөлүшүү

Комментарийлер