ЖҮРӨКТӨН ЖҮРӨККӨ

  • 31.05.2022
  • 0

Бүгүн 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек мамлекеттик университетинде “Жакшылык кылууга ишенсең, аны ишке ашыра башта” деген ураан алдында  иш-чара болуп өттү.

ЖҮРӨКТӨН ЖҮРӨККӨУниверситетте жетим жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Инклюзивдүү билим берүү стипендиялык программасы жана “Азыр жана бул жерде” аттуу ыкчам психологиялык жардам берүү уюштурулган. БМУнун жетекчилигинин демилгеси менен 10 миң сомдон 10 стипендия “Жүрөктөн жүрөккө” деген ураан алдында даярдалган. Стипендия реабилитациялык мекемелерде жана интернаттарда тарбияланып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жетим балдарга Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жыл сайын берилип турат.

“Азыр жана бул жерде” аттуу ыкчам психологиялык жардам берүүчү борбор БМУнун социалдык-психологиялык факультетинин базасында ыкчам линия боюнча кабардар болуп туруу үчүн жардамга муктаж болгондорго психологиялык көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.

ЖҮРӨКТӨН ЖҮРӨККӨБул уюштурулган иш-чараларда “Инклюзивдүү Кыргызстан” акциясы маданий-билим берүү аянтчада расмий жарыяланды. Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын балдар укугу боюнча кызматкери А. Чыныбаев, ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм, ошондой эле коомдук кайрымдуулук уюмдарынын  өкүлдөрү катышты. Майрамда 200дөй ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөр конок болушту.

Акциянын максаты инклюзивдүү маданиятты калыптандыруунун маанилүүлүгүнө, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бирдей шарт түзүп берүүгө жана билим берүүдө аларга жардам көрсөтүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

ЖҮРӨКТӨН ЖҮРӨККӨ““Инклюзивдүү Кыргызстан” маданий-билим берүү акциясы “Жакшылык кылууга ишенсең, аны ишке ашыра башта” урааны алдында жөн жерден өтүп жаткан жок. Тактап айтканда, балдарды коргоо күнү балдардын көнүмүш майрамы катары эмес, ал ар бир жолу коомчулукту, боорукерлик кылууга, биздин балдарга мээримдүү болууга чакырык болуп саналат. Балдар – коомубуздун аяр бөлүгү, ал эми чоң адамдардын милдети балдар бактылуу, дени сак, көңүлү куунак болуу менен жакшы тарбия, билим алып, мыкты ата-эне жана өлкөбүздүн татыктуу атуулу болушу керек”, — деди БМУнун ректору А. Мусаев өз  сөзүндө.

БМУ — социалдык кызматтарды даярдоонун борбору болуп саналат. Балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү анын негизги милдеттеринин бири.

БМУ жыл сайын мүмкүнчүлү чектелген жаштарды “социалдык иштер” адистигине конкурсу жок кабыл алат.

БМУнун аянтчасында бул күн жыл сайын чоң салтанат менен белгиленип келет. Быйыл да “Оберег”, “Максат” мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборлорунун жана башка ушундай мекемелердеги балдардын катышуусу менен шаңдуу концерт өткөрүлүп, шайыр-шатман мелдештер уюштурулуп, сүрөт көргөзмөлөрү коюлуп, балдар күлкүсү жаңырып, аларга эстелик белектер, байгелер тартууланды.

 

БМУнун басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер