ЖҮРӨК ООРУТКАН АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕР

  • 25.02.2020
  • 0

ЖҮРӨК ООРУТКАН АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕР

Былтыр жайында Нарын облусунун Кочкор районунда “Манас” университети тарабынан жүргүзүлгөн практикага катыштым эле. Чындыгында, мага бул практика мынчалык чоң таасир калтырат деп ойлогон эмесмин.

Адырдан тоону көздөй басканда, мындан 3-4 миң жыл мурда ташка чегилген петроглифтерди жолуктурасың. Бир эле аймакта көптөгөн петроглифтерди, кургандарды (байыркы мүрзөлөрдү) жана биз сыймыктана турган ата-тегибиздин рун сымал жазууларын кездештирүүгө болот.

Археологиялык эстеликтер аркылуу байыркы тарыхтын жаңы сырлары ачылат. Бул сыяктуу эстеликтерди көргөндө, ар бир адам кубанат жана жүрөгүн жылуу сезимдер аралайт эмеспи.

Бирок азыркы жагдайды көргөндө, өтө капаландык. Практикадан кийинки мезгилдеги топтогон маалыматтарыбызга карап, Кыргызстандын аймагындагы миңдеген эстеликтер коркунуч абалда турганына көзүбүз жетти. Жергебиздеги тарыхый-маданий мурастарды, байыркы ата бабалар калтырган баалуулуктарды, археологиялык эстеликтерди коргоо ар бир жарандын милдети экенин сезе билбейт окшойбуз.

ЖҮРӨК ООРУТКАН АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕР

Бүгүн тарыхый эстеликтерди коргоого албасак, эртеӊ өкүнүп калышыбыз мүмкүн. Түпкү аталарыбыз калтырган мурастарды өзүбүздөн кийинки муунга өткөрүп бере албасак, эмне деген атка калабыз? Бир канча күндүк акча үчүн “каракчы казуучулар” мурастарды сатып жатканын билебиз.

Дүйнөдө өнүккөн өлкөлөр өзүнүн аймагындагы эстеликтерди баалап, ал эстеликтерди туристик зонага айлантып жатат. Артта калган өлкөлөрдө тарыхый эстеликтер корголбой жатат. 2001-жылы талибандардын лидери Омар молдонун буйругу менен Афганистанда жайгашкан Будданын айкели жардырылган. Ошентип, бул өлкөгө агылган туристердин саны кескин кыскарган. Азыр реставрацияланып жаткан эстелик мурункунун өзүндөй болбойт! https://tass.ru/spec/bamiyan

Сириядагы Алеппо жана бир канча байыркы шаарлар, музейлер талкаланган. https://tass.ru/spec/bamiyan Мындан 2-3 миң жыл мурда майя элине таандык 30 метрлик Нох Муль эстелиги курулган, ал өзгөчө туристерди кызыктырган эстеликтердин бири болгон. 2013-жылы бул эстелик курулуш каражаты учун бульдозер менен шагыл алуу учурунда талкаланган.

Тилекке каршы, биздин Кыргызстанда деле эстеликтер биринин артынан бири урап жок болуп баратат. Мисалы, Нарын облусунда жайгашкан Теке-Секирик үӊкүрүндөгү неолит дооруна таандык эстелик профессор А.Бернштам тарабынан 1944-жылы белгиленген болчу. Дал ушул эстелик жолду кенейтүү маалында, таш алуу үчүн жардырылган (“Вечерний Бишкек”, 2000-ж., 22.09).

Практика учурунда Кочкор районунун Кара-Тумшук айылынын аймагында археологиялык эстеликтерди чалгындоо, каттоо ишин жүргүздүк. Анда сейрек кездешүүчү петроглифтерди наадандар бузуп, үстүнө ысмын жазып салганын көрүп кыжырдандык. Биздин адамдар качан маданияттуулукка жетип, ушундай эстеликтердин баркына жетет?

ЖҮРӨК ООРУТКАН АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕР

Кочкор районунан ары жолубузду Соң-Көл тарапта улантканбыз. Соң-Көл ажайып көркү менен эле эмес, байыркы тарыхтын издерин сактаган эстеликтер менен да айырмаланат экен. Ал эстеликтердин бири – “Манастын таш тулгасы”.

Таш-Тулга 1903-жылы америкалык окумуштуу Рафаэль Пампелли тарабынан изилдениптир. Мындай көлөмдүү Таш-Тулга Кыргызстандын башка аймактарында кездешпейт. Бул сыяктуу эстеликтер Тувада, Алтайда, Монголияда жана Казакстанда кездешет. Таш-Тулга түндүктөн түштүккө карай жайгашкан 9 “очоктон” турат, алардын ар бири 8 таштан куралган. Таштардын узун-туурасы 1-1.5 м. Тогузунчу очоктун жанында “Бугу таш” (балбалдын бир түрү) орун алган болчу.

Учурда дал ушул Бугу таштын нукурасы жок. Ал Бугу ташты бир бузуку өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, кийин мураскерлер ордуна башка ташты орнотушка аргасыз болгон. Эскерте кетсек, жоголгон Бугу таш тууралуу археолог К.Табалдиев тарабынан бир канча жолу кайрылуулар жасалган, бирок жогорку органдар тарабынан каралбай, эч кандай колдоо көрсөтүлгөн эмес! (“Кыргыз Туусу”, 2009-жыл, 18.12 №95).

Тарыхка назар таштасак, археологиялык эстеликтерди коргоо үчүн 1895-жылы В.В. Бартольд тарабынан Түркстан археология сүйүүчүлөрүнүн ийрими ачылып, кийин совет мезгилинде да иштеп бир топ ийгиликтерге жетишкен. Каалоочулардын баары катыша алган бул ийримдин ишмердиги археологиялык эстеликтери коргоого, сактоого багытталган. Ийриминдин бир жыйынына Түркстандын генерал губернатору келип катышып, карапайым калктын кызыгуусун арттырган. Жетекчилер баш болуп, бул ийримге колдоо көрсөткөн. Кыргызстандын эгемендикке жеткенине 29 жыл болсо да, эч бир өкмөт башчы келип эстеликтердин абалын көрүп, колдоо көрсөткөн эмес.

Бүгүнкү күндө Англия, Россия, Украина, Иран өлкөлөрүндө эле эмес, майда, өнүгүү жолундагы мамлекеттерде археологиялык ийримдер жана атайын расмий мамлекеттик уюмдар иштеп келе жатат. Ушундай атайын органдын эстеликтерге бай Кыргызстанда болбогондугу өкүндүрөт.

Өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасына карап көрсөк, эң алгачкылардан болуп Францияда 1830-жылы тарыхый мурастарды коргоо боюнча атайын топ дайындалган жана ушул күнгө чейин бир топ өзгөртүүлөрдү киргизип, жигердүү иштеп келатат. Англияда Association for Industrial Archaelogy (AIA) уюму иштеп, жыл сайын уюмдун мүчөлөрү чогулуп, ар түрдүү маселелерди чечишип, жылына эки жолу академиялык журналдарды чыгарышат. AIA уюмдун мүчөлөрү өлкөнүн ар түрдүү аймактарында конференцияларды уюштуруп эл менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Ал эми тарыхый-маданий мурастарга өзгөчө көӊүл бурулуп каралган Германияда Маданий мурастарды коргоо министрлиги иштейт. Андан башка министрликтин деӊгээлиндеги Прустардын маданий мурастар фонду (нем. Stiftung Preußischer Kulturbesitz) иш алып барат. Биз да бул тармакта жоопкерчиликтүү, компетенттүү мекеме ачып, иштетишибиз керек.

1979-жылы башталган археологиялык жана маданий эстеликтерди паспорттоштурууну кайра жандандырып, каттоодон өткөн эстеликтерди коргоого алуу зарыл. Мунун мыйзамдык негизи да жок эмес. “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”1999-жыл, 26-июлда кабыл алынган № 91 мыйзам акыркы жолу 2017-жылы 18-мартта толукталган. Бул мыйзамдын 39-беренесинде мындай деп жазылган:

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн каралган жоопкерчиликтин түрлөрү

 

Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоонун, пайдалануунун, эсепке алуунун жана реставрациялоонун эрежелерин аткарбоодо, аларды коргоо тартибин бузууда, ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын башка бузууларда күнөөлүү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, администрациялык жана башка жоопкерчиликке тартылат.

Тарыхый-маданий мурас объектине же аны коргоо чөлкөмүнө зыян келтирген юридикалык жана жеке жактар объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүүгө, ал эми андай кылууга мүмкүн болбогондо келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттүү. Объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүү тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоонун белгиленген тартибин сактоо менен жүзөгө ашырылат.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн зыяндардын ордун толтурууга байланыштуу ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин чыгым тартышына күнөөлүү болгон кызмат адамдары жана башка кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартышат».

Бул мыйзамга 1999-жылдан бери толуктоолор киргизилип келсе да, бирок эч бир майнап чыкпай жатат. Тескерисинче, мыйзам бузуулар улам көбөйүүдө.

Ар бир эстеликке көз салып, абалын билип туруу үчүн жети облустан жооптуу өкүл дайындоо менен ар бир мугалимге эстеликти коргоого алгандыгы үчүн кошумча каражат бөлүп берүү керек. Мугалимдер, айрыкча тарых мугалимдери кошумча жумушка муктаж. Эстеликтерди коргоо боюнча ийримдерди ачып, бүткүл аймактагы мугалимдердин башын бириктирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өзүнүн натыйжасын бербей койбойт.

Арабызда кайдыгер эмес инсандар бар экени кубандырат. Алардын бири – Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу айылындагы Калый Тайлаков атындагы орто мектептин мугалими Жусуп агай. Ал мектепте музей ачып, эстеликтерди көзүнүн карегиндей сактап келет.

Өзүмдүн Кызыл-Кыя шаарымдагы №9 Урайим Гулматов атындагы орто мектебимде Маманова Чынара аттуу эжейим мындан 5 жыл мурун мектепте атайын музей ачкан.

Археолог, профессор Кубатбек Табалдиев өзүнүн тажрыйбасына таянып баса белгилегендей, археологиялык эстеликтерди коргоодо эң жакшы жана натыйжалуу иш калк менен тыгыз байланышта иштешүү жана аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Жергиликтүү тургундар тарабынан табылган буюмдарды археологдорго же болбосо музейге тапшыртып, аларды медаль жана ар түрдүү сыйлыктар менен сыйлап, эл ичинде даӊазалап, башка адамдардын кызыгуусун арттыруу эстеликтин толук кандуу сакталышына бир аз болсо да түрткү берет.

Бүгүнкү маселенин чечилиши жаштардын өнүгүүсүнө жол ачат. Бул археологиялык табылган эстеликтер менен өзүбүздүн аймагыбызды ачык асман астындагы музейге айлантып, Кыргызстанга агылган туристердин санын көбөйтө алабыз.

“Жашоону түзгөн окуялардын багытын аныктаган фактор киши эмес, элдин дал өзү”, — деп Л.Н.Толстой айткандай, бир гана археологдорду эле карап олтурбай, эстеликтер жайгашкан аймактардын тургундарына түшүндүрүү иштерин баарыбыз биргеликте жүргүзсөк, зарыл маалыматты мугалимдер мектептен жайылтса, жагдай өзгөрбөй калбайт. Эстеликтерди сактоо – ар бирибиздин милдетибиз!

 

Уулай Эргешали кызы,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых бөлүмүнүн студенти.

Бөлүшүү

Комментарийлер