ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, СПОРТКО КЫЗЫККАН ЖАШТАРДЫ ЧАКЫРАБЫЗ

  • 25.03.2022
  • 0

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына жаш жетекчи келип, иштеп баштаганына бир жылдын жүзү болду. Ушул аралыкта окуу жайдагы өзгөрүүлөр, жасалган иштер жана келечектеги пландар тууралуу ректор Азизбаев Саитдин «Кут Билимге» берген маегинде айтып берди.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, СПОРТКО КЫЗЫККАН ЖАШТАРДЫ ЧАКЫРАБЫЗ

Саитдин Азизбаев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, күрөш боюнча Олимпиялык категориядагы калыс, КР эркин күрөш боюнча спорт чебери, Билим берүүнүн отличниги

 – Саитдин Сейитбекович, Сиздин бул окуу жайга жетекчи болуп иштеп баштаганыңызга бир жылдын жүзү боду. Жетекчиликке келе жатканда кандай пландар бар эле, бир жыл ичинде анын канчасы аткарылды?

– Жетекчилик кызматка талапкерлигимди коюп жатканда өзүмдүн беш жылдык программам менен келгем. Ал жерде биринчи кезекте, окуу иштерин, билимдин сапатын көтөрүү боюнча маселелер пландалган. Бир жылдын ичинде бир катар иштер аткарылды деп айтсак болот. Ириде окуу жайдын инфраструктурасын жакшыртууга көңүл бурдук. Тилекке каршы, биздин окуу жай башкалардан айырмаланып, студенттердин контракттык төлөмдөрү менен жашай албайт, башкалардай болуп өз алдыбызча имарат кура албайт экенбиз. Себеби бизде студенттер абдан аз, болгону 1500 студент бар. Анын жарымынан көбү мамлекеттик бюджеттин эсебинен окугандар. Окуу төлөмү да медициналык, юридикалык, экономикалык жана башка окуу жайлардыкындай көп эмес. Имараттарыбыз да эски болгондуктан, оңдоп-түзөтүү иштерин көп талап кылат. Өткөн жылы бир катар ремонт иштерин жасап алдык. Быйыл кышында жылуулук түтүгү жарылып, аны толугу менен алмаштырууга туура келди. Тапкан каражатыбыздын көбү ошого кетип калды. Академиянын алдын көрктөндүрүү боюнча чоң жумуш жасалды. Биздин жаш окутуучулардын, административдик чарба иштери боюнча проректорубуз Өмөров Максаттын демилгеси менен көп жумуштарды аткардык.

Студенттерге шарт түзүп берүү жагын да колго алып жатабыз. Учурда жатаканада 200гө жакын студентибиз жашайт, аларга жаңы матрастарды, төшөнчүлөрдү алып бердик. Буюрса, мурункудай студенттердин шейшептерин жууп, үтүктөп, жума сайын алмаштырып бере тургандай кылып атайын кызматчы алалык деген планыбыз бар.

Окутуучуларыбызга сырттан кесиптик чеберчилигин жогорулатып келүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Алар чет мамлекеттерде квалификациясын гана жогорулатпастан, калыс катары эл аралык спорттук мелдештерге катышып машыгуу методдорун үйрөнүп келип, биздин студенттерге үйрөтүп жатат. Академияда 160 окутуучу иштейт, бир жыл ичинде алтымыш окутуучубуз квалификациясын жогорулатты. Аларга И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, республикадагы бир катар жогорку окуу жайлардын мыкты педагогдору, илимдин докторлору, профессорлор сабак өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, СПОРТКО КЫЗЫККАН ЖАШТАРДЫ ЧАКЫРАБЫЗ

– Спорттук залдарды оңдоо иштерин грант, долбоорлор менен бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

– Биздин окуу процессин толук кандуу аткаруу үчүн спорт имараттарыбыз бар, бирок эскилиги жетип калгандыктан грант менен оңдоп, куруп беребиз дегендер болду. Бирок иш жүзүндө бүгүнкү күндө потенциалдуу инвестор чыга элек. Кой-Таштагы лыжа базабыздын да абалы өтө начар. Бирок биз ага карабастан дайыма кышында атайын лыжа тебүү боюнча окуу процессин өткөрүп турабыз. Жайында болсо туризм боюнча жыйындар, сабактар, машыгуулар өтөт.

– Аскерге чейинки даярдоо факультетиндеги окуу өзгөчөлүгү эмнеде?

– Бул факультетте жаштарды патриоттук, рухий адеп-ахлак, дене тарбия өнүгүүсүнө чоң көңүл бөлүнөт. Себеби келечекте мектеп окуучуларын мекенчилдикке, Ата мекенди коргоого даярдоочу адистер ушул факультетте окушат жана даярдалат.

Азыр материалдык-техникалык базаны чыңдоо, окуу китептерин сатып алуу боюнча иштер да улантылууда. Айрыкча аскерге чейинки даярдык боюнча факультетибизде мамлекеттик тилде окуу китептери тартыш. Өзүбүздүн окутуучуларга китеп жазгыла, аны басмадан чыгарууда колдоп беребиз деп жатабыз. Пневматикалык ок атуучу куралдарыбыз бар, бирок чыныгы заманбап окуп-үйрөнүү үчүн аскерге даярдоо боюнча куралдар жок. Азыр куралдарды сактоочу жайларды, сейфтерди даярдоо иштерин жүргүзүүдөбүз. Келечекте бул факультеттин статусун мындан жогору көтөрүү үчүн Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгын ишке ашыруу максатында да иштер пландалууда.

– Азыр жаштардын баалуулуктары өзгөрүп, кызыкчылыктары такыр башка болуп бара жатат. Ушул маселени чечүүдө сиз жетектеген окуу жайдын ролу абдан чоң. Жаштарга кандай чакырыктарды таштай алат элеңиз?

– Академия дене тарбия жана спорт тармагында педагогикалык адистерди даярдоодо чоң кадыр-баркка ээ болуп, учурдагы талаптарды эске алуу менен кесипкөй адистерди даярдоого багытталган дене тарбиялык, спорттук билим берүүдө ишенимдүү, туруктуу орунду ээлейт.

2021-жылы Президентибиздин “Инсандын рухий жана адеп-ахлак өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгы чыкканда биринчилерден болуп дене тарбия жана спорт адистерин чогултуп, Форум өткөрдүк. Биздин эң негизги максатыбыз  жаштарды жаман жолдон оолактатып, туура жолго салуу, кызыкчылыгын дене тарбияга, спортко буруу болуп жатат. Жаштарды адептүүлүккө, эмгекчилдикке, жоопкерчиликке тарбиялаган дене тарбия жана спорт чөйрөсүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизин түзөт. Байкагансыздар, азыр Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиретип жаткан атактуу кыздарыбыз – Айсулуу Тыныбекованын, Мээрим Жуманазарованын жаш кыздарга тийгизген таасири, үлгүсү чоң болуп, кыздар арасында күрөш барктуу болуп жатат. Чемпиондорубуз биздин бүтүрүүчүлөр. Мээрим менен Айпери магистратурада 1-курста окуйт. Акжол Махмудов кадрларды кайра даярдоо факультетинде билим алып жатат. Дүйнө кубогунун ээси Жоломан Шаршенбеков – былтыркы бүтүрүүчүбүз. Ошол эле кыздардын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ошондой эле көптөгөн Азия, дүйнө чемпиондору, эл аралык класстагы спорт чеберлери, Кыргызстандагы атактуу спортчулар биздин окуу жайды бүтүрүшкөн жана азыр да билим алып жатышат. Мына ушул мыктыларды көрүп туруп, жүрөгүндө оту бар, спортко кызыккан жаштарды биздин окуу жайга чакырып кетээр элем. Биздин академия өзгөчө, чыгармачыл адистерди окутабыз. Педагогикалык жана улуттук спорт түрлөрү факультетинде мектептер үчүн жогорку билимдүү дене тарбия мугалимдерин, улуттук спорт оюндары боюнча машыктыруучуларды, аскерге чейинки даярдык боюнча мугалимдерди, машыктыруу факультетинде спорттун түрлөрү боюнча машыктыруучуларды даярдайбыз.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, СПОРТКО КЫЗЫККАН ЖАШТАРДЫ ЧАКЫРАБЫЗ

Биздин окуу жайдын машыктыруу факультетин аяктагандар спорттук карьерасы бүткөндөн кийин машыктыруучу болуп иштешет. Белгилүү машыктыруучулар – Эмил Алыкулов, Амеркул Молдобаев,
Анарбек Усенканов, Мейрамбек Ахметов, Ратбек Мамбетов, Азат Эркинбаев, Нурбек Изабеков жана башка көптөгөн машыктыруучулар Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келе жатат. Президентибиз Садыр
Нуркожоевич дагы биздин академиядан билим алган. Бүтүрүүчүлөрүбүз бүгүнкү күндө эл кызматын аркалап, аскер уюмдарында, укук коргоо органдарында да эмгектенип келгени биз үчүн сыймык.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева,
“Кут Билим”

 

КМДжСАда ТөМөНКҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛөТ:

КАБЫЛ АЛУУДА ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН (ЖРТ) ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭСКЕ АЛЫНБАЙТ!!!

Педагогикалык жана спорттун улуттук түрлөрү факультети

Окуунун формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл.

Бул профилге баскетбол, волейбол, гимнастика, атлетикалык гимнастика, жеңил атлетика, туризм, сууда сүзүү, үстөл үстүндөгү теннис, футбол, күрөш, шахмат, тогуз коргоол спортунун түрлөрү менен машыккандар бюджеттик жана контракттын негизинде кабыл алынат.

Гребля, регби, кулатуу, ат оюндары, гандбол жана хоккей спорт түрлөрүнө контракттык негизде гана кабыл алынат.

Машыктыруу факультети

Окуунун формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл.

Бул профилге эркин, грек-рим күрөшү, бокс, самбо, дзюдо, оор атлетика, жаа атуу спорт түрлөрүнө бюжеттик жана контракттык негизде кабыл алынат.

Контракттык негизде: бильярд спорту, ММА жана панкратион, каратэ, таэквандо спортунун түлөрү менен машыккандар кабыл алынат (абитуриенттердин спорттук даярдыгы II спорттук разряддан жогору болушу зарыл).

Аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультети

Жалпы дене даярдыгы боюнча кирүү сынагынын негизинде кабыл алуу жүргүзүлөт, жашы 25 жашка чейин.

МАГИСТРАТУРА

532000 дене тарбия жана спорт багыты боюнча «Дене тарбиянын магистри» квалификациясы ыйгарылат. «Дене тарбиянын бакалавры» квалификациясы барлар бюджеттик жана контракттык негизде кабыл алынат, окуу мөөнөтү – 2 жыл (күндүзгү).

Кабыл алуу кирүү сынагынын жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.

СЫРТТАН ОКУУ,  КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА АДИСТИККЕ КАЙРА ДАЯРДОО ФАКУЛЬТЕТИ

Бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку кесиптик билимдин негизинде 532000 дене тарбия жана спорт багыты боюнча (педагогикалык жана спорттук даярдоо профилдерине) бакалаврларды даярдоону жүргүзөт. Окуу мөөнөтү аттестациялык комиссия тарабынан аныкталат (2,5-3 жыл).

СЫРТТАН ОКУУ:

Орто, жалпы жана атайын орто билиминин негизинде кабыл алынат, «бакалавр» квалификациясы ыйгарылат. Окуу мөөнөтү – 5 жыл.

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ КОЛЛЕДЖИ:

Кабыл алуу негизги жалпы орто билиминин базасында жана жалпы дене даярдыгы сынагынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай. Окутуу формасы — күндүзгү (контракт).

КАБЫЛ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ:

Кабыл алуу тандап алган спорттун түрү боюнча тапшырылган кирүү сынагынын
жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде жүргүзүлөт (квалификациясын жогорулатуу жана адистикке кайра даярдоо факультетине маектешүү жолу менен).

Күндүзгү жана сырттан окуу формасындагы адистиктин бардык түрү боюнча конкурстун жыйынтыгын чыгарууда аттестаттын (дипломунун) орточо баллы эске алынат.

Бюджеттик (гранттык) орундарга: — Эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү; — үстүбүздөгү жылдын окуучулар арасындагы Республикалык спартакиадасынын жеңүүчүлөрү (тастыктоо документтери менен) конкурссуз кабыл алынат.

Конкурстан сырткары бюджеттик (гранттык) кабыл алууга талапкерлер төмөнкү тийиштүү документтерди көрсөтүшү керек:

— Эл аралык класстагы спорттун чебери (ЭКСЧ) күбөлүгү;

— Эл аралык мелдештердин же үстүбүздөгү жылдын окуучулар арасындагы республикалык спартакиадасынын жеңүүчүлөрүн тастыктоочу кат.

Биздин дарек: 

Бишкек ш., Ахунбаев к., 97

Тел.: 0312 57-04-89;

 Моб.: 0550 99-64-14

Instagram: ksapcs.kg

Web caйт: www.ksapcs.kg

E-mail: [email protected]

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер