ЖӨНӨКӨЙЛҮК УЛУУЛУККА ЖОЛ АЧАТ

  • 15.11.2021
  • 0
ЖӨНӨКӨЙЛҮК УЛУУЛУККА ЖОЛ АЧАТ

Жөнөкөй болуу абдан кыйын. Бул жерде өзүңүздү колго алышыңыз үчүн үч кеңеш беребиз.

Алдыдагы шайлоо жарыштын демин жана жаштарыбыздын арасында өзүмчүлдүк күчөп баратканын эске алганда, биздин коом сыпайылыкка көбүрөөк таянса жакшы болот беле деп ойлойм. Биздин маданият менменсинүүгө азгырылып, сырткы жетишкендиктерге жана сырткы көрүнүшкө өтө ашыкча маани бергендиктен, жөнөкөй адамдарды эч ким көзгө илбей калгансыйт.

Бирок эмне үчүн жөнөкөй болуу бизге ушунчалык кыйын? Биз аны көбүнчө алсыздыктын белгиси деп туура эмес түшүнүп алгандыктанбы? А чындыгында бул эбегейсиз ички күчтүн көрсөткүчү го? Жоопторду илимпоздордун бул сапат жөнүндө айтканынан угалычы: бардык рухий касиеттер менен катышын терең аӊдап билген адамдар жөнөкөйлүктү бардык жакшылыктардын башаты деп эсептешет экен.

 

Жөнөкөй болуунун эмнеси жакшы?

ЖӨНӨКӨЙЛҮК УЛУУЛУККА ЖОЛ АЧАТ

Жөнөкөйлүк нурун чачкан адам менен сүйлөшкөндө, эч кысынбай, жүрөгүбүз тынчыраак кагып, жан дүйнөбүз бейпил тартат.

Эмне үчүн? Анткени мен өзүмдү башкалар көрүп, угуп, чындыгында кандай болсом, дал ошондой кабыл алаарын билсем, бул биздин ички чегибизди калкалап туруучу баа жеткис белек болот. Кичи пейил адамдар бизге мындай белекти тартуулай алышат, анткени алар өздөрүнүн күчтүү жактарын көрсөтүүгө ашыкпай, кемчиликтерин жашырууга да шашпай, ачык-айрым боло алышат. Изилдөөчүлөр айткандай, жөнөкөйлүк адамзаттын боорукердигин өстүрөт.

Мындай өзүн-өзү кабыл алуу жана баалоо миллиондогон долларлык маяна, кино жылдызынын сымбаты, кызмат даражасы же Фейсбуктагы досторунун саны сыяктуу нерселерден эмес, адамдык касиетти барктоодон келип чыгат. Чындыгында жөнөкөй адамдар башкаларга пайдалуу нерселерди тартуулай алат.

 

Жөнөкөйлүктү өстүрүү үчүн үч кеңеш

 

Окумуштуулардын жөнөкөйлүктү изилдөөлөрүн эске алсак, бул сапатты алсыз адамдар өрчүтө албайт экен, ал бир күндө эле пайда боло бербейт экен. Анткени жөнөкөйлүктүн эң маанилүү жактарынын бири ички эркиндик болуп саналат. Жөнөкөй, эркин болгондо гана биздин жүрөгүбүздө бейпилдик жана мээрим түнөк табат.

  1. Адамгерчиликти аздекте

Кадыр-баркыбызды көпчүлүк маанилүү деп эсептеген нерселерге, мисалы, жумуштагы же мамиледеги ийгиликке байланыштуу деп ойлогондуктан, ийгиликке жетпеген учурларда өзүбүзгө болгон сый-урматыбыз төмөндөйт. Ошондуктан биз күтүлбөгөн жерден “жаман” же “татыксыз” адамдарга айланып калабыз да, кайрадан сый-урматка ээ болуу үчүн узак жол басабыз.

Жөнөкөй адамдар үчүн андай эмес. Жогоруда айтылгандай, алардын жолу болбой калган жагдайга же сынга туруштук берүү жөндөмү сырткы шарт-жагдайдан эмес, адамды ички касиетинен келип чыгат. Ошентип, эгер кандайдыр бир ишти өтөөсүнө чыгара албаса же кыялдары орундалбаса, бул алардын жаман экендигин билдирбейт. Бул жөн гана алар биз сыяктуу эле адам экенин билдирет.

Окумуштуулардын айтымында, бул ички баалуулук жакын адамдарыбыз менен түзүлгөн коопсуз катышуудан же дени сак эмоционалдык байланыштан келип чыгат.  Тилекке каршы, көпчүлүгүбүз бала чактан керексиз нерселерге кабатырланбай өскөн эмеспиз. Бир изилдөө көрсөткөндөй, чоң кишилердин 40 пайызы бири-бири менен тыгыз алакада болбойт экен. Бирок биз өнөктөштөр же достор менен оӊдуу мамиледе болуу аркылуу жан дүйнөбүздү айыктыра алабыз.

Окумуштуулар жашоону мектеп дешет. Алар эч бир адам идеалдуу болбосо да, ар ким өзүн-өзү баалоосуна терс таасирин тийгизбегидей жаңы идеяларды, кеңештерди жана сын пикирлерди кабыл алуу менен кемчиликтерден арылса болорун билишет. Бул жөндөмдүн өзү эле кыраакылыкты өстүрөт. Ушул жагынан эң таасын мисал деп Махатма Гандинин турмуштук тажрыйбасын айтсак болот. Ал мындай деген: “Мен өзүмдү башка пенделердей эле жаңылышы мүмкүн болгон жөнөкөй инсанмын деп эсептейм. Бирок мен өз каталарымды мойнума алып, кемчиликтеримди оӊдоого эрким жетерин билем”.

Эгерде Гандинин өрнөгүнөн жөнөкөй лидердин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөк, анда коомдук башкарууга мунун пайдасы абдан чоӊ болору бышык. Изилдөөчүлөр айткандай, биз «бейпил эгобузду” тапсак же өзүбүздү жөнөкөйлүк менен башкара алсак, анда биз зулумдукка барбай, башкаларды кысымга албай, өзгөртүүгө аракеттенбей, текеберчилик кылуудан уялып калабыз. Ошондо биз жоопкерчиликти өз мойнубузга алып, каталарыбызды оңдойбуз, башкалардын оюн угабыз да, кичи пейил мүнөзүбүздү сактайбыз.

Биздин өлкөдө жана дүйнө жүзүндө ушундай мүнөздүү лидерлер болушун ким каалабасын?

Бирок кичи пейилдиктин пайдасы биздин жетекчилерге эле керек дебейбиз. Жаңы изилдөөлөр бул жагымдуу сапат жеке өзүбүз үчүн жана биздин мамилелерибиз үчүн пайдалуу экенин көрсөтүп турат. Мисалы, жөнөкөй адамдар кыжаалат абалдан көп кыйналбай эле чыга билишет. Бул алардын демдүү, кайраттуу экендигин билдирет. Алар ак пейилден жардамга келишет, көмөктөшкөн кишилерге чын дилден алкыш айтышат – мунун баары башкалар менен жакындашууга жол ачат.

  1. Эстүүлүккө жана боорукерликке даярдануу

Акыркы жылдары эстүүлүк жана боорукерлик көбүнчө психологиялык туруктуулук жана эмоционалдык бейпилдик менен байланышта болуп жатат. Буларсыз кичи пейилдикти өнүктүрүү мүмкүн эмес. Окумуштуулардын айтымында, кичи пейил адамдар өздөрүнүн кемчиликтерин да, жөндөмдөрүн да даана түшүнүшөт, ошондуктан алар эмнени өзгөртүү керектигин тезирээк аныктай алышат.

Эстүүлүк бизге өз ойлорубузду жана эмоцияларыбызды тескөө аркылуу аң-сезимибизди өстүрөт. Ички жашообузду канчалык жакшы билсек, туура эмес ишенимдер жана иш-аракеттер бизди кандайча чектеп жатканын көрүү ошончолук оңой болот.

Биз эмнени өзгөртүү керектигин баамдаган соӊ, жаӊыланууга жол ачылат. Мага бир даанышмандын: “Караңгыны миӊ ирет сөккөндөн көрө бир чыракты күйгүз”, — деген сөзү жагат. Башкача айтканда, терс ойду же аракетти жөн гана сабырдуулук менен алгылыктуу ойго алмаштырсак, бир топ убакыттан кийин канчалык өскөнүбүздү көрөбүз.

  1. Ыраазычылык билдирүү

«Рахмат» деген сөздү жашообузга жарык чачкан жакшылык деп билишибиз керек. Бул башка адамдарды кадырлоо дегенди билдирет. Жөнөкөйлөтүп айтканда, ыраазычылык сезими бизди өзүбүзгө эмес, айланабыздагы адамдарга көбүрөөк көңүл бургузат – бул кичи пейил адамдардын өзгөчөлүгү. Чынында эле акыркы изилдөөлөр ыраазычылык менен кичи пейилдик бири-бирин бекемдей турган түшүнүктөр экенин көрсөттү. Ыраазычылык билдирүү бизди кичи пейилдикке түрткү берет, ал эми кичи пейил адамдар жакшылыкты билип, алкыш айтууга дайым даяр турат.

Балким, кичи пейилдик жашоону өзүбүздөгү жана башкалардагы эң жакшы сапаттарды өрчүтүүгө жана бул дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө жол ачкандыгы менен баалуудур.

Бул жол карапайым адамдар эле эмес, биздин көч башчылар да баркына жетиши керек болгон улуу жол. Бүгүнкү кепти кичи пейилдиктин маӊызын эӊ жакшы билген Нельсон Манделанын сөздөрү менен жыйынтыктайлы: «Албетте, адам эң оболу өзүнө чынчыл болуу керек. Өзүңдү өзгөртпөсөң, коомго эч качан таасир эте албайсың… Улуу данакерлердин баары ак ниеттүүлүк, чынчылдык жана кичи пейилдик менен бийик максатына жетишкен».

ЖӨНӨКӨЙЛҮК УЛУУЛУККА ЖОЛ АЧАТ

ВИКИ ЗАКРЕВСКИ, Калифорния университетинин профессору | 2016-ЖЫЛ, 12-январь

Которгон Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору.

Фотолор интернеттен алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер