ӨЗГӨНДӨ 75 ОРУНДУУ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

  • 24.01.2023
  • 0

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 75 орундуу “Саадат эне” бала бакчасы пайдаланууга берилди.

ӨЗГӨНДӨ 75 ОРУНДУУ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Маалыматка ылайык, иш-чарага Президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Шабдан Абыкаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган балдар бакчасында учурда 55 бала тарбияланууда. Курулуштун баасы 30 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер