ӨЗГӨН РАЙОНУНДАГЫ АБАЛ БОЮНЧА МААЛЫМАТ

  • 23.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй айлында болуп өткөн жер көчкүнүн жыйынтыгында эч кандай кыйроо, окуучулар, мугалимдер жана билим берүү мекемелери жабыр тартпаганын маалымдайт.

ӨЗГӨН РАЙОНУНДАГЫ АБАЛ БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Бирок, кооптуу жагдайда жашаган үй-бүлөлөрдүн арасында башталгыч класстын 3, жогорку класстын 4 окуучусу бар.

Башталгыч класстын 3 окуучусу коңшу айылдагы туугандарынын үйүндө жашоо шарты менен А.Чиркешов  атындагы мектепте окуусун убактылуу уланта берет. Жогорку класстын окуучулары Куршаб айылындагы Ы.Бектемиров, Токтогул ж.б. орто мектептерде окуусун улантып турат.

Учурда окуучулар каникулда болгондуктан, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер