ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ӨЗГӨРТКӨН МЕКТЕП

  • 24.04.2023
  • 0

 

«Сезимтал» инклюзивдик мектеби ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын сүйүктүү окуу жайы. Учурда бул мектепте 24 бала тарбияланууда.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ӨЗГӨРТКӨН МЕКТЕП

БИР ОКУУЧУДАН БАШТАЛГАН ЖОЛ

«Тенсай» япон-кыргыз жеке мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири Жибек Шарипова курбусу менен өзгөчө балдар үчүн «Сезимтал» инклюзивдик мектебин негиздеген. Ал 2018-жылы «Тенсай» кыргыз-жапон мектебин ачканда ага коомчулуктун ишеними анчейин болбогондуктан, он эле окуучу келген. Алардын арасында интеллектулдык жактан жабыркаган өзгөчө бир бала болгон. Ал «Тенсай» мектебинде окуп баштагандан тартып, коомго аралашканды, тамак жегенди үйрөнүп, мугалимдин сөзүн кунт коюп угуп калгандыгы ата-энесине байкала баштайт. Күтүүсүз келген бул кубанычы тууралуу ата-эне башкаларга да айтып, мектепти сунуштап, башташат. Ошондон тартып окуу жайга кабыл алууну суранып чалган ата-энелердин саны арбый баштайт. Бирок ал учурда мектептин окуу программасы жетиштүү деңгээлде болбогондуктан баш тартууга аргасыз болот. Көп узабай Японияга болгон сапары аны дагы да таасирлентип, “Сезимтал” мектебин ачууга бел байлайт.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ӨЗГӨРТКӨН МЕКТЕП

  • 2018-жылы Японияга барганда дүйнөгө белгилүү «Омрон» ири компанияларынын биринде болдум. Компаниянын директору майыптар арабасында отурган адам экен. Бир бөлүмдө жалаң бир колу же буту жок адамдар эмгектенишет. Жумушчулардын оң колу барлары оң, сол буту барлары сол жагындагы жумушту аткарганы мени  абдан таасирлентти. Алардын «Кайрымдуулук эмес, бул — мүмкүнчүлүк» деген башкы лозунгу чындыгында, ар бир адам жашоого өзүнүн потенциалын ишке ашыруу максатында келгенин айтат. Анын үстүнө,  Япония инклюзия боюнча дүйнөдө лидерлердин бири. Мисалы, инклюзивдик билим алган көптөгөн өзгөчө балдар ири компанияларда иштешет, алар мамлекеттен жана ата-энесинен көз каранды эмес. Ушулардын баарын көргөндөн кийин ушундай мектеп ачылды,  — дейт Жибек Шарипова.

Жибектин мындай боорукерлик идеясы бат эле ишке ашкан. Себеби Кыргызстанга келгенде Американын Конверс университетинин профессору, өзгөчө балдар менен иштеген Гионис Елена аутизм оорусу менен жабыркаган өкүл баласын мектепке алуу суранычы менен өзү байланышкан. Колдоо иретинде мугалимдерди даярдап берүүнү сунуштайт. Мектеп ачылары тууралуу жарыялаганда ар кайсы аймактардан ата-энелер чоң үмүт менен келип башташат. Тилекке каршы, ал кезде каалоочулардын баарын кабыл алууга шарты да, күчү да жетмек эмес. Быйыл Америкага барып, онго жакын өзгөчө балдар тарбияланган мектепти көрүп, шарттары менен таанышып келди. Учурда келечекте чоң мектеп ачып, балдардын коомго кошулуусуна, чоң жашоого жол ачып берүүгө ашыгып жаткан кези.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ӨЗГӨРТКӨН МЕКТЕП

МЕКТЕПТЕ АТАЙЫН РОБОТ ИШТЕЙТ

Мектеп төрт жылдык. Учурда  24 бала тарбияланат. Алар илдетине жараша: оор, орточо, жеңил формадагы деп үч группага бөлүнөт. Мектептин кызматына үч маал тамак да кирет. Ар бир баланын тамакка өзгөчө талабы болгондуктан, 24 окуучуга 24 башка аш тизмеси түзүлөт. Мектепте эки мугалим иштесе, алардын үч жардамчысы бар. Мугалимдерди америкалык профессор окутуп, даярдаган. Логопед, дефектолог, психолог да кызмат көрсөтөт. Билим берүүдөн сырткары музыка, флай-йога жана адистер менен жеке сабактар да өткөрүлүп турат. Чет элдик программалардан да артта калбайт. Аутизм менен жабыркаган балдар үчүн дүйнө жүзүндөгү мектептерде сейрек кездешүүчү “Майл-робот” бар. Себеби аутизмге чалдыккан балдарга бир эле сөздү күнүгө бирдей эмоция, тембр менен айтуу керек.  Адам күнүгө мындай функцияны аткара албагандыктан окуучу анын сөзүн түшүнбөйт. Ал эми робот дайыма бир функциянын негизинде иштейт. Буга кошумча «Tach Math» Американын кымбат баалуу методикаларынын бири менен да иш алып барат.

 

ИНКЛЮЗИЯНЫ ТҮЗҮҮГӨ ЧАКЫРАТ

Буга чейин өзгөчө балдар окуган мектеп өзүнчө болгон. Эки жылдан бери “Тенсай” мектебинин имаратына жайгашып, башка балдар менен да аралашып башташты. Алардын окуу методикасы, кабинети башка болгону менен калган учурларда баары чогуу. Майрамдарда, иш-чараларда биргеликте өнөрлөрүн тартуулашат, тамактануу, эс алуу жайлары да бир жерде.  Буга “Тенсай” мектебинин ата-энелери да каршы эмес. Мектепке кабыл алынарда  да ар бир ата-энеге кырдаал түшүндүрүлөт. Себеби өзгөчө баланын сезимин козгогон бир эле жагымсыз сөз же окуя аны артка тартышы толук мүмкүн. Ошондуктан  балдарга мектепте алардан өзгөчөлөнгөн балдар бар экендигин, аларга кандай мамиле жасоо керектигин, муктаждыгын, баалуулуктарын, айтор, баарын айтып, мээсине сиңиришет. Ушундан улам мектепте окуган ар бир бала кадимки көрүнүш катары эле кабыл алат.

Жибек Шарапованын пикиринде, мектептеги мындай инклюзия кадимки балдарды боорукерликке, гумандуулукка үйрөтөт. Ал эми өзгөчө бала кадимки баланы көрүп түздөнөт. Андыктан инклюзивдик концепцияны ишке ашырууга башка мектептерди да үндөйт.

  • Бир оюн учурунда өзгөчө бала менен кадимки бала жарышып, алдыга озуп кеткен балабыз кайра артка барып, өзгөчө баланы жетелеп «чогуу жеңдик» деп келгени жүрөгүбүздү жылыткан. Бир өзгөчө окуучубуз кадимки класска которулду. Биздин башкалардан айырмаланган миссиябыз — балдарды адамгерчиликке, боорукерликке, кайрымдуу болууга тарбиялоо. Мындай ишти аткаруу бир эле мектептин колунан келбейт. Ошондуктан бардык мектептерде инклюзивдик класстар ачылса, баарыбыз биригип иштешсек дейм. Биз методикабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Учурда жүзгө жакын бала кезекте турат. Бир жылда бала көп нерседен артта калат, анын баасы кымбат, — дейт.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ӨЗГӨРТКӨН МЕКТЕП

АТА-ЭНЕЛЕРДИН ИШЕНИЧИН АРТТЫРУУ ООР

Жибек  өзгөчө балдардын ата-энелери да өзгөчө болорун айтат. Кадимки балдардын ата-энелерине караганда ата-энелик милдетин так аткарат, жоопкерчиликтүү. Өзүндөгүдөй жоопкерчиликти башкалардан да талап кылышат. Башкаларга көп ишене бербегендиктен, алардын ишенимине кирүү үчүн көп аракеттенген. Бир жыл бою күнүгө баласынын эмне жеп-ичкенинен, кантип уктаганынан бери отчёт берип, ата-энелердин “лупасында” жүргөнүн айтат. Азыр суроо-талап көп. Ай сайын мектепке 32500 сом төлөшөт. Ансыз да моралдык жактан кыйналып турган ата-энелерден акча алуу кыйын. Бирок албай коюуга аргасыз. Себеби ал акча мектептин ижарасына, коммуналдык төлөмдөргө, эмгек акыга, тамак-ашка кетет. Кээде ал чыгымдарды жа жаппай калган учурлар болот. Андай учурда карыз сурап, “Теңсай” мектебинин бюджетине да кол салып жиберишет.

  • Тилекке каршы, өзгөчө балдардын сексен пайызы толук эмес үй-бүлөдө жашайт. Көбү апаларында. Мектептен тышкары да дары-дармек сыяктуу көп чыгымдары бар. Ошондуктан төлөм акысын алуу бизге да абдан оор. Акысыз окутууга шартыбыз жок. Мугалим, тарбиячы, адистен башка мектепте эсепчи, ашпозчу сыяктуу кызматкерлер да иштейт. Өзгөчө балдардын мугалимдеринин эмгек акысы жогору бааланат. Төрт жылдан бери бир эле бааны кармап турабыз, — дейт Жибек Шарипова.

 

МЕКТЕП МАГА БАКТЫЛУУЛУК ТАРТУУЛАЙТ

Мектеп ачуу чоң жоопкерчилик экендигин жон-териси менен сезе билген Жибек күнү-түнү жумушта болуп, күнүгө текшерип, тамактарына чейин көңүл буруп, ата-энелер менен байланышты үзбөйт. Өзүнүн төрт баласы да ушул мектепте жүрүп чоңойгон, азыр да үч айлык баласы менен келип иштейт. Биринчи баласынын кыркы чыга электе эле жумушуна чыгып, окуучулар кулатып ала жаздаганын минтип эстейт.

  • Бир күнү жаңы төрөлгөн кызым менен жумушка келип, адаттагыдай эле ишке аралашып кеттим. Ошондо кушеткада жаткан кызымды окуучулар жерге ыргытып салайын дегенде, бир мугалим байкап калыптыр. Негизи үчүнчү группада оор формадагы оорусу бар балдар окушат. Кээ бири өзүн-өзү тиштеп же башын дубалга уруп, мугалимдерге кол көтөрүп жиберишет. Балдар мектепке көнгүчө мугалимдердин баары үйгө көгала болуп барчубуз. Өзүм болсо кош бойлуу кезде  ичимди коруп, сестенип турчумун. Бара-бара окуучулар менен жакындан таанышып, аларга болгон сезимим ойгонуп,  башкача бир жакындык пайда болду. Өзгөчө балдар менен иштөө психологиялык жактан оор келгени менен руханий жактан өзүмдү абдан бактылуу сезем, — дейт негиздөөчү.

Айгерим Токтобаева, “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер