ӨЗБЕКСТАНДЫН БЕЙНЕСИН ӨЗГӨРТКӨН ПРЕЗИДЕНТ

  • 24.01.2023
  • 0

Түштүк Кореяда жайгашкан Азиянын Журналисттеринин Ассоциациясы 2018-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевду “Жылдын мыкты саясатчысы” деп жарыя кылган. Мамлекет башчылыгына келгенине эки жыл гана болгон саясатчыга мындай бийик наамды ыйгаруу чанда гана кездешет. Анын үстүнө лидердин эл аралык деңгээлде мынчалык тез мактоо алышы Борбор Азия өлкөлөрүндө болуп көргөн эмес.

ӨЗБЕКСТАНДЫН БЕЙНЕСИН ӨЗГӨРТКӨН ПРЕЗИДЕНТ

2023-жылдын январь айынын аягында Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга расмий сапары менен келиши күтүлүүдө. Ш.Мирзиёев Кыргызстанга мурда бир нече жолу келген. Бирок бул жолку сапары чоң өзгөчөлүккө ээ. Биринчиден, бул жолку келиши Өзбекстандын президенти болуп 2021-жылдын октябрь айында экинчи ирет расмий шайланышынан кийин болууда.

Экинчиден, Кыргызстан менен Өзбекстан 30 жылдан ашуун жүргүзүп келген чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаган учурга туш келди. Үчүнчүдөн, расмий Ташкент үч тараптуу ири долбоор болгон Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна катышууга дилгирлигин билдирип турган кез. Төртүнчүдөн, Өзбекстан Кыргызстанда курула турган “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна Казакстан менен бирге катыша турганын жарыялады.

Бул долбоор Борбор Азия мамлекеттеринин баарына пайда алып келери талашсыз. Анткени суу тартыш жайкы мезгилде керектүү суунун көлөмүн топтоого жаңы суу сактагыч абдан зарыл экендигин Өзбекстан менен Казакстан жакшы түшүнөт. Мындан башка да алгылыктуу иштер аткарылып, эки тараптык алакалардын утуштуу багытта өнүгүшүнө өзбек президентинин салымы чоң экендиги талашсыз.

Ш. Мирзиёев бизде кыргыз элине жана Кыргызстанга болгон симпатиясы чоң саясатчы катары таанылганын да баса белгилеп коюшум керек. Бийликке келгенден көп өтпөй ал Жызак облусундагы “Манас” айылын кырк күндө толугу менен заманбап талапта кайра куруп  чыккандыгы Кыргызстанда чоң жаңылык болгон. Бул кадамы менен Ш.Мирзиёев кыргыз элине, “Манас” эпосуна жана Өзбекстанда жашаган кыргыз диаспорасына болгон чыныгы сый-урматын айгинеледи.

Өзбекстан Орто Азиядагы калкы жыш болгон өлкө. Ал аймактагы бардык мамлекеттер менен чектеш жана ал тургай Ооганстан менен да жалпы чек арага ээ. Мындай татаал мамлекетти башкаруу оңой-олтоң иш эмес. Мындай вазийпаны Ш.Мирзиеев татыктуу  аткара ала турганын далилдеп жатат. Ал үчүн зарыл болгон терең билими жана башкаруучулук тажрыйбасы жетиштүү экендиги көрүнүп турат. Бийликке келгенден кийин кыска мөөнөттө Ш.Мирзиеев өз элинин ишеничине, аны менен кошо коңшу мамлекеттердин да урмат-сыйына ээ боло алды.

ӨЗБЕКСТАНДЫН БЕЙНЕСИН ӨЗГӨРТКӨН ПРЕЗИДЕНТ

Чындыгында Ш.Мирзиёев мамлекетти башкарууга келгенден тарта Өзбекстанда өтө олуттуу өзгөрүүлөр башталды. Түрлүү тоскоолдуктарга карабастан, өзбек мамлекети жаңыча жашоого өтүшү керектигин элге жеткире алды.

Айрым эксперттер Өзбекстандын президентинин жетишкен ийгиликтерин анын буга чейин топтогон чоң тажрыйбасы менен байланыштырып келет. Ш.Мирзиёев 13 жылдан ашуун убакыт Өзбекстандын  премьер-министр болуп иштеп, өкмөттү башкарды. Ага чейин Ташкенттеги абройлуу университтин проектору, ири областтын губернатор-акими, парламенттин бир нече чакырылышынын депутаты болду.

2003-жылдын аягында өкмөт башчысы болуп дайындалгандан тарта 2016-жылга чейин тынымсыз аткаруу бийлигинде иштеп, чарбалык иштерди ийне-жибине чейин билип калды. Дал ошо жылдары Өзбекстан көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөргөн. Бир жагынан эл аралык коомчулук ошо кездеги Өзбекстан бийлигинин башкаруу ыкмасын сындап, кошуна мамлекеттер менен алакасы чыңалып турган. Постсоветтик өлкөлөр түзгөн уюмдарда да туруктуу мүчө катары боло алган эмес. Мындай жагдайлар Ташкентке болгон мамилени бир деңгээлде кармап тура алган эмес. Мунун баарын түшүнгөн Мирзиёев көйгөйлүү маселелердин өзөгүн көрө билип, аларды чечүүнүн жолдорун таап, 2017-жылы президент болуп шайлангандан тарта өзүнүн стратегиялык саясатын ишке ашырууга жигердүү киришти.

Мирзиёевдун эң маанилүү кадамы катары коңшу мамлекеттер менен болгон алаканы оң жолго салып, приоритеттүү багыт болоорун жарыя кылганын айтса болот. Мындай чечимдин олуттуу экендигинин далили катары жаңы шайланган мамлекет башчысы өзүнүн биринчи чет элдик расмий сапарын батыш мамлекеттерине эмес, же салт болуп калгандай Россияга эмес, Түркмөнстанга жасаганы маалым. Бул кадамы менен  ал коңшулар менен эки тараптык мамилелерди биринчи орунга койгонун, алакаларды жаңы деңгээлге көтөрүү керектигин, бардык тарапка утуш алып келе турган байланыштарды түзүү багытын ачканын билдирген. Мындан тышкары, Самаркандга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттерин чакырып, аларга байма-бай кезигип, маселелерди ортомчулар жок чогуу талкуулап туруу сунушун билдирди. Бул сунушту колдогон беш президент 2022-жылы кайрадан Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында жолугушту. Анда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекет башчылары достук, коңшулук жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюшуп, регионалдык жаңы форматтагы платформаны түзүүгө жетишти. Беш президенттин кийинки жыйыны Тажистанда өтөөрү макулдашылган жана анда Мирзиёевдун аброюнун таасири астында Тажикстан менен Түркмөнстан да бул келишимге кошулаары күмөн туудурбайт.

Өзбек президенти кыска убакыттын ичинде дүйнөлүк деңгээлде да урмат-сыйга ээ боло алды. Мирзиёев жүргүзө баштаган тышкы саясат Өзбекстандын аброюн өйдө көтөрүп, эл аралык беделин жакшы деңгээлге чыгарды. Өзбекстан президенти чет элдик инвесторлорду акча каражаттарын Өзбекстандын экономикасына салууга чакырып, алардын ишине төп келе тургандай инвестициялык климатты түзүгө жетише алды. Натыйжада көп миллиардаган каражаттар Өзбекстанга агып, борбор шаары Ташкент дүркүрөп өсүп, байыркы Самарканд менен Бухара шаарлары өзгөрүп, өлкө ичинде миллион адам жашаган дагы эки шаар пайда болду.

Эл аралык аренада Ташкенттин көз карашы менен кубаттуу саясий алптар эсептеше башташты. Алардын катарында бир гана Россия эмес, АКШ, Кытай, Евробиримдик  жана башкалар да бар. Өзбекстандын таасири астында өнүккөн өлкөлөр “Борбордук Азия +” форматындагы платформаларды түзүүгө жигердүү киришти. Аларга АКШ, Россия, Кытай, Евробиримдик, Япония, Түштүк Корея, Индияга окшогон бир топ мамлекеттер кирет.

Президенттик биринчи мөөнөтү аяктаган соң, Ш.Мирзиеев аймактагы өз мамлекетин гана көтөрүп, коңшулары кыйын абалда кала бере турган болсо, утушка ээ болуш кыйын экенин түшүнүп, өнүгүүгө жараша бүтүндөй бир аймакты өнүктүрүү зарыл экендигин айтып чыкты. Ал үчүн колдон келген аракетин жасап, башкаларды үндөп жатышы бекеринен эмес.

Буга кошумча Ш.Мирзиёев Борбордук жана Түштүк Азия чөлкөмдөрүн айкалыштыруу аркылуу бириктирүү маселесин да 2022-жылы Самарканд шаарында көтөрүп, дүйнөлүк саясатты дүңгүрөткөнгө жетишкен.

Борбордук Азиядагы демократиялык жетишкендиктери менен таанылган Кыргызстан да  Мирзиёевдун сунушун колдоого алууда.

Өзбек-кыргыз соодасы соңку жылы жарым миллиард долларды чапчыды. Ал эми эки мамлекеттин жетекчилери койгон максатка ылайык бул көрсөткүч бир миллиардка жетери бышык болуп баратат.

Кубан Абдымен,

Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер