ӨЗБЕКСТАНДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАНА СТУДЕНТТЕРГЕ УСУЛДУК ЖАРДАМ

  • 13.03.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов менен Анжиан мамлекеттик университетинин улук окутуучусу Нигора Алисултанованын өнөктөшүп жазган усулдук колдонмосу «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окутуунун теориялык жана методикалык негиздери» деп аталат.

— Китеп жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кириш сөз менен башталат. 5-класста «Бугу-эне», «Атадан калган туяк» деген чыгармаларын үйрөтүү, 6-класста «Биринчи мугалим» повестин талкуу аркылуу окутуу, «Кыямат» романы боюнча сабак-сот, 7-класста «Эрте келген турналар», 9-класста «Саманчынын жолу» повесттерин окутуу боюнча усулдук багыттагы материалдар берилет. Дагы бир макала «Делбирим» повестиндеги кейипкердин кулк-мүнөздөрүн интерактивдүү өздөштүрүүдө текст менен иштөө жана көркөм образдарды талдоодо «Блумдун ромашка гүлү» усулу» деп аталат.

Бул методикалык колдонмодо жазуучунун чыгармаларын жаңыча окутуунун жолдору, ыкмалары ачып көрсөтүлүп, чыгармачыл мугалимдeрдин айрым сабактарынын иштелмелерин, тесттерин, мeктeп программасынын нeгизиндe даярдалган чыгармалардын прeзeнтация, мультмeдияларын элeктрон абалда сунуш кылынат, — дейт профессор А.Муратовдун шакирти п.и.д. Кыялбек Акматов. — Китеп Ɵзбекстан Республикасынын Элге билим берүү министрлигинин билим бeрүү борборунун түркий тилдeр боюнча илимий-мeтодикалык кeңeши тарабынан жактырылган жана Ташкент шаарындагы «lesson press» басмасында басылып, практикада колдонууга уруксат этилген.

Эскерте кетсек, Анжиан мамлекеттик университетинде кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин даярдоочу бөлүм ачылып, иштеп жатат, жалпы өлкө боюнча элүүдөй кыргыз тилинде билим берүүчү мектептер иш алып барат. Аларды окуу-методикалык колдонмолор менен камсыздоо өтө зарыл проблемалардан болуп эсептелет.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер