ӨЗБЕК ЭЛИНИН ҮЛКӨН ЖАНА АРДАКТУУ ДОСУ

  • 13.12.2017
  • 0

Өзбек жана кыргыз калктарынын тарыхы, маданияты менен  руханияты, анан калса, тагдыры окшош экендигин  миң  сандаган  мисалдардан, асыресе, алга карай өсүү өрүшүндөгү  маданий-гуманитардык байланыштарыбыздын мисалынан даана байкашыбыз  мүмкүн.

 Шавкат Мирзиёев, Өзбекстан Республикасынын Президенти

 

ӨЗБЕК ЭЛИНИН ҮЛКӨН  ЖАНА АРДАКТУУ ДОСУБул тууралуу кеп козголгондо, ириде, кыргыздын залкар  жазуучусу жана чыгаан коомдук ишмери Чыңгыз Айтматовдун атын атоо абзелдир. Өзбекстанда береги улуу сүрөткердин китептери орун-очок  албаган бир да үйдү, анын эң сонун повесть  жана романдарын окубаган, булардын  негизинде тартылган кинотасмаларды  көрбөгөн бирди-жарым кишини табуу кыйын десек жаңылышпайбыз. Ал тек кыргыз эли үчүн, ошого улай,   курамына  өзбек калкы жуурулушкан  атпай түрк тилдүү тайпалар  үчүн деле  ыйык жана акжолтой  инсан дегенибиз кашкайган чындык эмеспи.

Чыңгыз Айтматов өзбек элинин, Өзбекстандын үлкөн жана ардактуу досу эле.  Биз даанышман жазуучунун “Тарыхта Византия славян калктарынын катмарына  маданиятты жайылтууда кандай ролду ойносо, өзбектер дагы Борбор Азия мамлекеттеринде салыштырмалуу дал ошондой ролду ойногон” деген кундуу сөзүн  ар дайым ыраазы тейде эстейбиз.

Даркан таланттын ээси болуп эсептелген көйкашка пендезат  өзөктөш  эки  элге бирдей багып, жүрөк түпкүрүнөн  сүйөт эле. Анын “Мен үчүн өзбек-кыргыз бир журт. Менин журтум” деп, журтташтарынын  бейпилдиги  менен амандыгын, болочогу  менен гүлдөп  торолушун,  дос-жардай кеңешип, жанаша тиричилик кечиришин  шарттоо, жарандарыбызды, бала-бакырабызды  түрдүү пикир келишпестиктер жана карама-каршылыктардан калкалоо жагында  ар качандан бир качан жан күйгүзүп, үлгүлүү ишмердүүлүк жүргүзгөнү жамаатыбызга  жакшы маалым.

Чыңгыз Айтматов баягы   тоталитардык түзүмдүн этегинде  калкыбыздын башына түшкөн “пахта иши”, “өзбек иши”  дегендей  акыйкатсыз  каралоого жана алдын-ала жаманаттылоого  жакабелибизде   кошо ызаланып, бирге  кайгырып, мурдагы Союздун салабат-сөөлөттүү   минбарларында туруп, Өзбекстандын  тунук жүзүн  коргоо  ниетинде  күрөшкөн.  Таанымал мамлекеттик-коомдук ишмерлердин сабында  Чыңгыз Айтматовдун  Ош окуяларынын тынч  бүтүшүндөгү  салмактуу үлүшүн  да эч качан унутпайбыз.

Акылгөй   жазуучу мыкты чыгармалары, а түгүл,  жигердүү жамияттык жумуштары аркылуу дагы   туугандардын  карым-катышындагы бурадарлык  менен ырашкерликти, таттуу  кошуналыкты  жөндөө  салаасында зор милдет  өтөдү. Ал, айтса, 1995-жылы Ташкентте чакырылган  Борбор Азия калктарынын маданият ассамблеясынын демилгечилеринин бири эмес беле.

Чыңгыз Айтматовдун  Шараф Рашидов, Саид Ахмад, Асхад Мухтар, Адыл Якубов, Пиримкул Кадыров, Шукрулло, Төлөпберген Кайыпбергенов, Эркин Вахидов, Абдулла Арипов өңдүү  өзбек адабиятынын атактуу өкүлдөрү менен   жоро-жолдош  жана  санаалаш  калемдеш болгону жаш адабиятчыларыбызга сабак го.

Учурда  дүйнөлүк адабият менен маданиятты Чыңгыз Айтматовдун  нар көтөргүс нарктарысыз  элестетүүгө жарабайт.  Жазуучунун калктын каны-жанын,  кайгы-касыретин  жана үмүт-тилегин, кубаныч-шаттыгын  ажайып  көркөмдүктө  баяндаган чыгармалары жалпы адамзаттык ой жүгүртүү казынасынын баа жеткис берметтерине айланганына баарыбыз күбөбүз.

Атайын астын сызып оозанайын, Чыңгыз Айтматовдун асерлери өтө арбын которулуп, жарык көргөн  өлкөлөрдүн тизмесинде  Өзбекстан адепки  саптардын  бирин ээлейт.

Алыска барбастан,  кийинки 3-4 жылдык мезгилге эле көз чаптырсак, жумриятыбыздын басмаларында жаркын  жазуучунун ондогон китептери басылганына ынанабыз. Айталы, 2014-жылы “Тоолор кулаганда”, “Кыямат”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Эрте келген турналар”, 2015-жылы  эле “Жамыйла”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, ал эми 2016-жылы “Кылым карыткан бир күн”, “Тандалган чыгармалар” аттуу китептери чыкты. 2015-жылдагы  алты томдук “Чыгармаларынын толук топтому”  өзбек китеп сүйүүчүлөрүнө өзгөчө  белек.  Аталган  таржымалар  Асил Рашидов, Ибрахим Гафуров, Сүйүн Караев сыяктуу  алдыңкы  котормочулар тарабынан чоң  чеберчилик менен жүзөгө  ашырылган.

Чыңгыз Айтматовдун өмүрү  менен чыгармачылыгын ар тараптуу, тыкыр  үйрөнүү меселеси дагы такай адабият таануучу окумуштууларыбыздын көңүл чордонунда.  Үстүбүздөгү  заман аралыгында ушул кубулуш  боюнча  бараандуу  илимий изилдөөлөрдүн жазылышы, ири монография жана иликтөөлөрдүн  жарыяланышы Өзбекстанда өз алдынча  “айтматовтаануу мектеби” түзүлгөнүн далилдейт.

Чыңгыз Айтматовдун эл-жерибиздеги  тынчтык менен ысык ымаланы  сактоо, ич  ара достук менен ынтымак чөйрөсүн бекемдөө, улуттук адабиятыбыз жана  маданий алакаларыбызды  чыңдоо  жаатына  кийирген татыктуу салымына ылайык  Өзбекстан Республикасынын жогорку сыйлыгы –“Зор эмгеги үчүн”  орденине арзыганын  сыймыктанып  эскеребиз. Эмкисин  классик  жазуучунун туулганын 90 жылдыгын  мамлекетибизде  да кең-кесири деңгээлде  майрамдоонун  камылгасына астейдил урунуп   жатабыз.

Өзбекстан жана Кыргызстан эгемендүү өнүгүү багытында  арыштап,  өлкөлөрүбүздүн  мамилелери баскычтан  баскычка өйдөлөп  бараткан чакта  Чыңгыз Айтматовдун өлбөс-өчпөс мурасы дале калктарыбыз үчүн олуттуу  жана алгылыктуу мааниге ээ. Аныбыз улуттук сезимибизди өөрчүтүүдө,  түпкүлүктүү  кадыр-баркыбызды түшүнүүдө, арадагы  сыйга сый  маанайыбызды ширетүүдө  өмүр  узарткан мөл  булактай кызмат өтөй бермекчи.

Бүгүнкү күндө жергебизде 300 миңге жакын насили кыргыз  Өзбекстан жарандары  жашайт. Кыргыз балдарга эне тилинде таалим-тарбия берүүчү ондогон мектептердин иши оң жолго коюлган. Тигил  мектептер кыргыз тилиндеги окуу китептеринен өксүбөй  камсыздалмакта. Ушундай окуу китептерин белендөө  үчүн “Өзбекстан” басмасында “Кыргыз тили” бөлүмү уюштурулган. Анжыян Мамлекеттик университетинде кыргыз мектептерине  мугалим кадрлар даярдалат.

Өзбекстан улуттук сыналгы-үналгысында  кыргыз тилиндеги “Айчүрөк” көрсөтүүсү  жана “Эламан” берүүсү обого чыгарылууда.

Азыр республикабызда алты кыргыз маданий борбору бар.  Кандаш  элинин маданияты, тили, үрп-адаты жана каада-салттарын бапестөө,  таратуу андай мекемелердин аракетинин башкы озуйпасы.

Кыргыз  мекендештерибиз мамлекетибиздин турмушунун  мүлдө тармактарында   үзүрлүү эмгектенип жүргөнүн бөтөнчө  белгилөө зарыл. Калайыктын  тобунда  ак жана каарман кызматтарына теңдеш, шайкеш  аброй  тапкан жана өлкөбүздүн мартабалуу сыйлыктарына татыган адамдар бир далай. Биз мындай жердештерибиз менен  мактанууга  акылуубуз.

Өзбек жана кыргыз улуттарынын  дилине  кыттай  уюган, ааламдагы өзүм сымал миллиондогон күйөрмандарынын бешенесине бүткөн сергек, сезимтал  жана кымбат  жазуучубуз  Чыңгыз Айтматовдун эне тилибизде жарык көрүүчү  жаңы китебин окурмандарга сунуш этүүгө батынганым, мага  дүңгүрөгөн даңктын туу чокусундай туюлат.    

Колуңуздардагы  китепти өзбек калкынын боордош Кыргызстандын элине, анын бай тарыхы менен  маданиятына, жарык келечегине карата  бөксөрбөс урмат-ишениминин  да бир жагымдуу көрүнүшү деп билиңиздер.

 Өзбекчеден которгон Абибилла Пазылов (Китепте: Ч. Айтматов. Танланган асарлар: Киссалар. Т.: “Шарк”, 2017.)

Бөлүшүү

Комментарийлер