ЗАМАНБАП МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

  • 17.02.2023
  • 0

ЗАМАНБАП МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Мугалимдин кесиби – бул тынымсыз өзүн-өзү өнүктүрүүнү жана өзүн-өзү өркүндөтүүнү талап кылган кесиптердин бири. Коомдун өнүгүү динамикасы адамдын кесиптик ишмердиги анын кесиптик карьерасынын бүткүл мезгилинде алдын-ала аныкталбагандыгын болжолдойт жана үзгүлтүксүз билим берүү, өзүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн туруктуу жогорулатуу процесси зарылдыгын карайт. Мугалимдин МКТ компетенттүүлүгү мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүнүн курамдык бөлүгү болуп саналат.

2022-жылдын 22-июлунда бекитилген КР мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында “Мектептик жалпы билим берүүнүн максаты туруктуу өнүгүүгө жана бардыгы үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө керектүү болгон билимдерди жана компетенттүүлүктү окуучулар алуу үчүн сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу болуп саналат” деп белгиленген. Мектептик жалпы билим берүүнүн милдеттеринин бири катарында санариптик жана медиа-маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү эсептелет. Маалыматтык каныккан чөйрөдө өсүп келе жаткан муунду окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү үчүн билим берүү системасын өзгөртүү, аны маалыматташтыруу зарыл.

Бүгүнкү күндө ар бир мугалимдин окуу процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларынын (мындан ары МКТ) каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнүн толук спектри бар. Булар – интернеттен алынган маалымат, көптөгөн электрондук окуу куралдары, сөздүктөр жана маалымдамалар, презентациялар, окутуу жана билимди көзөмөлдөөнү автоматташтырган программалар, байланыштын жаңы түрлөрү — мессенджерлер, форумдар, электрондук почта, видеоконференциялар жана башкалар. Ушундан улам, окутуунун мазмуну актуалдаштырылып, билим берүү процессинин катышуучуларынын ортосунда интенсивдүү алмашуу жүргүзүлөт.

Мында мугалим балага билим берип, өнүктүрүп, тарбиялап гана тим болбостон, жаңы технологияларды киргизүү менен өзүн-өзү тарбиялоого, кесипкөй өсүүгө, чыгармачылык жактан өнүгүүсүнө күчтүү стимул алат. Билим берүүдө компьютерди колдонуунун тездик менен өнүгүшү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрүнүн пайда болушу МКТ чөйрөсүндө мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу процессин уюштурууда ар кандай ыкмаларды издөөнү талап кылат.

Азыркы учурда мектептерде МКТнын практикага кеңири киргизилгенине карабастан, билим берүүнү маалыматташтыруу процессин жайылтуучу негизги себептердин бири болуп жаңы технологияларды билген жана аларды өзүнүн кесиптик ишине киргизе алган кадрлардын жетишсиздиги эсептелет.

Мугалимдин маалыматтык-коммуникациялык технологиялары боюнча компетенттүүлүгү жөнүндө сөз

ЗАМАНБАП МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

“Мугалимдин МКТ компетенттүүлүгү” деген эмне?

Кээ бир окумуштуулардын ою боюнча заманбап мугалимдин кесиптик ишмердиги боюнча МКТ компетенттүүлүк бул:

  • педагогдун кесиптик маселелерин МКТ заманбап каражаттарын жана методдорун колдонуу менен чечүү жөндөмдүүлүгү;
  • анын жеке сапаты, кесиптик иште МКТ каражаттарын пайдалануу жаатында даярдыктын реалдуу жетишилген деңгээлин чагылдырган мүнөздөмө;
  • кырдаалды туура баалоого жана МКТны колдонуу менен кесиптик-педагогикалык ишмердүүлүгүндө натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү предметтик-атайын билимдерди уюштуруунун өзгөчө түрү.

Ошентип, мугалимдин МКТ компетенттүүлүгү деп биз анын кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өз алдынча колдонууга даярдыгы жана жөндөмү менен көрсөтүлгөн мугалимдин жеке сапатын түшүнөбүз.

Мугалимдин МКТ компетенттүүлүгүнүн мазмунунун болжолдуу тизмесин төмөнкүдөй карасак болот:

  • Предмет боюнча негизги электрондук (санариптик) окуу куралдарынын тизмесин билүү (дисктерде жана интернетте): электрондук окуу китептери, атластар, интернеттеги санариптик билим берүү ресурстарынын жыйнагы ж. б.
  • Коюлган окуу милдеттерине ылайык санариптик билим берүү ресурстарынан маалыматтарды таап, баалап, тандап жана көрсөтө билүү (мисалы, электрондук окуу китептеринин жана башка окуу куралдарынын материалдарын дисктерде жана интернетте колдонуу).
  • Колдонулган программаны демонстрациялык компьютерге орнотуу, проекциялык техниканы колдонуу, өздүк электрондук дидактикалык материалды түзүү ыкмаларын билүү.
  • Ар кандай маалыматтарды жалпылоо, салыштыруу, карама-каршы коюу, трансформациялоо аркылуу колдо болгон булактардан өзүнүн окуу материалын түзүп, окуу маселелерин чечүү үчүн натыйжалуу түрдө маалыматты өзгөртүп жана көрсөтө билүү.
  • Окуу процесси үчүн керектүү материалдардын ар кандай түрлөрүн оптималдуу чагылдыруу үчүн (тексттик жана таблицалык редакторлор, буклеттерди, сайттарды түзүү программалары, презентация программалары) тандап жана колдоно билүү.
  • ЖИТИ (Жаңы маалыматтык технологиялар жана интернет) методикасын (жаңы маалыматтык технологиялар жана интернет) колдоно билүү – бул МКТ колдонуу менен бир тема менен бириктирилген сабактарды өткөрүү методикасы. Алар берилген тема боюнча сабактарды өткөрүүдө пайдалуу электрондук материалдарга жана веб-сайттарга шилтемелерди камтыйт.
  • Окуучунун окуу ишин уюштуруу инструменттерин (тестирлөө программалары, Электрондук иш дептерлери, окуучунун окуу ишин уюштуруу системалары ж.б.) натыйжалуу колдонуу.
  • Санариптик өздүк портфолиону жана окуучунун портфолиосун түзө билүү.
  • Окуучуларга, ата-энелерге, кесиптештерге, мектеп администрациясына маалымат берүүнүн формасын туура тандай билүү.
  • Тармактык коммуникация долбоорлорунун алкагында окуучулардын ишин уюштуруу (олимпиадалар, сынактар, викториналар ж.б.), окуу процессине дистанциялык колдоо көрсөтүү (зарыл болсо).
  • Мугалим жогоруда айтылгандардын бардыгын аткара алышы үчүн методикалык, уюштуруучулук, техникалык жана мотивациялык колдоо уюштуруу зарыл болот.
  • Практикада мугалимдер бир катар объективдүү себептерден улам сабакта МКТны активдүү колдонушпайт.
  • Бардык эле мугалимдер билим берүү процессинде МКТны колдонууга психологиялык жактан даяр эмес.
  • Белгилүү бир теманы үйрөнүүдө мугалимдин педагогикалык милдеттерин адекваттуу чечүүгө жөндөмдүү электрондук каражаттардын жетишсиз саны.
  • Электрондук окуу куралдарын колдонуу боюнча ички рынокто жеткиликтүү так методологиялык сунуштар жок.
  • Окутуунун өздүк электрондук каражаттарын (презентацияларды, электрондук окуу китептерин, тренажерлорду ж.б.) түзүү үчүн программалык каражаттарды билүү деңгээлинин төмөндүгү.
  • Мугалимдин өзүнүн электрондук дидактикалык материалын түзүүгө, ошондой эле компьютердик окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүүгө, иштеп чыгууга жана ишке ашырууга убактысы жетишпейт.
  • Предметтик мугалимдин МКТ чөйрөсүндөгү компетенцияларынын тизмеси.
  • МКТнын дидактикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жалпы түшүнүктөрдүн болушу.
  • Билим берүү мекемесинин бирдиктүү маалымат мейкиндиги, жеке компьютер, маалыматты киргизүү-чыгаруу жабдуулары, ком-
    пьютердик тармактар жана аларды билим берүү процессинде колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүнүктөрдүн болушу.
  • Мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашыруунун жүрүшүндө жасалган предметтик-кесиптик иш-чараларга, санариптик билим берүү ресурстарына багытталган жалпы билим берүү секторундагы электрондук билим берүү ресурстары жана электрондук басылмалардын рыноктук тенденциялары жөнүндө маалыматтарынын болушу.
  • Окуу-тарбия процессине санариптик билим берүү ресурстарын киргизүү методикасынын негиздерин билүү.
  • Жеке маалыматтык мейкиндикти уюштуруунун, операциялык системанын интерфейсинин, файлдык операцияларды аткаруунун ыкмаларын, файлдык система сыяктуу маалыматтык-билим берүү чөйрөсүн уюштуруунун, тиркемелерди жана электрондук билим берүү ресурстарын орнотуунун жана алып салуунун, маалыматты киргизүүнүн жана чыгаруунун негизги ыкмаларын билүү.
  • Офистик технологиялардын (таратма материалдар, презентациялар ж.б.) жардамы менен предметтик областка ылайык дидактикалык материалдарды жана жумушчу документтерди даярдоо ыкмаларына ээ болуу:

— клавиатурадан текст киргизүү жана аны форматтоо ыкмалары;

— графикалык элементтерди, вектордук графиканын куралдары менен иштөөнүн типтүү ыкмаларын камтыган таратма материалдарды даярдоо;

— таблицалык маалыматтар менен иштөө ыкмалары (тизмелерди түзүү, маалымат карталары, жөнөкөй эсептөөлөр);

— графиктерди жана диаграммаларды куруунун ыкмалары;

— педагогикалык эффективдүү презентацияларды түзүү методикасы (сабак үчүн, мугалимдер кеңешинде доклад, баяндама ж.б. үчүн).

  • Растрдык графиканын негизинде окуу иш-чараларында колдонулган визуалдык жана дидактикалык материалдар үчүн графикалык иллюстрацияларды даярдоонун эң жөнөкөй ыкмаларына ээ болуу:

— презентацияларда жана веб-баракчаларда кийин колдонуу үчүн растрдык сүрөттөрдү оңдоо жана оптималдаштыруу ыкмалары;

— сүрөттөрдү басып чыгаруу, сырткы сактоочу түзүлүштөргө жазуу ыкмалары.

  • Окуу ишмердүүлүгүндө пайдалануунун контекстинде интернеттин негизги кызматтарына жана технологияларына ээ болуу:

— WWWда окуу маалыматын навигациялоо жана издөө ыкмалары, аны кийин педагогикалык процессте колдонуу максатында кабыл алуу жана сактоо;

— электрондук почта жана видеоконференция менен иштөө ыкмалары;

— файлдык архивдер менен иштөө ыкмалары;

— Мессенджерлер (WhatsApp, Telegramm ж.б.) жана башка коммуникация технологиялары менен иштөө ыкмалары.

  • Окуу процессин аралыктан колдоонун технологиялары жана ресурстары жөнүндө түшүнүктөрдүн болушу жана аларды педагогикалык ишмердүүлүккө киргизүү мүмкүнчүлүктөрү.
  • Окуу ишмердүүлүгүн колдоо үчүн сайтты түзүүнүн технологиялык негиздерине ээ болуу:

— окуу ишмердүүлүгүн колдоо сайтынын максаты, түзүмү, навигация куралдары жана дизайны жөнүндө түшүнүктөрдүн болушу;

— веб-баракчанын түзүлүшү жөнүндө түшүнүккө ээ болуу;

— сайтты түзүүнүн эң жөнөкөй ыкмаларына ээ болуу, окуу маалыматты сайт — файлдык система түрүндө берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;

— Интернетте окуу ишмердүүлүгүн колдоо сайтын жарыялоо ыкмаларына ээ болуу.

МКТ компетенцияларына коюлган квалификациялык талаптар

Жалпы билим берүүчү уюмдарынын мугалимдеринин МКТ компетенцияларына коюлган квалификациялык талаптар КР  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген (8-июнь 2021-жыл, Буйрук №978/1). Бул квалификациялык талаптар  мамлекетибиздин социалдык-экономикалык багытын өнүктүрүүнүн жана КР  билим берүүнү өнүктүрүү боюнча 2021-2040- жылдарга карата стратегиясынын максаттарына ылайык “боорукерликти, толеранттуулукту, дүйнөлүк жарандык жана туруктуу өнүгүүнү көздөгөн жүрүм-турумду көрсөткөн жарандык позициясына ээ болгон, КР  жаранынын жана патриотунун калыптанышына салым кошушу үчүн билим берүү уюмдарында балдардын ден соолугу жана бакубаттуулугу үчүн ак ниеттүү, өнүктүрүүчү, коопсуз, инновациялык, жагымдуу, кызыктуу жана оңтойлуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү”  артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган санариптик чөйрөнү өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан. Мугалимдерди тиешелүү түрдө даярдыктан өткөрбөсөк, алдыга коюлган максаттарга жетүү мүмкүн эмес. Ал үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашыруу керек:

  • маалымат менен иштөө үчүн МКТны колдонууну билген, ой жүгүртүүгө, көйгөйлөрдү чечүүгө жана жаңы билим өндүрүүгө, жайылтууга жөндөмдүү болгон кесипкөй адистерди даярдоо;
  • ар бир адамдын билимге ээ болуп, жаңы чечимдерди табууга жөндөмдүү болуусуна, өз турмуштук жолун натыйжалуу башкаруусуна, толук кандуу жана кызыктуу нерселерге каныккан өмүргө жетишип жашоосуна жардам берүү;
  • бардык жарандарды коомдун турмушуна толугу менен катышууга, алардын жашоосуна таасир бере турган чечимдерге салым кошууга үндөө;
  • маданияттар ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө дем берүү жана чыр-чатактарды тынчтык жолу аркылуу чечүүгө түрткү берүү.

ЮНЕСКОнун сунуштары боюнча заманбап мугалим окуучуларга ийгиликтүү кызматташып, келип чыккан маселелерди чечүү, окутуу көндүмдөрүн өздөштүрүү, жыйынтыгында толук кандуу жарандар жана адистер болуп чыгуусуна жардам бере алаарын баса белгилейт. Сунуштар мугалимдердин ишинин бардык аспектилерин камтыйт. Алардын ичинде төмөнкүлөр да бар:

  1. МКТны билим берүү тармагына киргизүү саясаты;
  2. Окуу программасы жана баалоо;
  3. Педагогикалык практика;
  4. Санариптик көндүмдөр;
  5. МКТны колдонуу аркылуу билим берүү процессин уюштуруу жана башкаруу;
  6. Кесиптик өнүгүү.

Ошентип, аталган квалификациялык талаптар менен мугалимдин МКТ жаатындагы компетенттүүлүктү өздөштүрүүнүн үч деңгээли аныкталган:

1-деңгээл. Базалык: билим алуу. Мугалимдер технологияларды пайдалануу боюнча билимге жана негизги МКТ компетенцияларына ээ болушат. Бул базалык билимди алгандан кийин, мугалим мектепте МКТны пайдалануу боюнча потенциалдык артыкчылыктарга ээ болушат. Ошондой эле, мектептин саясаты жана приоритеттүү багыттары боюнча МКТга инвестициялоону пландаштыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүнүк алышат. Бул деңгээлде мугалимдер үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү үчүн технологияларды өздөштүрүшөт.

2-деңгээл. Орточо деңгээл: билимди тереңдетүү. Мугалимдер келечекте окуучуларга багытталган жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана командада иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген МКТ компетенттүүлүктөрүнө ээ болушат. Ошондой эле, бул деңгээл мектептердеги чыныгы жагдайды, маалыматтык технологиялар жаатында мамлекеттик билим берүү саясатын ишке ашырууну, ишти пландаштырууну эске алуу менен келечектеги муктаждыктарды болжолдоону камтыйт. Мугалимдер улуттук жана эл аралык деңгээлде мугалимдер коомчулугуна кошулуп байланышуу менен билимин уланта алышат.

3-деңгээл. Өнүккөн деңгээл: Билимди өндүрүү, жайылтуу. Мугалимдер алдыңкы тажрыйбаларды моделдөөгө жана окуучуларда туруктуу өзгөрүлүп турган дүйнөдө зарыл болгон принципиалдуу жаңы билимдерди, көндүмдөрдү жана баалуулуктарды калыптандырууга өбөлгө түзгөн билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жардам берген компетенттүүлүккө ээ болушат.

Мугалимдердин МКТ компетенттүүлүгүн жогорулатуунун жолдору

Акыркы жылдары мугалимдерди МКТ технологиялары боюнча окутуу системасы кеңири жайылтылды. Ар кандай долбоорлор, квалификацияны жогорулатуу курстары бар, алардын аркасында мугалимдер күнүмдүк ишинде негизги маалыматтык технологияларды колдонууну үйрөнө алышат. Бирок МКТны өздөштүргөн мугалимдердин баары эле алган билимдерин жана көндүмдөрүн кесиптик педагогикалык ишмердүүлүктө эффективдүү колдоно алышпайт, анткени колдонуучу деңгээлинде жеке компьютер менен иштей алуу компьютердик технологияларды колдонуу менен окутууну уюштуруунун педагогикалык негиздерин өнүктүрүү менен коштолбойт жана кесиптик маселелерди чечүүдө жеке компьютерди эффективдүү колдоно билүү дегенди билдирбейт.

Билим берүү тармагында жаңы маалыматтык ресурстарды түзүүнүн жана жаңы билим берүү кызматтарын, анын ичинде тармактык кызматтарды көрсөтүүнүн интенсивдүү процесстери жүрүп жатат. Демек, мугалимдерди МКТны колдонууга даярдоо процесси бир жолку жана кыска мөөнөттүү гана болушу мүмкүн эмес (салт боюнча мугалимдер беш жылда бир жолу квалификациясын жогорулатат). Эгерде бүтүндөй педагогикалык жамаатка маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу, коллективдин маалыматтык-коммуникациялык компетенттүүлүгүнүн учурдагы деңгээлин жогорулатуу максат болсо, анда окутууну алардын иштеген мектебинде уюштуруу керек.

Окуу процесси бир нече этап менен көрсөтүлүшү мүмкүн. Биринчи этапта МКТнын негизги компетенциясынын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн жогорулашы байкалат, б.а. колдонуучунун деңгээлинде билим берүү процессинде МКТны колдонуу менен байланышкан билимдердин жана көндүмдөрдүн оптималдуу вариантын калыптандыруу.

Экинчи этап тьюторду, насаатчыны даярдоого байланыштуу болот. Ал уюштуруу-башкаруу МКТ компетенттүүлүгүнө ээ болушу керек жана МКТ жаатындагы билимин кесиптештерине жана окуучуларына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жана даярдыгы катары каралат. МКТ компетенттүүлүгүн жогорулатуу процессинде насаатчынын ролу олуттуу жана ар түрдүү. Насаатчынын кызмат ордун методист, усулдук бирикменин жетекчиси, методикалык функцияны аткаруучу завуч ээлей алат. Бул топко технологияны жетиштүү деңгээлде өздөштүргөн мугалимдерди да кошсо болот. Маалыматтык-коммуникациялык компетенттүүлүктү жогорулатуу системасындагы насаатчынын иши технологиялык деңгээлдеги компетенцияга ээ болгон мугалимдерди даярдоо милдети менен аныкталат.

Мугалимдин экинчи деңгээлдеги маалыматтык компетенттүүлүгүн ыйгаруу анын практикалык ишмердүүлүгүн талдоонун негизинде бааланышы мүмкүн. Бул учурда төмөнкүдөй өзгөчөлүктөргө ээ:

МКТны колдонуу менен сабактарды өткөрүүгө ички мотивация, муктаждык жана даярдык;

  • алган теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жалпысынан практикалык педагогикалык ишмердүүлүккө аң-сезимдүү которууну билүү. Бул мугалимдин кесиптик-педагогикалык компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө шарт түзөт;
  • даяр мультимедиалык программаларды окуу процессинде, билим берүүчү интернет-ресурстарында колдонуу, салттуу сабактын ар кандай этаптарына МКТ жана интернет ресурстарын киргизүү;
  • топтор менен онлайн баарлашуу, социалдык кызматтарды пайдалануу;
  • окуу процессинде өздөрүнүн эң жөнөкөй жана жеткиликтүү программалык продуктуларын, билим берүү сайттарын түзүү жана колдонуу.
  • окуу процессинде жаңы технологиялык чечимдерди колдонуу: телеконференциялар, видеоконференциялар, санариптик, интерактивдик доскалар ж.б.

Кийинки этапта өз предметин окутууда МКТны аң-сезимдүү методикалык компетенттүү колдонууга ылайык келген мугалимдин тереңдетилген МКТ компетенттүүлүгүн калыптандыруу ишке ашырылат. Предметтик-тереңдетилген компетенттүүлүккө ээ болуу мугалимге мугалим-кеңешчи болууга мүмкүндүк берет.

Андан кийин корпоративдик МКТ компетенттүүлүгүн калыптандыруу менен байланышкан этап келет, ага ээ болуу мектептин окуу процессине МКТны киргизүү менен байланышкан көйгөйлөрдү командада көрүүгө жана чечүүгө, бул багытта изилдөөчү болууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле мектептер аралык тармак аркылуу өз ара байланышуунун демилгечиси да боло алышат.

МКТ боюнча компетенттүүлүктүн деңгээлин жогорулатуу үчүн мугалим:

  • билим берүү практикасында МКТны колдонуу боюнча ар кандай деңгээлдеги семинарларга катышуу;
  • кесиптик сынактарга, онлайн форумдарга жана мугалимдердин кеңешмелерине катышуу;
  • сабактарга даярданууда, факультативдерде, долбоордук ишмердүүлүктө санариптик технологиялардын жана инструменттердин кеңири спектрин колдонуу: тексттик редакторлор, сүрөт иштетүүчү программалар, презентацияларды даярдоо программалары, электрондук таблицалар;
  • Санариптик билим берүү ресурстарынын коллекциясын жана интернет ресурстарын пайдаланууну камсыз кылуу;
  • МКТны активдүү колдонуу менен аткарылуучу окуу тапшырмаларынын банкын түзүү;
  • МКТны колдонуу боюнча өз долбоорлорун иштеп чыгуу.

Компьютер бул жөн гана курал, аны колдонуу окуу системасына органикалык түрдө туура келиши керек, сабактын максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө көмөктөшүүсү зарыл. Компьютер мугалимди же окуу китебин алмаштырбайт, бирок педагогикалык иштин мүнөзүн түп-тамырынан бери өзгөртөт. Окутуунун негизги методологиялык проблемасы “материалды кантип жакшыраак айтуу керек” дегенден “кантип мыкты көрсөтүүгө” өтүү.

Заманбап мугалимдин МКТ компетенттүүлүгүн калыптандыруу көбүнчө анын иштеген мектебинин ичинде ишке ашат. Ошондуктан жалпы билим берүү мекемесинин жетекчилиги ар бир мугалимдин бул компетенттүүлүгүн акырындык менен өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды уюштуруусу максатка ылайыктуу.

У.Мамбетакунов, профессор, Ж. Мокешов, МКТ боюнча эксперт

Бөлүшүү

Комментарийлер