“Заманбап кыргыз тили 2.0”: бизнес кыргыз тилин тандады
- 15.03.2024
- 0
Талкуу
Билим берүү жана илим министрлиги радикалдуу чечим кабыл алуу менен кыргыз тилин күчтөп үйрөтө албайт. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева «Заманбап кыргыз тили 2.0» форумунда билдирди. Анда мамлекеттик тилдин бизнестеги орду талкууланды.
Министр 1-класстан 11-класска чейин жалпы билим берүү базистик окуу планында мамлекеттик тилге эң көп саат берилгенин, бирок, тилекке каршы, кыргыз тилин билбеген балдар бар экени өкүндүрөт деди.
Анын айтымында, акыркы иликтөөлөр экономикалык өз ара кызматташуу өлкөлөрүнүн ичинде биздин 15 жаштагы балдардын 62% түшүнүү, окуу көндүмдөрү жок, кыргыз тилин билсе да пайдаланбайт, маалыматтарды талдабайт деп көрсөткөн.
“Билим берүү жана илим министрлиги радикалдуу чечим кабыл алуу менен кыргыз тилин күчтөп үйрөтө албайбыз. Тилди өнүктүрүү үчүн ошол тилде ырда, ошол тилде оку, ошол тилде ук, чечмелей бил. Мындан бир нече жыл мурун Эстониянын билим министринин орун басары менен сүйлөшүп калдым. Ал орус тилинде начар сүйлөп жатат, мен түрк тилдүү элдин кызымын, сиз болсо орус тилдүү аймакка жакын жашап тилди билбегендин себеби эмнеде деп кызыксам, ал “Биздин ата-энебиз көчөдөн кайсы сөздү уксаң ук, кайсы маданиятты алсаң алгын, бирок өз үйүңдө өз тилиңде, өзүңдүн маданиятыңды сактап, бийик тут. Болбосо бизди учурунда канчалаган өлкө басып алып, өз тилин, маданиятын, салтын таңуулады. Эгерде үй-бүлөдө уютку, уңгу болгон тилге болгон асыл баалуулуктар болбосо, биз деле тилибизди жоготмокпуз” дегени эсимде. Демек, адам катары миссияң – өз тилиңди билүү, мурас катары улантуу”, – деди Догдуркүл Шаршеевна.
Министр ошондой эле билим берүүдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатканына токтолду.
“Министрлик “Алтын казык” деген билим берүүнү трансформациялоого багыт алдык. Эмнеге Алтын казык деген суроо туулат. Алтын казык – жол көрсөткөн жалгыз жылдыз. Ал ордунан жылбайт, баары анын айланасында тегеренет. Эгерде үй-бүлөдө үй-бүлөлүк, мурастык, салттык, улуттук, мамлекеттик баалуулуктарга багытталган тарбия болбосо ал өнүкпөйт.
12 жылдык окууга өтүүнү президент колдоп берди. Азыркы нөлдүк класстын бардыгы биринчи класс деп аталат дагы, 10-11-12-класстар адистештирилип окутулат. Мектеп базасында, балким, ашпозчу, чач тарач, ширетүүчү болобу ушул сыяктуу кесиптердин ээси болуп чыкканга шарт түзүп беребиз. Биз дүйнөдө билим берүүдөгү жетишкендиктери менен биринчи орунда турган Сингапурдун “Marshall Cavendish” басма үйү менен биргеликте 48 окуу китебин кыргыз тилине ылайыкташтырабыз”, – деди министр.
Форумга катышкан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик тилди бизнес чөйрөсү колдоого алып жатканына кубанып, тилдин келечеги кең, кеңири жайылат деп ишенерин билдирди.
“Өзүнүн наркын, салтын, тилин унутпаган эл эч качан жоголбойт. Тилин билген эл бул башка тилдерди ээрчип кетпейт, салтын билген эл көрүнгөндүн салтын өзүнө сиңирбейт, Кыргызстанда кандай көрүнүш болсо да аны түшүндүрө алган бийик, ыйык, касиеттүү тилибиз бар. Тил бар үчүн биз жүрөбүз. Кантип сакташыбыз керек деген суроого баары силердин колуңарда деп жооп берет элем. Жаштар, кыргыз тилин модага айлантуубуз зарыл. Кандай гана министр, төрага келбесин, миң таңууласа да тилди өнүктүрө албайт. Себеби биз, өзүбүз, кыргыз тилинде сүйлөбөйбүз. Зарылчылыкты жаратышыбыз керек”, – деп кайрылды жаштарга мамлекеттик катчы.
Ал биздин эле тил эмес дүйнөнү дүңгүрөткөн англис тили, орус тили, испан тили да коргоого муктаж экенин, мындан эки жыл мурун Улуу Британияда улуттук тилди сактап калуу боюнча нормативдик документ, Россияда болсо ошол эле документ 2014-жылы кабыл алынганын мисал кылып айтып берди.
“Бул өлкөлөрдө улуттук нарктуулукту, салтты, тилди коргойбуз деп маселе көтөрүп чыгышкан. Тилдин улут уютуучу, журт сактоочу, укумдан тукумга атанын салтын, наркын жеткирип берүүчү касиети бар экен. Кыргыз тилин 1000 адам сактап кала албайт, эл, коом жалпы аракет кылышы шарт. Бүгүнкү форумдун касиеттүү жери – билимде, бизнесте, ишкерликте жаңы заманбап технологияларды кыргыз журтуна сиңирүүдө, калыптандырууда кыргыз тили менен жеткирели деген демилгеси. Бир-эки сүйлөм менен ойду туюндурган заманда материалдык баалуулуктар менен бири-бирин таң калтыра албайт адам. Салт-санаа, каада-салт, тили жана маданияты менен таң калтыра алабыз. Ошондуктан нарк тилди сактайт, тил наркты сактайт, нарк элди сактайт. Элдин элдүүлүгүн, улуттун уюткусун сактап калуу үчүн тилди кеңири пайдаланып, сакташыбыз керек. Мамлекеттик тилде баарлашууну өнөкөткө, адатка айлантышыбыз зарыл”, – деп С. Касмамбетов өтө орчундуу, зоболосу бийик, тилеги жакшы форумга ийгилик каалады.
Ал эми Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы М. Мураталиев бул тармактагы айрым маселе, сапат жана жетишкендиктерге токтолду.
“Бул форум өлкөбүздүн келечек ээлери болгон жаштар үчүн, анын ичинде ишкерлер үчүн да чоң мааниге ээ. Андыктан тилибизди күнүмдүк турмушта гана эмес, бизнес чөйрөсүндө жайылтуу да учурдун талабы”, – деди төрага.
Ал ошондой эле “КР мамлекеттик тили тууралуу” Конституциялык мыйзамдын ишке кирүүсү кыргыз тилинин коомдогу, бизнестеги ордун жогорулатты. Кыргыз тили бизнестин ийгилигинин негизги фактору, мамлекеттик тилде жарнама берүү, керектөөчүлөрдү тейлөө, маалымат алуу өнүгүү жолунда деп кошумчалады.
Иш-чара панелдик талкуу менен уланды. Талкууга D Billions компаниясынын жетекчиси Акбар Сүйүнбаев, “Этномедиа” онлайн-кинотеатрынын негиздөөчүсү Сүйүн Откеев, ишкер Жодар Сайдилкан, Sherden брендинин негиздөөчүсү Миррахим Опош жана алып баруучу Урмат Борченов чакырылган. Алар өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилдин абалы, маселелер кантип чечилип жатканына токтолуп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Иш-чаранын модератору Урмат Борченов жаштар арасында эне тили колдонулбай жаткандыгын айтты.
«Кыргыз тилинде баарлашуу кандай керемет. Азыркы жаштарга кыргызча суроо берсең орусча жооп аласың. Бул өкүнүчтүү. Эртең эле кайра ушул жолугушуулар, ушул маселе көтөрүлбөшү үчүн бүгүндөн тарта эне тилибизди сактап калууда чечкиндүү кадамдарды жасайлы», – деген алып баруучу форумдун катышуучуларын өз салымдарын кошууга чакырды.
Форумду Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясы, «Тилимпоз» уюму, «Инновация» коомдук кыймылы, «Номад колледж» мекемеси менен биргеликте уюштурду.
“Тилимпоздун” маалыматы: Кыргызстандын 76% кыргыз жараны түзөт, демек, элдин 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Дүйнөдө 7 164 тил бар, ошол тилдердин ичинен кыргыз тили 179-орунда турат. Бүгүнкү күндө 3045 тил жок болуп кетүү коркунучунда.
Эльвира Какиева, “Кут Билим”
Сүрөттөр Турсунай Калмурат кызына таандык
Комментарийлер