ЗАМАН МЕНЕН КАДАМДАШ БОЛ, МУГАЛИМ!

  • 18.05.2023
  • 0

“Эгерде биздин мугалимдер азыркы доордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, заманбап билимге ээ болуп, көндүмдөрдү үйрөнүп жана өзү үчүн жаңы горизонтторду таппаса, изденбесе, анда биздин балдар 25 жыл мурдагы билим менен артта калып калат. Биз балдарыбызды 25 жылдан кийин өзү жашай турган доордун талаптарына окутушубуз керек”, — деди Акылбек Жапаров, 17-майда Бишкекте өткөн “Санарип мектеп”санариптик технологияларды колдонуу менен окутуунун заманбап жана натыйжалуу билим берүү системасын түзүү” аталышындагы форумда.Аталган форумга Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Эл аралык өнөктөштөр, “Mozaik Education” венгер компаниясынын директору Петер Торок, Министрликтин ведомстволук мекемелеринин өкүлдөрү, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектеп директорлору катышты.

А.Жапаров өз сөзүндө коом маалыматтык технологиялардын жетишкендиктеринин аркасында өтө тездик менен өнүгүп жаткандыгына  карата, ийкемдүү ой жүгүртүүнү карманууга, дайыма өзгөрүп турган шарттарга ыңгайлашууга, глобалдык санариптик трансформациядан артта калбай, тескерисинче өз ордун табууга даяр болуу абдан маанилүү экенин, жана бул жаатта IT секторунун өсүшү өлкө үчүн кызыктуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын, ошондой эле азыркы сабатсыз, компетенттүү эмес адам – жасалма интеллект технологиясы менен жашай албаган, өз ара аракеттене албаган адам, деп баса белгиледи.

“Бул дүйнө жүзү боюнча билим берүү тутумунда революцияны, окутуу жана көндүмдөр концепциясын кайрадан карап чыгууну талап кылат.

Азыр маалыматтык технологиялар жаштарга – социалдык абалына, каржылык абалына, башка факторлорго карабастан, бирдей мүмкүнчүлүк берди.

Балдардын билимин, технологиядагы кызыгуусун туура жолго буруп кетүү үчүн баарынан мурда мугалим ойлонушу керек. Технологиялар доорунда мугалимдин сабаттуулугу менен окуучунун сабаттуулугун айырмалап, туура жыйынтык чыгаргандай болушубуз керек”, – деди Акылбек Жапаров.

Ааламга жол айылдан башталат…

“Мурда биз билим алыш үчүн Америка менен Европага барсак, эми Ноокаттан эле окуса болот”, — деди Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев, форумунда.

Кеп төркүнү жакында болуп өткөн “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыгынын статистикасында эле. Алыскы Ноокат жергесиндеги “Ноокат билимканасы” лицей-интернаты отличник, медалист жана бюджеттик орундарга окууга өтүп, окуган окуучулардын саны боюнча борбордун эң мыкты мектептери менен ат салыша ала турган потенциалы бар экенин айтып өттү министр.

“Тоо этегинде жайгашкан бул мектептин Бишкектеги күчтүү деген мектептердегидей жабдуулар эмес, тыңыраак спортзалы деле жок экен. Ага карабастан, мектептин тарыхында 196 окуучусу алтын медаль алган жана 1 247 окуучу мектепти бүтүрүп, бардыгы жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүнө өткөн. Директору Мамаюсупов жана мугалимдери кадимкидей эле эл катары айлык алышат, демек окутуу айлыктан деле көз каранды эмес экен да. Мисалга алсак, жалпы Ысык-Көл  облусу боюнча “Алтын тамгага” сегиз окуучу татыктуу болсо, Ноокат боюнча тогуз окуучу артыкчылык аттестатка ээ болот”, — деди ал.

Каныбек Капашевич, билим сапаты мугалимдин эмгек акысынын көлөмүнөн эмес, анын талантынан көз каранды экенин белгилөө менен, бул лицейдин тажрыйбасын үйрөнүү максатында региондордун жана Бишкектин директорлорун тажрыйба алмашуу үчүн жаңырган окуу жылынан баштап, жиберип туруу керектигин айтты. Анткени “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 2000ге жакын бүтүрүүчүнүн ичинен 167 гана  өз билимин тастыктай алган. Ушундан улам, мугалимдер жана директорлор алдыңкы тажрыйбага муктаж экени ачык болуп турат.

Кыргызстан эл аралык PISA сынагына баратат

 Алдыдагы PISA-25 сынагына катышуу үчүн өлкөнүн бардык мектептери жапа тырмак даярдык көрүү этаптарын башынан өткөрүп жатат. Аталган эл аралык сынагына даярдануу боюнча Улуттук координатор Оңолкан Уманкулованын айтымында, министрлик тарабынан жактырылган “Mozaik” программасын колдоорун жана анын сынакка бара жаткан окуучуларга көп кырдуу билим берерин айтты.

“Урматтуу мектеп директорлору! Бүгүн өнөктөштөр тарабынан сунушталып, презентацияланган “Mozaik” программасы PISA баалоосунун чегиндеги талап кылынган бардык көндүмдөрдү  өздөштүрүүнү камтыйт. Бул 2025-жылы болуучу “Санарип дүйнөсүндөгү окутуу” баалоо компоненти болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө, Билим берүү министрлиги Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен PISA-25 сынагына даярдык иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми мугалимдердин даярдыгы түздөн-түз сиздерден көз каранды. Директорлор сынакка даярдануунун борбордук бөлүгүн түзөт. Эмне кыла алам жана эмне кылышым керек деген суроо жаралдыбы? Активдүү “PISA даярдык” кампанияларын өткөзгүлө, жаңы технологияларды ишке киргизгиле, мугалимдерди жана окуучуларды медиа сабаттуулукка окуткула, колдогула. 2025-жылга чейин окуучулар жана мугалимдер компьютердик техниканы ишенимдүү колдонууга, маалыматты изилдей билүүгө жетишиш керек. PISA – мамлекеттин билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү”, — деди ал өз сөзүндө.

Ал эми Билим берүү сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун директору Б.Шамшидинова санариптик баалоо тутумунун аркасында өлкөдөгү мектеп окуучулары эле эмес, чоң адамдар жана мугалимдер арасындагы өткөрүлүп жаткан сынактардын түрлөрү жөнүндө айтып өттү.

“Мисал үчүн, директорлордун сынагынын алты туру өттү. Ал сынак  мугалимдердин көпчүлүгү билими жогору болгону менен медиа көндүмдөрү төмөн экендигин көрсөттү. Окуучулар арасында бир катар онлайт тестирлөө  өткөрүлдү. Өкүнүчтүүсү онлайн тестирлөө жүргүзгөн учурларда айрым мектептерде компьютер класстары, интернеттин жоктугу кедерги болуп келүүдө.                      Учурда Улуттук “Баалоо” программасы реалдуу режимде 200 мектептин катышуусу менен өтүп жатат. Бул PISA-25 өнөктөштүгүнө жакындашып кетет. Менимче, PISA га даярдык PISA эл аралык баалоо программасы үчүн эмес, PISA – билим берүү тутуму үчүн иштеш керек!”, — деди Бактыгүл айым.

Айнура Асаналиева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер