ЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ МЕКТЕП

  • 17.04.2019
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата Билим берүү жана илим министрлиги Кочкор айылындагы Нинакан  Жүндүбаева  атындагы мектепгимназияда “Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү” программасы боюнча мугалимдерди окутуу, ошондой эле “Айбилим”, “Билим  булагы” ачык билим берүү ресурстарынын мультимедиалык комплекси менен иштеп жаткан иш-аракеттери менен журналисттерди тааныштырды.  

ЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ МЕКТЕП

Нинакан  Жүндүбаева  атындагы мектеп-гимназия республикадагы инновациялык 30 мектептин катарында. Мектеп жамааты Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып өткөрүлгөн көптөгөн семинарларга катышып келүүдө. Мектепте мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн уюштуруунун жаӊы ыкмасы менен иш алып баруу дагы жакшы өздөштүрүлгөн. Сабакты талдоолор жаӊы ыкмалар менен жүргүзүлөт. Инновациялык мектеп катары интерактивдүү такталарды колдонуу, окутуунун жаӊы ыкмаларын жайылтуу максатында торчо (кластердик) мектептерге (Калыгул Бай уулу, Капар Кыдыралиев, Б.Исакеев, Турсун Темирова, Турдакун Усубалиев атындагы орто мектеп) жайылтуу максатында план түзүлүп иштер аткарылып  жатат.

ЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ МЕКТЕП

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Самара Умралиеванын журналисттерге берген маалыматына таянсак, 2014-2015-окуу жылында «100 инновациялык мектеп» долбоору ишке кирип, кийин анын ичинен 30 мыкты инновациялык мектеп эксперименталдык аянтча катары тандалып алынган.

  • Н.Жүндүбаева атындагы мектеп «100 инновациялык мектеп» долбоорунун жеӊүүчүсү. Кайра эле 100 мектептин ичинен бул гимназия  30 инновациялык  мектептин  катарына  кирген. Билим берүүнүн стратегиясын өнүктүрүү үчүн ушул 30 мектепте жаңы стандарттын апробациясы өткөрүлөт. Бул өтө татаал процесс. Стандарттар азыркы учурда жазылып жатат. Апробациялар Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын ж.б. аймактарда өткөрүлөт. Ошондой эле ушул мектептердин базасында мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү да жүргүзүлөт. Анткени республика боюнча 73000 мугалим бар. Алардын ар бири беш жылда бир жолу билимин жогорулатып турса, анын 30 миңи жогорулатканга үлгүрбөйт. Ошондуктан ушул эксперименталдык аянтчада мугалимдер жаңы ыкмаларга, жаңы стандарттарга окуй башташат. Мына бүгүн Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназияда торчо мектептердин мугалимдери келип, заманбап технология менен иштегенди үйрөнүп жатышат.  Мындан тышкары бул инновациялык мектептер Казакстандагы мектептер менен кызматташып, тажрыйба алмашышат. Ар бир райондо жок дегенде бирден министрликтин таяныч мектептери болушу керек, — дейт Самара Умралиева.

Нинакан  Жүндүбаева  атындагы мектеп-гимназиянын директору Тынчтыкбек Турсуналиев журналисттерге заманбап технологиялар менен жабдылган окуу кабинеттерин көрсөттү. Биз барган учурда гимназиянын торчо мектептеринен келген мугалимдер үзгүлтүксүз кесибин өнүктүрүү боюнча окуп жатышыптыр.

  • Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүдө мугалимдер 22 компетенттүүлүктү кантип ишке ашырыш керек, сабакта аларды кантип колдонуш керек, сабактын максатын кантип коюш керек, ошол аркылуу окуучулардын билим сапатын кантип көтөрүш керек деген темаларда тренинг өтүп жатам, — дейт мектептин директорунун орун басары Дамира Асанова.

Инновациялык мектептин катарына киргенден кийин АБР төрт кабинет жана бир мультимедиалык кабинетти жабдып бериптир. Мультимедиалык кабинет мугалимдер үчүн экен. Андан тышкары торчо мектептердин мугалимдери да бул кабинетке келип, компьютер менен иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлүптүр.

  • Бош убакта мугалимдер бул кабинетке келип, сабактарына даярданышат. Билбегендерин үйрөнүшөт. Сабактардын пландарын электрондук форматта жазып жатышат. Ал эми информатик мугалимдерибиз кесиптештерине жумасына бир жолу сабак өтүп турушат. Бул 1,5 млн. сомго жабдылган кабинет. 11 компьютер, 1 принтер, интерактивдүү такта бар. Мектепте 112 мугалим иштейт, көбүнчөсү акыркы технология менен иштегенге үйрөнүп жатышат. Гимназияда жогорку ылдамдыктагы интернет туташтырылган. Андан тышкары 80% зымсыз интернет коюлду, — дейт мектеп директору.

2017-2018-окуу жылы Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы АБРдин каржылоосу менен инновациялык мектеп боюнча  химия, биология, физика, география кабинеттерине капиталдык ремонт иштери  жүргүзүлүп жана мектептин  сыртына жаӊы даараткана курулган.

Быйылкы окуу жылында химия, биология, физика, география  кабинеттери 15 парта, 30 стул мугалимдин партасы стулу менен жана бир компьютер, проектор, экран жана кошумча доскалар менен жабдылган. Ошондой эле аталган сабактарга тиешелүү көрсөтмө куралдар, лабораториялык приборлор менен камсыз болду.  Жалпы мектепке  4 млн. 82 миң 250 (4082 250) сом тартылган.

Физика кабинетине киргенде жогорку класстын окуучулары лабораториялык иштерди жүргүзүп жатышыптыр. Жакында эле Нарын шаарында өткөн ойлоп табуучулардын облустук сынагында Бексултан деген окуучу жасалма шаркыратмасы үчүн 1-орунду жеңип алыптыр.

ЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ МЕКТЕП

  • Бул шаркыратманын моделин бардык адамдарга арнагам. Анткени адамдын баары эле шаркыратмага бара койбойт. Гүлдөрдүн жанына коюп койсо да болот. Мындан тышкары учкучтарга машыгуучу самолеттун моделин жасагам, — дейт окуучу.
  • ЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ МЕКТЕП

Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясы үч кабаттуу,  типтүү, 1176 орундуу. 2001-2002-окуу жылында Н. Жүндүбаева атындагы «мектеп гимназия»  статусуна  Нарын облусунда биринчилерден болуп  ээ болгон. Ал эми 2008-2009-окуу жылынан баштап инклюзивдик билим берүү долбоору менен  пилоттук  мектеп болуп аталган. 2010-2011-окуу жылында мектеп республикалык  олимпиадада  үзгүлтүксүз  көрсөткөн  ийгиликтери  үчүн 10 мыкты  мектептин  катарына  кирип,  Билим берүү жана илим министрлигинин атайын  «Сертификаты»  жана  компьютер  менен сыйланган. 2014-2015–окуу жылы «100 инновациялык мектеп» долбоорунун  жеӊүүчүсү, кайра эле 100 мектептин ичинен 30 мектепти тандоодо  30 инновациялык  мектептин  катарына  кирген.

Аталган мектеп 2014-2015-окуу  жылында  ПРООНдун  азык-түлүк  программасына  кирип, 1 млн. сомго мектептин ашканасы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган жана 1-4–класстар боюнча жалпы 679 окуучуга ысык тамак бериле баштаган. Ар бир балага мамлекет тарабынан 10 сом бөлүнсө, ал эми ата-энелер тарабынан 5 сомдон кошумча каражат берилет.

Азыркы  мезгилде  мектепте  112  мугалим  эмгектенет. Анын ичинде 99 мугалим жогорку, 5 магистр, 10 атайын орто билимдүү. Мектеп ичинде жалпысынан  60 класс  комплект  бар,   жалпысынан  1476 окуучу билим алат, анын ичинен жогорку класстар – 797 окуучу,   башталгыч  класстар  – 679 окуучу.

— Биздин  мектеп бир нече долбоорлор менен иштешет.  Мисалы, 2015-2016–окуу жылы 1-4-класстарда «Бирге окуйбуз» жана «Келгиле окуйлу» USAID эл аралык программасын ишке ашыруудабыз. «Бирге окуйбуз» доолбору боюнча: Тыбышты кабыл алуу; алфавитти таануу; сөз байлыгын өстүрүү; шар окуу; түшүнүп окуу көндүмдөрүн жакшыртууга басым жасалган. «Окурман достор», «Окурман ата- эне», «Окуу лагери». Ата-эне жана коомчулук менен биргеликте иштөө жолго коюлган жана сабактарда калыптандыруучу баалоо, кайтарым байланыштар жүргүзүлөт, — дейт жетекчи.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»,

Бишкек – Кочкор — Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер