ЗАЛКАРДЫН РУХИЙ ДЕМИ МЕНЕН
- 16.03.2023
- 0
Жарыгы таӊкы чолпон жылдыздай балбылдап жанып, улуттун рухий өнүгүүсүнө багыт бере келген улуу жазуучу, залкар ойчул Чыӊгыз Айтматов жөнүндө сөз миӊдеген жылдар кийин да түгөнбөйт. Жетимиш жылдык мазмундуу жолуна бүгүн көз чаптырып жаткан биздин “Кут Билим” (мурдагы “Мугалимдер газетасы”) үчүн да бул ысым өзгөчө мааниге ээ.
Биздин гезитте Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча көптөгөн публицистикалык ой толгоолор, сабак иштелмелери (мисалы, Мариям Ирисованын эмгектери) жарык көрүп келет.
Тагдырдын буйругу менен бул темага мен да киришип калдым. Төмөндө айрым макалаларымдын тарыхын эскерейин.
“Замандаш тууганга” жооп жазганда
1995-жылы “Наш современник” журналына Владимир Бондаренко аттуу автордун шовинисттик маанайдагы макаласы чыккан. Кеп жазуучуну коргоодо эмес, ал буга муктаж деле болбогон. Чыңгыз Айтматовго кимдер гана сын такпады, азыр дагы канчасы жүрөт. Алардын көпчүлүгү көңүл бурганга арзыбайт. Гоголдун Собакевичиндей болгон кайдагы бир бузукунун куру кыйкырыгы дүйнөлүк жазуучунун беделине тырмактай да зыян келтире албайт. Бирок Айтматовго асылуу менен, орус эместерди кемсинтүүгө, улут аралык кастыкты күчөтүүгө жанталашкан шовинисттин чагымчылыгын ашкерелөө керек эле. Ошол макаланы көрүп калган өзүбүздүн эле кыргыздар “Кыргыз маданияты” гезитине көчүрүп чыгарганы да уят иш болгон.
Бондаренконун макаласын окуганда ушунчалык ачуулангандыктан, ага катыра жооп бериш керек деп чечтим. Жаза баштаган тезистеримди айтмакчы болуп илимий жетекчим раматылык Кеңешбек Асаналиевге барсам, ооз ачтырбай койду, мен да жазып жатам, бири-бирибизге таасир этип койбош үчүн идеяларды ортого салбай коё туралы деп. “Кто он, ‘современник-родственник’?” деген аталыштагы макалам “Кутбилим” гезитине чыкты. Ошол арада «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине Чыңгыз Айтматов Бельгиядан учуп келгенде бул гезитти окуп, абдан ыраазы болгон экен.
Дагы бир жума өткөндө К.Асаналиевдин “Не Шекспир главное, а примечания к нему” деген көлөмдүү, мазмуну терең, ар бир сөзү бутага таамай тийген макаласы жарык көрдү. Ошондо мен жазуу стилимде кандай кемчиликтер бар экенин даана байкадым, залкар сынчынын талантына, илимий камылгасына тан бердим.
Бул менин автор катары тааныла баштаганыма жана “Кутбилимге” келип калышыма” себепчи болгон макалалардын бири эле.
Улутка каршы эки уюл
1996-жылы Улуттук китепканада ЮНЕСКОнун колдоосу менен улут аралык ынтымакты бекемдөө темасына арналган чоӊ форум болду, ага Чыӊгыз Айтматов өзү катышты. Ошол күндөрү “Кутбилимге” (гезиттин аталышы мурда ушундай жазылчу) жарык көргөн “Два полюса антинационального” деген публицистикалык макаламды жазуучунун жардамчысы Дөөлөтбек Шадыкановго бердим.
Бир-эки күндөн кийин Улуттук илимдер академиясында Айтматов менен жолугушуу болорун угуп, гезиттин баш редактору Кубат Чекиров экөөбүз бардык. Кубат кыргыз гезиттерин окуйсузбу деп сурады.
— Бишкекке келгенде колума тийгендерин барактайм, темасы көӊүл бургудай болсо, айрым тексттерге көз чаптырам. Маанилүү ойлор бар экенин байкасам, окуп чыгам. Жакында “Кутбилимден” Турдубаев деген автордун бир макаласын окудум. Дүйнөлүк деӊгээлде жазыптыр! – деди Чыӊгыз Айтматов.
Албетте, бул мактоону мен ошондой бийиктикке үндөгөн, шыктандырган насыя (аванс) баа деп кабыл алдым. Залкар жазуучу ал макаладагы “улутчулмун” деп иш жүзүндө улутка зыяны келтирип жатканын билбегендер жөнүндөгү ойлорума көӊүл бурган окшойт. Өзүбүздү баарынан өйдө коюп, өзгөлөрдү акарат кылсам эле улутчул болгонум деп ойлогон пенделер чындыгында кошуна өлкөлөр, башка мамлекеттер менен болуучу зарыл мамилеге кандай таасир этиши мүмкүн? Айрыкча таанымал авторлор, кызмат даражасы жогору кишилер мындай сөздөрдү айтпашы керек эмеспи?..
Улутка каршы “ички уюл” — ушулар. Тышкысы – шовинисттер, динге, ар кандай “-измдерге” жамынган рухий диверсанттар.
Тилекке каршы, бул маселе азыркы маалымат сели каптаган доордо ого бетер оорлошуп бараткандай. Ошондуктан фейсбуктан жакында мындай пикир жаздым:
«“Улутчул» (тырмакчадагы) тайпалардын көбү кошуна, канатташ, атүгүл теги бир элдерди, бир эле элдин ичиндеги урууларды, аймактарды (мисалы, түндүк менен түштүктү) кайраштыруу үчүн түзүлөрүн да унутпоо керек. Бузуку фейктер ошону менен жан багат.
Тийиштүү тайпаларда адамдар теги боюнча жалпылап, бири-бирин дүңүнөн айыптай баштаса, бул диверсанттардын максатына жарым-жартылай жеткендигинин белгиси…
Өздүк турмушунда бактысыз, жеке жашоосуна бейаң түрдө нааразы, рухий өсүштөн өксүгөн пенделер ашыкча «улутчул» келишет. Иш жүзүндө алар өз улутуна (бүткүл өлкөсүнө, мамлекетине, анын бүтүндүгүнө, кошуналар менен болгон мамилесине) зыян гана келтирип жатканын түшүнбөйт…»
Апкаарыткан ак толкун
2001-жылы редакцияга повести жөнүндө каракулжалык мугалим, бул жарыктан эрте кеткен Бактыбек Абдыразаковдун “’Жамийлага’ жаӊыча көз караш керекпи?” деген полемикалуу макаласы келип түштү. Автордун бул повестти бир беткей үгүт деӊгээлинде “өтүүгө” каршы жазган пикири окурманды өз алдынча ойлонууга түртөт. Бирок ошол эле учурда инсандык өз бактысы үчүн кам көрүү, күрөшүү, тандоо укугун жокко чыгаргандай тезистери менен да чектелбей, адам баласынын жашоосундагы бул эӊ маанилүү маселенин карама-каршылыктуу өӊүттөрүн кылдат кароо керектигин “Апкаарыткан ак толкун” аттуу макаламда белгиледим.
Айтмакчы, ага удаа адабиятчы Советбек Байгазиев да Бактыбек Абдыразаковдун койгон суроолору боюнча “Махабаттын апкаарыткан ак толкундары” деген чоӊ макаласын жазды. Анда илгерки кыргыз коомунда аялдардын укугу басмырланып келгенин тарыхый-документалдуу фактылар менен далилдеп, абдан салмактуу ойлорун айткан эле.
(Ушул үч макаланы кайрадан жарыялап койсок, азыркы окурмандарга, айрыкча адабият мугалимдерине пайдасы тиет деп ойлойм).
Окурмандык табылгадан
…Кандай гана күчтүү, таасирдүү дөөлөт болбосун, адамдын бактысына, адам болуусуна, ички чыгармачыл, руханий дареметин ачууга канчалык өбөлгө түзсө, ошончолук гана мааниге ээ. Бир дагы салт, бир дагы «-изм» (идеология), бир дагы принцип же дин түпкү максат (самоцель) болбоого тийиш. Адам (улут, адамзат) өз тагдыры үчүн эң оболу өзү жооптуу. Мына ушул жобону Айтматовдун бүтүндөй чыгармачылык жолундагы негизги идеялык тыянактардын бири деп ойлойм. Муну жазуучунун соңку табериги болуп калган “Тоолор кулаганда” романы таасын далилдеп турат: бул китептин баш каарманы Арсен Саманчин Евразия медиафорумунда дин төбөлдөрүнүн үрөйүн учура турган “Кудайды да Сөз багат” деген ойду айтат.
(“Бүт ааламды бир өзүнө сыйдырган /Кыргыздар жана Чыӊгыз Айтматов” деген макаламдан).
…Ооба, бул каршылык астыртан, байкалбай күчөй берди. Айтматовду дүйнө жүзүнө тааныткан “Жамийласында” баш каармандар «эч кылчайбастан, темир жол ажырымына карай кетсе” да, кийинки “Биринчи мугалим” повестинде инсан бактысы менен цивилизациянын өктөм арышы ортосундагы болбой койбос карама-каршылык ачыкка чыга баштайт. Ырас, тарых дөңгөлөгүн артка айлантуу мүмкүн эмес, миңдеген дүйшөндөр менен алтынайлардын деми менен ого бетер күчөгөн мезгил агымы күркүрөгөн улуу дайрадай каршысындагынын баарын жууп, жапырып кете берет. Бирок 1917-жылдагы революция жеткирген ажайып дөөлөттөрдүн баарына куну теӊдеш бир нерсе унутта калып кеткен жокпу?..
(“Как остановил Айтматов поезд №17” /“Тоталитаризмге каршы турган сүрөткер же 17-поюзду Айтматов кантип токтотту” деген макаламдан)
…Шарттуу түрдө биз «озо чабуу» деп атаган мындай автордук кыстырмалар текстте көп кездешет[1] – алар айрым эпизоддордун аягында келет, алар пейзаждык сүрөттөмөлөрдө титр сыяктуу бадырая чыга калат. Кээде боло элек жагдай жөнүндөгү кеп эмнени айтып койгонун өздөрү баамдабаган кейипкерлердин оозунан угулат. Мисалы, кичинекей Кенжешке аракеч «Базарбайдын:
— …Бостондун туягы сенсиңби деп туруп, үңкүргө алпарып таштайм, бөлтүрүктөргө кошулуп чоңоё бересиң… — деп айткан сөзүн да кийин эстешет кишилер» (Акбара ала качып, андан куткарыштын айласын таппай Бостон аткан октон баласы ажал тапканда).
Көңүлдү түпөйүл, катуу кыжаалат кылган сезим көбүнчө жалпы баяндын маанайынан мындай кыстырмаларсыз деле туюлуп турат. Мемиреген тынч убактын сүрөт-баянына да кризис маанайы сиңирилгендей – өтө эле тез өтүп кетет бул учур!
Көз ирмем түбөлүктү сыйдырган чак –
Бактылуу, бейпил жашоо агымында
Жарк эте көктү жарып өтпөй калбас
Жазмыштын чагылганы катылгандай…
Сүрөт булагы: https://www.ktrk.kg/kg/post/24100/kg
(“Кыямат” романына байланыштуу “Преодоление времени” / “Мезгилди жеӊип өткөн жазуучу” аттуу макаламдан).
Жолдош Турдубаев.
[1] “Адал ниетин ээрчип, бир кыялданганда Каар сотунун концепциясын оюна келгендей жылдырыштырып, андан оо кыйла кийин чыккан сөздү алдаганча нары сүрүп барат да, ошондогу элдин оозуна салат, ошолор Понтий Пилаттын өзүнө айтышса дейт. А чынында Пилаттын көлөкөсү азыр деле түшүп турбайбы. Болочок пилаттар азыр деле бар эмеспи! Ушинтип окуялардан озгондогу Авдий Каллистратовдун таянганы дамаамат таасирлери бар дүйнөнүн баштапкы мийзамы, ал мийзам көп учурда кийин билингени менен, жаралышы эзелтен эмеспи. Каар сотунунун идеясы да ошондой эмеспи – жер бетинде болуп жаткан адилетсиздиктин жазасы болсо деген каалоо адамзаттын өзү менен кошо жаралган эмеспи”.
(Чыңгыз Айтматов. “Окурмандын китеп текчеси” сериясы. 27-том. Акад. А.А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. Бишкек. “Кут-Бер” – 2017. 435-бет)
Комментарийлер