Z МУУН ЭРТЕ БИЛИМГЕ ДАЯРБЫ?

  • 16.04.2024
  • 0

И.Арабаев атындагы Гуманитардык жана педагогикалык колледждин экология жана айлана-чөйрө бөлүмүнүн 2-курсунун окуучусу Мелисса Кыдыева алты жашында мектеп босогосун аттаган. Себеби ата-энеси кичинекей кезинен эле зээндүүлүгүн байкап калып мектепке алып барган. Окууга кызыгуусу күч болгондуктан, классташтарын артка таштап, алдыңкы окуучу боло алган. Учурда 16 жашта. Келечекте чет өлкөдөн билим алууну максат кылган окуучу “КМШнын мыкты студенти” наамынын ээси.

Z МУУН ЭРТЕ БИЛИМГЕ ДАЯРБЫ?

Мелисса Кыдыева Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Данаке Иманов атындагы мектептин бүтүрүүчүсү. Мектепте жалаң “5” деген баага билим алган окуучу классынын старостасы, мектебинин президенти болгон. Мындан улам ар кандай иш-чараларды уюштуруучулук жөндөмгө да ээ.

Былтыр, 1-курста “КМНнын мыкты студенти” наамын алган. Бул наам колледждеги мыкты жетишкендиктери, сабаттуу сүйлөөсү, актуалдуу темадагы дил баяндарды жаза билүүсү, спорттогу ийгиликтери жана башка ар кандай тармактагы активдүүлүгү үчүн берилет. Мелисса Кыдыеванын айтымында, бул наам жашоосуна стимул берген. Буга чейинки  бардык жетишкендиктеринин корутундусу. Жаштыгына карабай эл аралык деңгээлдеги наамга илинүүсү чоң сыймык алып келген жана мындан ары да ийгиликтерди багындыра беришине чоң стимул болгон.

Z МУУН ЭРТЕ БИЛИМГЕ ДАЯРБЫ?

Бул окуучу бир гана колледжинде эле мыкты эмес, спорт жаатында бир топ республикалык, эл аралык мелдештердин чемпиону. Тагыраагы, алты жашынан бери таэквондо менен машыгып келет. Бүгүнкү күнү таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, спорт чеберине талапкер. Fly TAEKWONDO, Dream Сup сыяктуу эл аралык деңгээлдеги мелдештерден жалпы 25 медаль алса, анын 18 алтын.

  • Спорт мен үчүн жашоомдун бир бөлүгү. Кичинекей кезимден бери эле спортко шык-жөндөмүм бар болуп, курбум менен чогуу машыгуу залына барып жүрчүмүн. Спорттун башка түрлөрүнөн да өзүмдү сынап көрдүм, бирок таэквондону абдан жакшы көрөрүмдү жана бул спорттун түрү мага ылайыктуу экенин түшүндүм. Биринчи ирет алтын медаль алганда өзгөчө сезимде болгом. Себеби андан мурда алты жолу 2-орунду ээлегем. Ата-энем да күмөн санап, балким “бул сен үчүн эместир” деп спортту таштоомо көндүрө башташкан. Анан 7-жолу алтын медалдуу болгом, — дейт Мелисса.

Окуучунун жашоодогу мотивациясы  — бардык жерде ар дайым мыкты болуу. Ал эч кимди ээрчибей, баштаган ишине толук кирип, аракет кылат. Ийгиликтүү окуучунун айтымында, экинчи үйү болуп саналган мектептеги мугалимдеринин да жашоосунда ийгиликтүү болуусуна орду чоң. Келечекте кайсы муун өсүп чыгарын мугалимдер аныктайт. Ийгиликке жетүүсүнө атасынын колдоосу да чоң ролду ойнойт. Анын берген тарбиясы менен  каалаган нерсесин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп бергени  өзүн ар тараптуу өнүктүрүүгө өбөлгө болду.

Алты жашта мектепке барган үч муун

Бишкек шаарынын тургуну Гүлнара АЛЫБАЕВАнын айтымында, өзү, кызы, кийин небереси да алты жашында мектеп босогосун аттаган. Балдарды эрте жашынан өнүктүрүп-өстүрүү, мектепке алты жашынан мектепке берүү эрте эмес, тескерисинче, жетиге чыкканда кеч болуп калат.

  • Тээ илгери советтик мезгилде эле мен өзүм “А” деген арипти тааныбай туруп, алты жашымда окутуу орус тилиндеги мектептин “0” классына баргам. Классташтардын эң кичүүсү мен элем. Ата-энем дагы орус тилин дегеле билбейт эле, бирок төрт бир тууганды тең дүйнө таанымы кеңейсин деп орус тилдүү мектепке беришкен. Баарыбыз тең окууну жакшы бүттүк. Эсимде жок, мени менен үйдө бирөө-жарым отуруп, сабак окутуп, үй тапшырма аткарганымды. Бирок сабактан кийин биринчи мугалимим Мария Ивановнанын жашаган үйүнө көп каттачу элек. Ошентип, тээ Воронеж шаарынан алыскы Ат-Башы айылына келген орус улутундагы мугалимдер бизге мыкты билим беришти.

— Кийин кызым деле борбор калаадагы айтылуу №6 мектепке алты жашында кирип, мектепти экстернат менен классташтарынан эрте, т.а. 15 жашында (себеби ал кезде 4-классты аттап, анан 10-классты аттаган) бүттү. Анын кызы Айлунам дагы 1-класска алты жашынан барды, кийинки неберем эми жайында алтыга толот, 1-сентябрда 1-класска барганы даярдоо классын аяктап жатат. Муну менен эмнени айткым келди. Алты жашынан мектепке берүү эрте, бала чарчайт, кыйналып калат деген ой менен дегеле макул эмесмин. Анткени азыркы балдар өтө зээндүү, идиректүү. Маселен, неберем менен алгачкы айлары сабактан келгенден кийин отуруп, кошо жардам берип турдум. Дегеле чарчадым, чаалыктым деген жок. Тескерисинче, окугусу келип, мени кошо окутуп жатат. Англисче чогуу окуйбуз, менталдык математиканы азыр өзү эле чыгарып калды. Ой жүгүртүүсү кенен, терең. Менимче, баланы тээ курсакта жатканда эле тарбиялап, билим бере баштоо керек. Менин кызым боюмда барында жалаң классикалык музыкаларды угар элем, кийин алты жашында музыкалык мектептин скрипка бөлүмүнө бердим. Ноталарды бир карап эле ойноп кетчү. Мугалими нотаны карап ойно деп уруша берчү. Анын эс тутуусу дагы жакшы болду. Азыр кызынын дагы ой жүгүртүүсү жакшы. Ден соолугу да чың, — дейт Гүлнара Алыбаева.

Z МУУН ЭРТЕ БИЛИМГЕ ДАЯРБЫ?

Психолог эмне дейт?

Психолог Сейил Калдыбаеванын айтымында, азыркы балдардын психологиясы, өнүгүп-өнүгүүсү мурдагы балдарга салыштырмалуу тезирээк. Анткени колдорунда гаджеттер бар, үйдө отуруп алып эле ар кыл маалыматтарды өздөштүрүп жатат. Бирок, мындай болгон күндө да мектептке берүүдө ар бир балага индивидалдуу мамиле керек. Окуганды сүйгөн да, ата-эне канчалык аракет кылбасын, окууга дилгирлиги жок балдар да бар. Себеби адамдын мээси PQ, EQ, MQ, IQ деп бөлүнүп, алар ар кандай өөрчүйт. Мисалы, билимге умтулган балдардын IQ бийик. Мамилени мыкты түзгөндөрдүн EQ, кол менен бир нерсе жасагандан ырахат алгандардын PQ жакшы өөрчүгөн. Ошол себептен баарын бир шаблонго салуу туура эмес. Кээ бир балдар биологиялык жашы кичинекей болсо дагы психологиялык жактан чоң адамдардай ой жүгүртөт. Айрымдары ушул эле жашта оюнга тойбогон мезгилде болот. Баланын физиологиялык, психологиялык абалына жараша мектепке эрте же кечирээк берүү каралат. Бул үчүн биринчи кезекте ата-эне өз баласын жакшы таануусу, өзгөчөлүгүн билүүсү керектелет.  Өз алдынча билбей жатса, атайын адистерге кайрылуусу керек. Баланы вундеркинд кылам деп көп ийримдерге берип, ойногонго такыр убакыт калтырбай, бардык убактысын мектеп жана ийримдер менен чектеп коюу да туура эмес. Бул баланын билимге болгон жийиркенүүсүн жаратат.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер