ҮЗҮЛГӨН ГҮЛ…

  • 10.05.2023
  • 0

ҮЗҮЛГӨН ГҮЛ...

45 жылдык өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган Айгүл Осмонованы эскерүү

Карапайым үй-бүлөдөн чыккан Айгүл Осмонова 1963-жылы 30-январда Ат-Башы айылында туулган. 1980-жылы Ат-башы айылындагы №2 Ленин атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктагандан кийин, 1986-жылы Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунун орус тили жана орус адабияты факультетинде билим алган. Алгачкы эмгек жолун Ат-башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинен баштаган.

1987-жылы Ат-башы айылындагы №1 Ленин атындагы орто мектебинде, 1987-жылдан 1990-жылга чейин Терек-Суу мектебинде орус тили сабагынын мугалими болуп эмгектенген. 1990-1991-жылдары Жолдубай Кайыпов атындагы орто мектебинде, андан соң, 1991-1996-жылга чейин Ак-Моюн айылындагы Апыш Койчуманов мектебинде иштеп жүрүп, 1997-2020-жылга чейин дээрлик жыйырма жылдан ашык Ак-Муз айылынын Боогачы атындагы орто мектебинде өзү сүйгөн мугалимдик кесибинде иштеп келген. Тагдырдын жазмышы экен, 2022-жылдын июль айында узакка созулган  оорудан улам акка моюн сунган.

Айгүл Осмонованын агартуу тармагына сиңирген эмгеги жогору бааланып, райондук, облустук администрацияларынын, билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамоталары жана “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Санариптешүүнү өзүнөн баштаган

Айгүл Осмонова башка кесиптештеринен жаңычылдыгы менен айырмаланган. Дайыма жаңыланып, жаңы чыккан методикаларды атайын окуп, үйрөнүп, элеттик башка мугалимдерден айырмаланып, жаңы ыкмалар менен сабак өтүп, көпчүлүктү таң калтырган. Аны кесиптештери мектепке жаңылыкты алып келген биринчи санарип мугалим катары жогору баалап келген. Сабактарды жалаң жаңы методикалар менен өткөндүктөн, окуучулар сабагына кызыгуу менен катышып, ал күндү чыдамсыздык менен күтүшөр эле.

Окуучуларынын арасынан томолой, жарым жетим, социалдык абалы начар жашагандарына өзгөчө көңүл буруп, колунан келген жардамын аячу эмес. Классындагы окуучулардан суурулуп чыгып жакшы окуган балдарга караганда, жашоо шарты төмөн балдарга көбүрөөк көңүл буруп, мээрим төгүп, боор толгоп турар эле. Ал өзү окуткан окуучуларынын, кесиптештеринин эсинде улуу-кичүү дебей “күчүгүм” деп кайрылган, ачуусу келип турса да жайдары күлүп, кейигенин да “ай, күчүгүм”-  деген сөз менен жумшак гана түшүндүрө билген мээримдүү мугалим катары сакталып калды.

Айгүл Осмонова кайсыл мектепте иштебесин, коллективинин арасында жана окуучулары үчүн эң сүйүктүү мугалим катарында кала берери бышык. Анткени азыр да анын элге сиңирген эмгектери, бийик адамгерчилик сапаты дайыма айтылып келет.

Күчтүү эркектин артында турган күчтүү аял

Айгүл эженин жолдошу кырк жылдан ашык убакыт Ат-Башы районунун айылдарында директор болуп иштегендиктен, ал кайсыл мектепке барбасын, мугалим катары жумушка кирип, дайыма жанында жөлөк-таяк болуп жүрөр эле. Жолдошу Жумагазы агайдын айтуусунда, анын директорлук кызматта көп жылдар ийгиликтүү иштеп келгени – биринчи кезекте өмүрлүк жарынын колдоосунун, эмгегинин үзүрү. Үйдө жолдошунун сүйүктүү жубайы болсо, жумушта кадимки жетекчи-мугалим мамилесин карманчу.

— Кээ бир жетекчилердин жубайлары кабинетине чейин кирип, отуруп алат. А менин жубайым канча жыл жетекчи болсом да, кабинетиме жумушсуз бир да жолу жүйөөсүз кирген эмес. Жумушта ар кандай кырдаалдар болот эмеспи, ал жагынан да эч бир кийлигишкен жок. Мен капа болгон учурларда, мени жубатып “Сабырдуу бол, кызмат, бийлик, байлык убактылуу, азыр кызматта турсаң, кайра түшкөнгө даяр бол” деп көп айтар эле. Мектепте мен тууралуу сын айтылып же сөз болуп калса,  өз пикирин айтып баарын таң калтырчу. Аябай чынчыл эле. Бирөөдөн бир нерсе алганды жаман көрчү. Атүгүл, үйгө чейин келип ыраазычылык катары алып келген нерсесин да кабыл алчу эмес. Себеби адам бир жолу алса, дагы алганга көнүп калат деп эсептечү. Менин жолдошум деп жактап же унчукпай койбой, адилеттүү оюн билдирчү. Жаңы мектепке директор болуп барганда, жубайы кандай экен деп кызыгып, сын көз караш менен карайт. Жетекчинин жубайы конокко эле ээрчип барганды билет, а сабак өткөндү билбейт деген сөзгө калбашы үчүн кайсыл мектепке барбайын, ал мектептин алдыңкы мугалими атанчу. Жубайымдан бир да жаман сапатты көргөн жокмун. Жетекчи катары мугалимдердин ачык сабактарына катышып, артыкчылык, кемчиликтерин белгилесем, “ар бир мугалимдин жакшы жагын издеп, айтсаң, мыкты мугалим чыгат. Дайыма кемчилигин айта берсең, ого бетер сабак өткүсү келбей калат” деп кеңешин берчү. Жубайымда аялзатына жана бийик парасаттуу адамдарга тиешелүү мына ушундай сапаттардын бардыгы бар эле. Эң өкүнүчтүүсү, бир гана ден соолугу менен өмүрүн Кудай бербептир,  — дейт өкүнүчтүү жолдошу Жумагазы агай.

Ал экөө бир уул жана үч кызды татыктуу тарбиялап өстүрүп эрезеге жеткиришти.  Балдарынын баары жогорку билимдүү. Тун кызы ата-энесинин жолун улап, мугалимдик кесипти тандаган, азыркы тапта декреттик өргөөдө. Айгүл эжейдин өзгөчө баласаактыгы, кыздарым, балдарым дегенде көздөрү башкача жайнап, мээримге толуп, өзгөчө маанай менен айтып, кадимкидей толкунданганы анын бладарына болгон сүйүүсүн, мээримин билдирип турчу.

Айгүл Осмонованын аты унутулбасын деп үй-бүлөсү атайын коом түзүп сыйлык берүүнү, “Айгүл Осмонова” атындагы орус тили кабинетин жасап берүүнү пландоодо.

Окуучулары идеал туткан эжей эле

Жарым кылымга тете убакыт агартуу тармагында кызмат өтөгөн Айгүл Осмонованын көзү тирүү болсо, өзү билим берген окуучулары менен кесиптеш болмок. Себеби Назира Көбөгөновага окшогон алдыңкы айрым окуучулары бүгүнкү күнү мугалимдик кесиптин ээси. Окуучусу мугалиминин жолдошуна жасаган аяр, сүйүүгө толгон мамилесин эстеп, төмөнкүлөргө токтолду.

— Мен бул жашоодо түрдүү адамдарды көрдүм, ар кандай адамдар менен сүйлөштүм. Өзгөчө билимдүү, сабаттуу, маданияттуу, адамгерчиликтүү, бирин-бири сыйлаган үй-бүлөнү Ак-Моюндан окуучу кезимде кезиктирдим. Ошондо бул адамдар бири-бирин терең сыйлап, сүйөрүн билдим. Бирок, тилекке каршы, турмушта мындай жуптар сейрек кездешип, андан да жаманы биринин өмүрү кыска болору өтө өкүнүчтүү… Агайым Айгүл эжени чын жүрөгү, аруу сезими менен сүйөрүн билчүбүз. Кандай учур, кандай жагдай болбосун, көзүнүн кыйыгы менен карап “Акубай” – деп турар эле. Ансайын Акубайы жаш келиндей жоолукту кыйгачтатып салынып, апапакай жүзү, күйүп-жанган көздөрү менен сыр көрсөтүп калар эле. Айгүл эжеден башка андай жоолук салынган аялзатын кезиктире элекмин. Эмне иш болбосун, “Акубайга айтайын, кеңешейин” деп сүйлөйт эле, — деп эскерет окуучусу Назира Көбөгөнова.

Мындай сүйүүгө, мындай сыйга арзыган жубайы да татыктуу жооп кылып,  жолдошунун аппак көйнөгүнүн жакасын кирдетпей, заманбап кийимдерди зыңкыйта кийгизип, жаш баладай бапестеп карап, тамактын чүйгүнүн жедирип, жакшы адамдар менен катыштырганы, али да болсо айыл ичинде аңыз кеп болуп айтылып келет.

Айгерим ТОКТОБАЕВА,  “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер