ӨЗ ҮЙҮНДӨ ӨГӨЙЛӨНГӨН ЭНЕ ТИЛ

  • 25.12.2019
  • 0

Эне тил маселеси Кыргызстанда эң кейиштүү жагдайга кептелди. Мындай аянычтуу абал союз учурунда да, кайра куруу доорунда да, эгемендүүлүктүн эң алгачкы жылдарында да болгон эмес.

ӨЗ ҮЙҮНДӨ ӨГӨЙЛӨНГӨН ЭНЕ ТИЛ

Көйгөйдү көрөр киши жок

Чындыгында ошондой… Учурда биздеги жарандарды Бишкек ЖЭБине байланышкан сот процесси же  феминисттердин катышуусундагы көркөм сүрөт музейинен чыккан чыр көбүрөөк кызыктырат көрүнөт, мамлекеттик тил макамына эгедер эне тилибиздин эртенкисине чындап күйгөн киши жок. Ошол эле учурда, баарыбыз  өзгөчө 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүн майрамдоодо оозубузду көптүрүп айтып калчу “Манастын, Чыңгыздын тили болгон   кыргыз тили” өз жеринде, өз үйүндө көз көрүнө өгөйлөнүп отурат. Жашырганда эмне, эгемендүү өлкөбүздө, айрыкча чоң-чоң шаарларда «Кыргыз тилинде билим алам!» деген окуучу жаштардын саны күндөн-күнгө азайып баратат.

Бишкектик Намазалы байкенин окуясы мунун айкын күбөсү. Ал үйдөгү неберелеринин өз тилинде билим албай калганына аябай өкүнөт.

— Мен союз учурунда орус тилдүү мектептен окуп калдым. Балдарым да ошондон окушту. Азыр неберелеримди кыргыз мектептен окутайын десем, ата-энелери макул болушпайт. Беш неберемдин баары орус тилдүү мектептен билим алышууда. Ушуга абдан ичим ачышат, — дейт Ӊамазалы байке.

ӨЗ ҮЙҮНДӨ ӨГӨЙЛӨНГӨН ЭНЕ ТИЛ

Борбор шаарыбыз мамлекеттеги тил саясатынын барометриби?

Эне тилдин абалын баш калаабыздын мисалында  айкын көрө аласың. Ушу күндө куттуу ордобузда 96 мектеп болсо, 86 мектепте окутуу орус тилинде жүргүзүлөт! Калган 10 мектепти да баштан-аяк эне тил мектеби деп айтуу кыйын. Басымдуу бөлүгүндө 1-класстан 4-класска же 1-класстан 9-класска чейин орус класстары бар.

Нукура эне тил мектептери деп айтылуу №5, №68 жана №69 окуу-тарбия комплекстерин жана өзгөчө статусу бар Герман Гмайнер мектебин айтса болот. Бала бакчалардан болсо, жаңы конуштардагы бирин-экисин эсепке албаганда, дээрлик бардыгы мыйзам боюнча расмий тил болуп эсептелген орус тилинде таалим-тарбия берет.

Жагдайды аздыр-көптүр жеңилдетүүнү көздөп, жаңы окуу жылынан тартып Билим берүү жана илим министрлиги  ордо калаабыздын орус тилдүү мектептеринде кыргыз класстарын ачууга киришти. Ошентсе да азырынча маселе оң жагына чечилди деп айтуу эрте. Сөздүн ачыгын айтканда,  эне тилибиздин азыркы абалы Лениндин бир кездеги «Бир кадам алдыга, эки кадам артка» деген эмгегин көбүрөөк эске салгансыйт…

Союз учурунда орус тилдүү мектептерде орус элинин өкүлдөрү басымдуулук кылса, азыр кайсы класска кирбегин окуучулардын 80-90 пайызын кыргыздар түзөт. Бул албетте эң кооптуу жагдай! Анткени эне тили билим алуу тили болбосо, ал эртеби-кечпи жоголот, унутулат. Бирок буга окуучуларды  күнөөлөй албайбыз. Мектепти окуучу эмес, ата-энеси тандайт.

Эне тили тууралуу сөз болгондо, мен ата-энелерден дайыма бири-бирине окшош: «Биз орус тилин билбей калдык. Билсек жакшы жумуштарда иштемекпиз», «Биз окубай калдык, балдарыбыз бизден жакшы жашашсын», «Кыргыз тилин билсең, Кыргызстандан чыга албайсың», «Орусияда иштеп калышса, жардамы тиер», «Орусча окуганы менен, үйдө кыргызча сүйлөйбүз» деген жоопторду угам.

Арасында «Кыргыз мектеби эптемей, мугалими начар!»,  «Алгач методикасын мыктылагыла, мугалимдерин жаңы усулдарга окуткула! Анан баламды окууга берем!» дегендери да бар.

БУУ баш болгон эл аралык уюмдар эмне дейт?

ӨЗ ҮЙҮНДӨ ӨГӨЙЛӨНГӨН ЭНЕ ТИЛ

Тескеринче, бизге караганда океан артындагылар кыргыз тили сыяктуу майда тилдердин келечек тагдырына көңүл кош көңүл карашпайт экен. Алыс барбай эле, 1990-жылдын 2-сентябрынан тарта күчүнө кирген БУУнун Баланын укуктары жөнүндөгү конвенциясын алып көрөлү. Бул эл аралык документте төрөлгөндөн 18 жашка чейинки балдардын жашоо укуктарын кынтыксыз камсыз кылууга кепилдиктер каралган  жана  аны аткаруу бардык мамлекеттер үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн да милдеттүү болуп эсептелет.

Ушул маанилүү документтин 28-31-беренелери балдарга өз эне тилинде билим алууга, эне тилин ич ара пикир алышууда колдонууга, өзүнүн маданий чөйрөсүндө өсүп-өнүгүүгө, өз динин карманууга укук берет.

Буга кошумча  БУУнун дагы бир чечимин мисал кыла кетейин. Ал — 2007-жылдын 13-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган БУУнун Жергиликтүү элдердин укуктары тууралуу декларациясы. Бул тарыхый документтин 13-14 -беренелеринде жергиликтүү элдер өз тарыхын, маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын, оозеки чыгармачылыгын, элдик философиясын, жазмасын жана адабиятын өнүктүрүүгө, аларды келечек муундарына чып-чыргасын коротпой өткөрүп берүүгө акылуу экени айтылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Башкы комиссарынын докладында (Женева, 2017) адамдын өз тилинде билим алуусу адам укугунун ажырагыс бөлүгү экендиги баса белгиленет.  БУУ нун маалыматы боюнча дүйнөдөгү элдердин 40 пайызына чукулу өз эне тилинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

ӨЗ ҮЙҮНДӨ ӨГӨЙЛӨНГӨН ЭНЕ ТИЛ

Тил жаатындагы иликтөөлөрдөн кандай сабак алабыз?

Тил жаатындагы акыйкат чечимдерди чыгарууда БУУ баш болгон эл аралык уюмдар дыкат изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына таянышыптыр. Ошондой иликтөөлөрдүн биринде,  өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө билим берүү иши көп тилдүү болору айтылат. «Көбүнчө балдар мектепке катталууда мамлекеттик тилде же коомдо үстөмдүк абалда турган тилде билим алууга мажбур болушат» деп жазылат ошол иликтөөдө.

Кыргызстандын шартында орус тили доминанттык же үстөмдүк абалда турары талашсыз. Мунун эмнеси жаман дээрсиз?.. Жоопту жанагы иликтөөдөн алалы. «Баланын мектептеги билим алуу тили үйдөгү колдонулган тил менен төп келбесе, ата-энелер  баласына жардам бере алышпайт. Андай болгон соң, баланын мектептен чыгып калуусу мүмкүн», «…Бала өз тилинде билим албаса, сабакты өздөштүрүүсү начар болот. Мындай кейиштүү кырдаалга көбүнчө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары туш болушат» делет изилдөөдө (Билим берүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык доклад). Авторлор окуучулар өз эне тилинде билим алышса, билимге ачык болуп, бардыгын ылдам окуп-үйрөнүшөрүн белгилешет.

Бул жерде кыргыз-орус мектептеринде бирдей иштеп калышкан жергиликтүү мугалимдердин байкоолорун да кыстара кетейин. Алар да  эне тилинде билим алган   балдар-кыздар чет тилдерин жеңил жана ылдам өздөштүрөрүн бир ооздон айтышат.

 Туңгуюктан кантип чыгабыз?

Тил маселесиндеги түшүнбөстүк ата-энелерде гана эмес, биздин билим берүү ишибизди тескеген Билим берүү тууралуу башкы майзамыбызда учурайт.

Мисалы, 2003-жылы кабыл алынган Билим берүү тууралуу Мыйзамдын 6-беренесинде: «Мамлекет ар бир жарандын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен тарта негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдердин бирин үйрөнүшү үчүн шарттарды түзөт. Тиешелүү шарттар болсо, окутуу ошондой эле ар кандай башка тилде да жүргүзүлсө болот» деп эки анжы айтылат.

Мындан улам «Кыргызстанга ким болсо да, башка өлкөдөн келип, мектеп ачса боло берет экен «деген ойдо каласың.

Менимче 6-беренени: «Кыргызстанда билим берүү тили кыргыз тили болуп саналат. Мамлекет орус тилин жана башка чет тилдерин окуп-үйрөнүү үчүн зарыл шарттарды түзөт» деп жазуу керек.

Ошондо жүрөгүнө эмес, мыйзамга карап иш кылгандарга таасир этер…

ӨЗ ҮЙҮНДӨ ӨГӨЙЛӨНГӨН ЭНЕ ТИЛ

Венгрияны билесиздер, Европанын чок ортосунан орун алган, бизге кандаш, бизге тектеш элдерден. Ошол мамлекетте билим алган Аскарбек Мамбеталиев Венгрияда эзели мамлекеттик тил жөнүндөгү атайын мыйзам болбогонун, ага карабастан, ал өлкөдөгүлөр жапырт мажар тилинде сүйлөшөрүн айтат.

— Жарнак, көрнөктөрдүн баарын өз тилинде бадырайта жазышып, англис, немис тилиндегилерин бир бурчуна кичинекей шрифт менен беришкени биз үчүн суктанарлык болду. Венгрияда бардык элдер мажар тилинде сүйлөшөт экен,- дейт ал.

ӨЗ ҮЙҮНДӨ ӨГӨЙЛӨНГӨН ЭНЕ ТИЛ

Ушундан улам тил маселесинде көп нерсе ар бирибиздин  атуулдук, жарандык позициябызга  көз каранды деген ойго келесиң.

Чындыгында эле, эне тил маселесинде баарына башка элдер эмес, өлкөбүздүн уюткусу —  кыргыздар өзүбүз жоопкербиз!

Ушуну түшүнсөк,  бизге ааламда жок тил комиссиясын түзүүнүн зарылдыгы болбойт эле.

Ушуну түшүнсөк, биз эч кандай мыйзам, декларация, конвенциясыз эле тил маселесинде туңгуюктан чыгабыз деп ойлойм.

Анткени эне тилибиз – эне сүтү менен кошо келген,  каны-жаныбыз менен кошо жаралган тил. Аны кор тутууга акыбыз жок!

 

А. Алибеков, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010), Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер