ЫСЫК-КӨЛДҮН ДЕМИ, АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ

  • 16.07.2018
  • 0

ЫСЫК-КӨЛДҮН ДЕМИ, АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ

Июлдун алгачкы аптасында Билим берүү жана илим министрлиги менен «Балажан» Эстетикалык тарбия боюнча республикалык окуу-усулдук борбору «Ысык-Көл балдардын көзү менен — 2018» эл аралык слётун улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнап, өзгөчө нукта уюштурду.

Россия менен Өзбекстандан, ошондой эле өзүбүздүн бардык облустардан келген 400дөй бала «Барчын» балдардын спорт-ден соолук комплексинде эң сонун эс алышты. Ысык-Көлдүн жээгинде алар үчүн мыкты адистер лидерлик жөндөмүн өнүктүрүүгө, чыгармачыл дареметин ачууга багытталган тренингдерди өткөрүштү. Балдар күн сайын ар башка кызыктуу темалар менен иштеп, таанымдык оюндарга, конкурстарга, викториналарга катышты. Бир күн толугу менен адамзаттын залкары Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу конкурсуна арналды.

Жаш жарандар өз  өлкөлөрүн, улуттук маданиятын таанытып, көркөм сүрөт, кол өнөрчүлүк, бий, вокал, комуз чертүү, туризм менен чөлкөм таануу, англис тили ж.б. боюнча устат-сабактарга катышты. Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова сыяктуу таанымал инсандардын сабактары балдар үчүн да, алардын тарбиячылары үчүн да кызыктуу, пайдалуу болду.

Ушул күндөрү байкаганым — «Балажан» борборунун тарбиялык стили балдардын өнөр дүйнөсүнө, чыгармачылыкка, жаңы нерселерди билүүгө, өздөштүрүүгө, өз ара баарлашууга, достошууга дилгирлентип, мында ачык-айрым, жайдары, шайыр маанай дайым сезилип турат экен.

 

Устаттар ой бөлүшөт

 

Аманкулова Жыпара, Жалал-Абаддагы «Ариет» балдардын чыгармачылык борборунун деректири:

— Адегенде аймактардагы биздикиндей балдардын мекемелерине дайым көңүл буруп, усулдук жардамын аябаган «Балажан» борборунун педагогдоруна, жетекчиси Дария Сапарбековнага алкыш айтайын. Бизде 24 бөлүм иштейт. Балдар интеллектуалдык, чыгармачылык жана спорт багыттары боюнча алектенишет.

— Балдар кандай ийгиликтерге жетип жатат?

— Биздин тарбиялануучулар бул жакка алты жылдан бери келип турат. 2014-жылы үч номинация боюнча биринчи орунду ээлешкен эле. Бул ирет Ч. Айтматовдун чыгармаларын жекече көркөм окуу боюнча биринчи орунду биздин Бакытбекова Уулжан жеңип алды.

Дареметтүү бүтүрүүчүлөрүбүз өнөр жаатында билим алуусун улантууда. Мисалы, Сатыбалдиев Ырыскелди азыр М. Күрөңкеев ат. музыкалык колледжде окуйт. Эми Туратов Өмүрбек аттуу тарбиялануучубуз да ушул окуу жайга өтүүгө камынып жатат.

 

Абдубекова Фаризат («Балажанда» комуздан сабак берет, окуучулары быйылкы конкурста биринчи орунду ээледи):

— Башка топтордун балдары деле жакшы чертишет, бирок мурда эл алдына көп чыкпагандыктанбы, сүрдөп калышты окшойт. Биздин кыздар да алгач ирет ушундай абалда болушкан. Азыр бул жерде «Бирге кадам шилтейбиз» деген тренингде балдарга массалык иш-чараларды уюштуруп өткөрүү ыкмаларын үйрөтүп жатам. «Балажандагы» ушундай иштерди уюштуруу жагынан топтогон тажрыйбамды да пайдаланам.

 

Конкурс катышуучулары менен баарлашканда

Акматова Алтынгүл:

— Мен SОS-Гмайнер окуу-тарбия комплексинде окуйм, «Балажандагы» студияларга катышып келем. Бул конкурста «Саманчынын жолу» повестинен Толгонай менен Жер Эненин диалогун айтып бердим.

— Повестти окуп чыккансыңбы?

— Ооба. Толугу менен. Анткени бул менин апамдын жана чоң энемдин эң жакшы көргөн чыгармасы.

— Апаңдын кесиби кайсы?

— Орус тили жана адабияты мугалими.

— Бул повесттен кайсы каармандын бейнеси сага өзгөчө таасир калтырды?

— Баарынан да мен үчүн Алимандын тагдыры өтө өкүнүчтүү болду – ушундай таза, жаркын инсан согуштун айынан сүйүктүү жубайынан ажырады, кийин жоопкерсиз бирөөгө алданып калып, төрөттөн көз жумду…

— Толгонай кандай аял?

— Ал абдан кайраттуу, акылман, ошол апаат мезгилде элдин камын ойлогон эне, трагедиялуу каарман. Мүнөзү, жан дүйнөсү Курманжан даткага окшош.

 

Бакытбекова Уулжан, Жалал-Абад ш. №1 мектептин 10-класс  окуучусу:

— Мен шаарыбыздагы Балдардын чыгармачылык борборунда бийге катышам. Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм окуу конкурсуна катыш деп бир жума калганда эле айтышты. Орус адабияты мугалимибиз Зоя Осмоновна «Ак кемеден» үзүндү тандап, багыт берип койду, сенин колуңдан келет, образга кирип окушка аракеттен деп.

— Айтматовдун китептерин окугансыңбы?

— Ооба, «Жамийланы», «И дольше века длится день»…

— Орус класстасыңбы?

— Ооба, бирок көркөм адабий китептерди эки тилде тең окуп жүрөм. «Бетме-бетти» мектепте сахналаштырууга катышканымда, бул повестти да окуп чыкканмын.

— «Эрте келген турналардычы»?

— Киносун көргөнмүн. Бирок бул жана башка чыгармаларын китептен да сөзсүз окуйм, буюрса.

— Бул жакка келгенде сага баарынан жакканы кайсы болду?

— Лагердин уюштурулушу, өнөр-сабактар, конкурстар, Ысык-Көл – баары сонун. Жаңы досторумду таптым.

 

(«Балажан» борборуну деректири Дария Мусинанын, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Юританбек Шыгаевдин, Айтматовдун чыгармаларынан биргелешип көркөм окуу боюнча биринчи орунду ээлеген Балыкчы шаарындагы Балдардын билим борборунун «Көл ыргагы» тобунун жетекчиси Махабат Бейшееванын, Россия Федерациясынын Курск шаарынан келген медиапедагог Светлана Белоусованын мазмундуу маектерин, профессор Ишенгүл Болжурованын тренингде жасаган баяндамасын гезитибиздин кийинки сандарынан окуп, дагы башка кызыктуу фотолорду көрөсүздөр).

 

Жолдош Турдубаев, «Кут Билим», Бишкек – Сарой – Бишкек.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер