“ЫСЫК-КӨЛДҮК 14 ОКУУЧУ ОРУСИЯДАН ҮЧ АЙ БИЛИМ АЛЫП КЕЛИШТИ”

  • 24.02.2023
  • 0

“ЫСЫК-КӨЛДҮК 14 ОКУУЧУ ОРУСИЯДАН ҮЧ АЙ БИЛИМ АЛЫП КЕЛИШТИ”

2022-жылдын октябрь айында Орусия мамлекетинин билим берүү агентствосу тарабынан Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнө “Интердом-Кыргызстандын балдары үчүн” деген долбоор менен иштешүү боюнча сунуш келип түшкөн. Долбоор менен эки багытта тажрыйба алмашуу боюнча макулдашылган. Аталган долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунан 14 окуучу Иваново шаарындагы Е.Д.Стасов атындагы эл аралык “Интердом” мектебине барып үч ай билим алып келишти.

“ЫСЫК-КӨЛДҮК 14 ОКУУЧУ ОРУСИЯДАН ҮЧ АЙ БИЛИМ АЛЫП КЕЛИШТИ”

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

Долбоордун негизги максаты мамлекет аралык байланыш, эки элдин маданияты, тили, жашоо-шарты менен жакындан таанышуу, тажрыйба алмашуу жана билим берүүдөгү кызматташтык болгон. Аталган долбоордун алкагында өткөн жылдын ноябрь айында Орусияга кеткен окуучулар үч ай ошол жактан билим алып, тажрыйба алмашып келишти деп билдирди Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Венера Акматбекова.

Долбоор эки багыт боюнча иш алып барууга макулдашылган. Биринчиси мектеп окуучуларын Россия Федерациясына чакырып, билим берүү. Экинчи багыт Россия Федерациясынан мугалимдерди Кыргызстанга жиберип тажрыйба алмашуу болчу. Ал жакка Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы » Билим Ордо» мектеп-комплексинин 7-классынын он окуучусу жана Бостери айылынын А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын төрт окуучусу барып, 2022-жылдын 13-ноябрынан 2023- жылдын 3-февралына чейин үч ай билим алып келишти. Окуучуларды Ч.Иманкулов атындагы жалпы орто мектебинин математика мугалими Утуров Амантур жана кыргыз тили мугалими Калыкова Айгүл жетектеп барып келди. Ал эми экинчи багыты боюнча учурда Россиядан келген он мугалим Ысык-Көл районундагы жогоруда айтылган мектептерде иштеп, тажрыйба алмашып жатышат, — дейт.

“ЫСЫК-КӨЛГӨ КЕЛИП КЕКИЛЕ ДЕП ЧАКЫРДЫК”

Ал жакка барган окуучулар Иваново шаарындагы Е.Д.Стасов атындагы эл аралык “Интердом” мектебинен билим алышкан. Ошондой эле долбоордун алкагында Москва, Ярославль, Иваново шаарларына экскурсиялар уюштурулган. Каток, лыжа базаларына, тарыхый музейлерге, филармонияга жана театрларга барып орус элинин маданияты менен да жакындан таанышып келишкен. Орусиянын билим берүүсү күчтүү экенин 8-класстын окуучусу Нуркыз Бейшекеева айтып берди.

Башында барганда бир аз көнүшө албай кыйналдым. Билим берүү программасында айырмачылыктар бар экени билинди. Айрыкча математика, физика, химия сабактарын өздөштүрүү бир аз кыйынчылыкка турду. Бирок мугалимдери абдан сылык болушат экен. Түшүнбөй жаткан нерселерибизди бат эле үйрөтүп жатышты. Үч ай ичинде көптөгөн жерлерди кыдырдык. Ар бир барган жерибиз өзүнчө эсимде калды. Орус элинин меймандостугу жана кооз тарыхый жерлери жакты. Китептен окуп, интернеттен көрүп жүргөн Волга дарыясын жанынан көрүп абдан толкундандым. Биз дагы кооз өлкөбүз жөнүндө аларга айтып берип, орусиялык досторубузду Ысык-Көлгө келип кеткиле деп чакырдык, — деди Нуркыз.

Бул долбоор менен дагы да кызматташууну улантуу боюнча пландар бар экенин. Күз айларында кайрадан группа топтоо боюнча макулдашуулар жүрүп жатканын Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Венера Акматбекова билдирди.

“ЫСЫК-КӨЛДҮК 14 ОКУУЧУ ОРУСИЯДАН ҮЧ АЙ БИЛИМ АЛЫП КЕЛИШТИ”

БАРДЫК ЧЫГЫМДАРДЫ ДОЛБООР КАРЖЫЛАГАН

Долбоорго окуучулар, ата-энелердин макулдугунун негизинде тандалып алынган. Бардыгы жөнөкөй, карапайым үй-бүлөнүн балдары. Орусияга барып, жашап, билим алып келген окуучулардын жана мугалимдердин чыгымдары толугу менен долбоор тараптан каржыланган. Окуучуларды жетектеп барып келген кыргыз тили мугалими Айгүл Калыкова, ал жакка барганда окуучулар бат эле көнүп кетишкенин жана билим берүү системасында айырмачылыктар бар экенин айтты.

Биз ал жакка баргандан кийин дароо эле бизди жатаканаларга жайгаштырып, өздөрүнүн мектеп формасын окуучуларга берип, ар бирин класстарга бөлүштүрүп окутуп баштады. Окуучулар башында тартынып жатышкан, бирок бат эле көнүп кетишти. Билим берүү тармагында биздикинен айырмачылыктар бар экени байкалды. Анткени ар бир класс заманбап технологиялар менен камсыздалып, окуучулар жана мугалимдер үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлүптүр. Сабактан сырткары окуучулар ар кандай ийримдерге катышып, спорт менен да машыгып жатышты. Көптөгөн жакшы нерселерди үйрөнүштү, жаңы жерлерди көрүштү. Бир да күн бош болушкан жок. Үч айдын ичинде орус окуучуларына өзүбүздүн да маданият менен тааныштырып жаттык. Жаңы жылдык кечесине биздин окуучулар “кара жорго” бийин бийлеп беришти. Жалпысынан бул долбоор окуучуларыбызга абдан жакты, билимдерин тереңдетип келишти. Ушундай иш-чаралар көп болуп турса окуучулардын дүйнө таанымы кеңейип, билимдүү жаштар көбөйөт эле, — деди.

Орусияга барып билим алып келген окуучулардын арасында 7-класстын окуучусу Айназик Муратова да бар. Ал чет жакка биринчи жолу ата-энесинен алыс чыгып, башында коркунуч сезимдери болгонун, бирок бат эле көнүп кеткенин айтат.

Мен чет мамлекетке биринчи жолу баргандыктан башында тынчсыздандым. Ата-энем жанымда эмес, башка эл башка жердин коркунучу болот экен. Сабактарымдан да начар жыйынтык болуп калат го деп ойлогом. Бирок ал жакка бат эле көнүп кеттим. Себеби ал жактан бизди мугалимдер да, окуучулар да жылуу тосуп алышты. Орус досторубуз биз билбей калган нерселерди үйрөтүп жардам берип жатышты. Көптөгөн жаңы досторду таптык, жаңы нерселерди үйрөнүп келдик, азыр да алар менен телефон аркылуу байланышып, сүйлөшүп турабыз. Мен үчүн ал күндөр эстен кеткис болуп калды, — дейт Айназик.

Фархат КАНЫБЕКОВ,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер