ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ: 50 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИ

  • 10.11.2022
  • 0

“Жаш муундарды руханий – адеп-ахлактык өнүктүрүү, терең билим берүү жана дене бой тарбиясы — бул кыргыз элинин бакубат келечеги”ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ: 50 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИ

«Замана деген ушундай,  таптаганга жараша түшүм берет ызылдай, тарбияңа жараша, уулуң болот замана»    (Нурмолдо)

      Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин алгачкы Жарлыгы ( 2021-ж. 29 январь, №1) “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылуу жөнүндө” азыркы коомдогу руханий кризистин абалына олуттуу көңүл буруу менен кабыл алынгандыгын күбөлөндүрүп турат. Учурда дүйнө жүзүндөгү технологиялык процесстердин өсүп жаткан доорунда коомдогу руханий адеп-ахлактык, маданий баалуулуктар өзгөчө мааниге ээ болууда. Ал үчүн жарандардын өзгөчө өсүп келе жаткан муундун руханий адеп-ахлактык абалы жөнүндө дайыма камкордук көрүү, жаратман чыгармачылыкты колдоо, сергек жашоо ыңгайын жана үй-бүлө баалуулуктарын пропагандалоо талап кылынат. Жаш муундарга руханий адеп-ахлактык таалим-тарбия программасы жогоруда аталган жарлыктын талаптарын ишке ашыруу менен коомду руханий адеп-ахлактык кризистен алып чыгып, мамлекеттин маданий руханий иш-аракетин туура жолго коюу максатында аткарылуучу иш-чаралардын бири катары 2021-2030 жылдарга “Окуучу жаштарды руханий — адеп-ахлактык өнүктүүрү жана дене тарбиялоо Концепциясы” Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 12-апрелинде №441 — буйругу менен бекитилген. Ушул буйруктун негизинде Ысык-Көл облустук Билим берүү институтунун “Мектеп менеджменти жана педагогика” лабораториясынын башчысы, Билим берүүнүн мыктысы, Эл аралык, улуттук тренер, насаатчы мугалим, мыкты усулчу Мамырова Тамара Мамыровнанын “Жаш муундарды руханий – адеп-ахлактык өнүктүрүү, терең билим берүү жана дене бой тарбиясы – бул кыргыз элинин бакубат келечеги” аттуу китептин бет ачар аземи 2022-жылдын  22-ноябрь күнү болот.

“Эс тутумсуз тарых болбойт, тарыхсыз салт болбойт, салтсыз маданият болбойт, маданиятсыз тарбия болбойт, тарбиясыз инсан болбойт, инсансыз улут болбойт”. (академик Г.Н.Волков)

Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун тарыхына токтолсок,  имарат 1952-жылы курулуп, анда Ысык-Көл облустук аткаруу комитети жайгашкан. Кийин В.И.Ленин атындагы мектеп, 1970-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогикалык факультети болгон.

Ысык-Көл региондук архив башкармалыгынын 2022-жылдын 9-ноябрындагы №06-10\378 катына ылайык Ысык-Көл облусттук эмгекчилердин депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин алдындагы билим берүү бөлүмүнүн архивдик фонддогу документтердин негизинде, Ысык-Көл элге билим берүү бөлүмүнүн алдында 1971-жылдын 12-февралында областтык усулдук-педагогикалык кабинет 8 штаттык бирдик менен түзүлгөн.  Штаттык бирдик  курамында  кабинет башчысы, 5 усулчу, китепканачы,  машинистка бекитилген.              1974-жылдын 12-декабрындагы Ысык-Көл областтык элге билим берүү бөлүмүнүн  буйругунун негизинде, Пржевальск шаарында Ысык-Көл облустук мугалимдердин  билимин өркүндөтүү институту катары иш жүргүзө баштаган.  Ысык-Көл областук акимдигинин 1992-жылдын 25-июнундагы №103 “Областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтун кайрадан түзүү” жөнүндөгү токтомунун негизинде илимий-усулдук борбор статусун алган.

2004-жылы Ысык-Көл облустук билим берүү институту болуп кайра каттоодон өткөн.

КРнын  Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 12-ноябрындагы буйругунун негизинде облустук билим берүү уюмдарын координациялоо милдети тапшырылган.

1993-жылдан 2007-жылга чейин “Билим шамы” облустук  илимий-педагогикалык  гезити “Мугалим – коомдун сыймыгы жана кыймылдаткыч күчү” деген ат менен чыгып, алдыңкы педагогикалык жана усулдук тажрыйбаларды жайылтууда чоң роль ойногон. Анын редактору болуп Эсен Садабаев иштеген. Азыркы учурдун талабына ылайык,  газетанын  мазмуну институттун электрондук сайтына жарыяланып, социалдык баракчалар аркылуу маалымат берилет.

Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун биринчи директору Харсан Юсупов болгон. Кийинки жетекчилер Калыйбай Ашырбаев, Сүйүндүк Ишенбаев, Виктор Кучеров, Дамира Абирова, Догдуркүл  Кендирбаева, Жеңишбек Урумов,  Кубанычбек Шарипов, Нурлан Урманбетовдун эмгектери зор. Учурда Ысык-Көл облустук билим берүү институтун Максат Курманалиев жетектеп келет.

Билим берүү институтунун Кыргызстандын билим берүү тармагындагы абройлуу уюмга айланышына  облустук билим берүү башкармалыгынын мурдагы башчысы, КРнын Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жанкороз Каниметов чоң эмгек жумшаган.

Анын түздөн-түз жетекчилиги жана демилгеси менен 1990-жылдан баштап, облуста жаңы типтеги мектептер ачыла баштаган. Ошол мектептерде аналитикалык-диагностикалык жана психологиялык кызмат, окуучулардын билимин баалоонун блоктук-модулдук-рейтинг системасы сыяктуу жаңы технологияларды окуу процессине киргизүүдө билим берүү институту көрүнүктүү роль ойногон. Натыйжада жалпы билим берүүчү предметтер боюнча окуучулардын республикалык олимпиадасында облустун окуучуларынын командасы облустар арасында бир нече жылдар бою 1- орунду колдон чыгарбай келишкен.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ: 50 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИ

Ысык-Көл облустук билим берүү институтундагы беш лаборатория  беш багыт менен иш алып барат.

  1. Педагогогикалык иш-чараларды уюштуруу.
  2. Алдыңкы педагогикалык иш-тажрыйбаларды жайылтуу.

3.Мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү.

4.Илимий -усулдук басма иштери.

5.Мугалимдин билимин өркүндөтүүчү курстарды уюштуруу  жана өткөрүү багыттары.

Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда алдыңкы насаатчы-усулчуларыбыз эмгектенип келишет. Атап кетсек: С. Ишенбаев, Т. Мамырова, Г. Джумабаева, Б. Үмөталиева, Ш. Асанбекова, Д. Арунова, Б. Арыкбаева,                    А. Аттокурова, Э. Минбаева, Э. Узакова ж.б.

Мугалимдин билимин өркүндөтүүчү курстарга облустун аймагындагы билим берүү багытында эмгектенген мектеп директорлору, директордун орун басарлары, класс жетекчилер, соцпедагогдор, мектеп  китепканачылары, гуманитардык багыттагы, табигый математикалык, информатикалык социалдык багыттагы, көркөм өнөр, АЧД, дене тарбия мугалимдери үчүн курстар уюштурулат.  Ар бир окуу жылында 1200дөн ашык мугалим билимин өркүндөтүп турат.  Курстун бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү 72 сааттык сертификат берилет.

Кийинки жылдары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн “Айылдык билим берүү”, “Сапаттуу билим”, “Наристе”, “Балалык”, “Куррикулум”, “Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо”, “Жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты”, “Бирге окуйбуз”, “Келгиле окуйбуз”, “Окуу керемет” сыяктуу долбоорлорго институттун усулчулары активдүү катышып келишет.

Азыркы учурда “Окуу керемет” долбоору менен ийгиликтүү иш алып барышып,  Кыргызстандын “РISA-2025 изилдөөсүнө катышуу – жалпы билим берүүнүн сапатын көтөрүү жолу” – деген девиздин алдында Ысык-Көл облустук билим берүү институту, облустун мектептери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинеттеринин усулчулары менен бирге даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө. КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын 2021-2030– жылдарга чейин окуучу  жаштарды  руханий адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо  Концепциясын”  ишке ашыруу максатында “Ата-энелер мектеби”, “Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таануусу”, “Насаатчылык”,  “Кыргыз жараны” деген темада класс жетекчилер үчүн  курстар  уюштурулууда. Окуучуларды келечектеги турмушка даярдоо максатында STEM программасынын алкагында иш алып баруу багытында усулдук жардамдар берилүүдө. Окуу кабинеттери заманбап мультимедиялык, техникалар, электрондук смарт доскалар менен жабдылган. Химия, физика, география  лабораториялары керектүү окуу жабдуулары, каражаттары менен камсыз болгон.

          Ал эми     2021-жылы имарат Ысык-Көл өнүктүрүү фонду аркылуу 3132007 сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп, материалдык базасы чыңдалып, курстардын өтүлүшүнө бардык шарттар түзүлгөн. Мугалимдер үчүн  жатакана, ашканасы бар.

Улуттук жана эл аралык статустагы 11 тренер иш алып барат. Алар М.Курманалиев, Ч.Сыдыкова,  Т. Мамырова, С.Ишенбаев, Г.Жумабаева, Д.Арунова, Б.Арыкбаева, В.Бейшекожоева, А.Аттокурова, Э.Узакова, Э.Минбаева жана 10 билим берүүнүн мыктылары эмгектенет.

Курстарды уюштурууда атайын адистиктеги мыкты мугалимдер жана окумуштуулар мектептерден жана К.Тыныстанов атындагы  Ысык-Көл мамлекеттик университетинен чакырылат. Алар ийгиликтүү заманбап усулдар, ыкмалар менен лекцияларды, семинарларды, практикалык иштерди өтүшөт.

Маалымат даярдаган : Ч. Сыдыкова — Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер