ЫСЫК-КӨЛДҮК ОКУТУУЧУЛАРДАН БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ

  • 19.09.2022
  • 0

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жамааты жана студенттери Баткен элине кол сунду.

ЫСЫК-КӨЛДҮК ОКУТУУЧУЛАРДАН БАТКЕНГЕ ЖАРДАМОкуу жайдын эмгек жамааты окуу жайдын атынан 120 000 сом акча каражатын которуу чечимин кабыл алса, студенттери 25 миң сомдон ашуун акча каражатын чогнултуп, атайын эсепке которушту.

  • Студенттер демилге көтөрүп, кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп, үч сааттын ичинде 25603 сом акча каражатын чогултуп, дароо атайын эсепке которушту. Мындан сырткары дары-дармектерди да чогултуп, Каракол шаардык мэриясына өткөрүп беришти.
    Баткендик бир туугандарыбызга жеке өзүнүн атынан жардам бергендердин да саны арбып жатат. «Көп түкүрсө, көл болот» демекчи, боордошторубуздун башына түшкөн мүшкүл окуянын кесепеттерин жоюу үчүн дагы кандай жардам талап кылынса, колдон келгендин бардыгын аткарууга даяр экенибизди билдиребиз, — дешет окуу жайдан.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер