ЫМУ ИШКЕРЛЕРДИ ОКУТАТ

  • 28.03.2023
  • 0

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде баштапкы ишкерлерди окутуу курсунун демо-күнү уюштурулуп, 15 катышуучу бизнес-пландарын тартуулады.

ЫМУ ИШКЕРЛЕРДИ ОКУТАТ

Катышуучулардын бизнес-пландары электрондук коммерция, туризмди өнүктүрүүдөн тарта билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталды.  Баштапкы ишкерлерди окутуу курстары ЫМУ тарабынан улантылат. Бизнес-идеясы бар жана ишкерликти баштоону көздөгөн бардык каалоочуларды курска чакырат. Курстун программасы Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коому тарабынан каржыланып, Каракол шаардык калкты жумуш менен камсыздандыруу бөлүмү менен биргеликте ишке ашырылды.

Ысык-Көл облустук Мамлекеттик администрациясынын, ЖИА бизнес-ассоциацисынын, Каракол шаарындагы коммерциялык банктардын өкүлдөрү долбоорлордун актуалдуулугун баса белгиледи.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер