ЯПОНИЯ ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОЙЛОП ТАБУУГА ЖӨНДӨМДҮҮ ӨЛКӨ

  • 13.04.2020
  • 0

Баарыбызга маалым дүйнө жүзүндө Япония заманбап технологияларды ойлоп табуу жөндөмү, өздөштүрүү боюнча алдыда турат. Буга мисал 1920- жылы биринчи жолу Тохоку университетинин Яги Хидэцугу жана Уда Синтара магнетронду пайдалалануу аркылуу изилдөөлөрүн жүргүзүп, жогорку эффективдүү УКВ-антеннасын ойлон табышкан. Ал антенналар экинчи дүйнөлүк согушта Япондуктардан мурда америкалыктар пайдаланышкан. Учурда бул типтеги антенналар кеңири колдонулат.1954-жылы медицинада эндоскопиялык электр лампасын, кийин түстүү фотографияны кийинки өзгөчө технологиялык 1964-жылы жогорку ылдымдыктагы темир жол поездди сенкансэн, 2016 –жылы – ар түрдүү роботторду ойлоп табуу жөндөмдүүлүктөрү менен дүйнө элин таңгалдырып келет. Дагы бир кызыктуу нерсе, алдынкы технологияларды ойлоп табуучулардын экспонаттарынын Жапон технолигияларынын “Келечек муунга мурас” -деген аталыштагы музейи.

Япондор билим берүү системасы дүйнө жүзүндөгү эң байыркылардын  катарында болуп эсептелет. Жаралыш тарыхы IV-VII кылымдарда материктен аралга  ошол мезгилде, өнүккөн билим берүү системасынын негизи болуп эсептелген Азия мамлекеттеринин бири  Кытай өлкөсүнөн алынып келинип, бүгүнкү күнгө чейин анча эмес өзгөртүүлөрдүн негизинде окутулуп келет.

Билим берүү системасы Японияда: — Мектепке чейинки, ясли, бала бакча, (3 жаштан 6 жашка чейин ) Ошондой эле, атайын программа менен иш алып баруучу коррекциялуу инвалид балдар үчүн мектептер бар.

Мектеп программасы:- Yч тепкичтүү система менен билим алышат.

СЁ: ГАККО -(башталгыч класстар) 6жыл.

ТЮ: ГАККО- (ортонку класстар) 3жыл.

ИКО: ТО: ГАККО- (жогорку класстар) 3жыл.

ЯПОНИЯ ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОЙЛОП ТАБУУГА ЖӨНДӨМДҮҮ ӨЛКӨ

Орто мектептер жалпысынан 12 жылдык билим берүү системасында. 

Окуу жылында  3триместр (чейрек) Окуу жылы  6-апрелден башталып, 20-июлга чейин, анан каникул. Экинчи триместри  1-сентябрдан,  26-декабрга чейин, үчүнчү триместри 7-январдан, 25-мартка чейин окушуп, кийинки класска көчүрүү менен аяктап. жаздагы “Сакура гүлдөгөн” убакта жаңы окуу жылы башталат. Япондор үчүн “Скура гүлдөгөн” учур  абдан маанилүү делип, жаз менен кошо жашоонун жаңы мезгили жаралат деген түшүнүк калыптаган.

Мектептин жогорку класстары жана ЖОЖдордо студенттер үчүн билим алуу үчүн акы төлөнөт. ЖОЖдор биздикиндей эле бакалавр анан магистратура системасында билим берилет.

Мектептерде 2020- жылдан баштап электрондук окуу куралы, окуу педагогикалык  документтери санариптештирүү формасына киргизилмекчи. Япониянын ”Билим берүү, маданият,спорт, илим, жана технология министрлиги “Билим берүү системасындагы маалымат саясатын ишке ашыруу” – аталыштагы  сайт ачып коомчулукка талкууланууда.

Жапон калкы 2018-жылкы каттоо боюнча 126 087 131 миллион болду, анын ичинде жапандар өздөрү 98,5%, корейлер -0,5%, кытай – 0,4% .

Мамлекетте парламенттик түзүлүш. Биринчи конституция 1889-жылы кабыл алынып, император башкарып, конституциялык монархия болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1947-жылдын 3-майында япон бийлиги жаңы демократиялык конституцияны кабыл алган.

Императордун статусу чет өлкөлүк конокторду кабыл алуучу  функциясын аткарган символикалык укукка гана ээ болуп калган.

Парламент эки партиялуу системада, социал-демократтар жана либерал- демократтык партия, төрт жылда бир шайлоо болуп турат.

Дегинкиси, Жапон, өзгөчө көп сырдуу, көп кырдуу, көпчүлүктү таң калтырган, кызыктуу өлкө. Мындай өзгөчөлүк алардын географиялык түзүлүшү боюнча башка мамлекеттерден  оолак болуп, айрыкча, Европа өлкөлөрүнүн таасири көп тийе бербегендигинин натыйжасында  болсо керек деген көз караштар айтылып келет.

Тарыхый өнүгүү жолу, жапондордун өздөрүнө гана тиешелүү болгон дини, маданияты, үрп-адаты, каада-салты жаратылыштын татаал шартына (жер титирөө, вулкан, цунами, тайфундар ) карата философиялык,  логикалык ой жүгүртүүсү аркылуу калыптанып , элдин биримдиктүү мүнөздөгү  жашоо турмушуна жараша ыңгайлашкан бай тажрыйбанын негизинде түзүлгөн.

ДиниСинтоизм, байыртан бери жапондуктар ар кандай жаратылыштын кубулуштарына, көрүнүштөрүнө сыйынышып, храмдарга барышат.

Буддизм боюнча сыйынуучулар үчүн ар кандай агымдагы үгүттөөчү мектептер иштейт.

Жапондор маданияты көп кырлуу. Анын эң атактуусу катары чай церемониясын айтсак болот.

Чай церемониясы. Атайын атрибуттар менен коштолгон жашоодогу ден соолукка пайдалуу сый мамиле. Бул бөтөнчө мамилени, айрыкча  монах-буддисттердин жашоосундагы өзгөчө “чай ичүү” учурунда медитация процессин ырахаттануу, эс алуу катары алышат.

ЯПОНИЯ ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОЙЛОП ТАБУУГА ЖӨНДӨМДҮҮ ӨЛКӨ

Улуттук кийим – кимано. Жыл мезгилдерине жараша  жайкысы-юкато деп аталат. Ал эми жылдын салкын мезгилинде жети катар белдемчи –кур менен курчалып, үстүнөн халат –кимоно кийишет. Кийимдери жаш өзгөчөлүгүнө жараша да болот. Учурда  кимано улуттук кийим катары өздүк майрамдарда, үйлөнүү тойлордо гана кийилип, калктын басымдуу бөлүгү- кызматкерлер, студенттер, ж.б. Европалык стилге  басым жасаганын байкоого болот. Мисалы, көчөдө биздегидей, кытайдын шлепкасын бутуна илип алып, шортчон жүргөн япондун жашын да, карысын да жолуктура албайсың.  Дайыма костюм – шым , галстукчан, буттарында туфли. Жада калса, жашы өтүп калган такси айдоочулары да, койкоюп кийинген, колдоруна аппак чыканагына жеткен мээлейи, ийилип саламдашып тосуп алып, ошондой эле абалда узатышат.

Япондор ушундай маданияттын жогорку деңгээлине кантип жетишкендиктерине таң бересиң.

ЯПОНИЯ ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОЙЛОП ТАБУУГА ЖӨНДӨМДҮҮ ӨЛКӨ

Сакура майрамы жапон эли үчүн эң маанилүү. Сакуранын гүлдөшү жаратылыштын эң кооз жаз мезгили. Көпчүлүк туристтер сакуранын гүлдөгөнүн көрүүгө барышат экен. Ал мезгилде жапондор өздөрү да, ар кандай үй бүлөлүк майрамдарын өткөрүшөт.

Танго-но сэку “эркек балдар” үчүн атайы майрам. Ал күнү атасы уулуна япон элинин  эрдиги, самурайлардын  жоокердик машыктыруучулугу жөнүндө айтып келечекте мекенчилдикке багыт берсе, эне таттуу тамагы менен уулунун жолдошторун, кошуна-колондорун сыйлайт. Бул майрам да, сакура гүлдөгөн учурда өтөт.

Жапон ийилип таазим этүү салты – улуттун сыпайгерчилиги адамдар менен  учурашуу, ошондой эле коштошуу ишаратын билдирет.

ЯПОНИЯ ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОЙЛОП ТАБУУГА ЖӨНДӨМДҮҮ ӨЛКӨ

Самурайлар— коомчулукта өз орду бар, улуттук маданиятка, каада- салттын таасирине баш ийген  жоокерлер. Алар ошол эле учурда, жай турмушта да,  чарбачылыкта да,   кызмат көрсөтүүчүлөр болушкан. Жапондор «Самурайлар» тууралуу өз элинин сыймыгы, эр жүрөк  жоокерлери, мекен коргоочулары катары сыймыктанышат.

Жапон маданиятынын  кайсы түрү болсо да, негизги идея  адамга гармониялуу беймарал  ырахаттанууну тартуулайт. Алардын ичинен оригами- кагаздан жасалган ар кандай фигуралары .

Дагы бир популярдуу маданият-искусствосунун түрү – икебана. Бул гүлдөрдөн өзгөчө технологиянын негизинде букет жасоо. Ушунун негизинде пайда болгон “бонсай” аталыштагы популярдуу үйрөтүү ийримдери пайда болгон. Ал жерде  жаштарга психологиялык жаата,философиялык ой жүгүртүүгө, кооздукка  өзгөчө табитте тарбиялоого көӊүл бөлүнөт. Учурда Токиого жакын  Омиде “Бонсай” паркында ар түрдүү композициянын негизинде түзүлгөн уникалдуу, кооз  карлик дарактары өстүрүлөт.

Жапондордо живописке өзгөчө маани берилип, сүрөттөгү сырдуулук , философиялык ой жүгүртүү менен  түшүнүүнү талап кылат. Боёктордун түстөрүнүн ачык берилиши, контрастуулугуна, ырааттуулукка карата олутту көнүл бурулат.

Каллиграфия искусствосу, бул иероглифтерди эстетикалык, көркөм кооз жазуунун уникалдуу түрү.

Прикладдык искусство боюнча  Токиодо музейде Жапон элинин кагаздан, айнектен, темирден, кездемеден жасалган  кол өнөрчүлүк буюмдары коюлган. Жапон стилиндеги интерьер кимдерди болсо да кызыктырып, өзүнүн оргиналдуулугу менен өзгөчөлөнүп турат.

Жапон тарыхый жашоосу, маданияты, кайсы жагынан алып  карасаң да, терең философиялык көз караштагы ой толгоолор менен коштолот.

Дагы бир токтоло кетүүчү нерсе, Жапон элинин    “Рокёку” аттуу  искусство жанрынын өкүлдөрүнүн 2018-жылы келишип, өз өнөрлөрүн ”Туңгуч” театрында тартуулашкандыгы. Аларга биздин  манасчылар “манасчылык” өнөрлөрүн  көрсөтүшкөн. “Рокёку” аттуу социалдык турмуштагы бир көрүнүштү, көркөм сүрөттөө менен коштолгон айтыш.

Мындай иш чара жапон өкүлчүлүгү, КР жана Жапон маданият агенттигинин колдоосу менен  “Саякбай манасчы” коому жана фольклордук- этнографиялык“  Ордо сахна” театры тарабынан уюштурулган.

Мурзалиева Зина Кочековна п.и.к.

КББА жетектөөчү адиси

Бөлүшүү

Комментарийлер