XII ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК СИМПОЗИУМ

  • 21.02.2023
  • 0

XII ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК СИМПОЗИУМ

Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Адабий окуу предметинин негиздөөчүсү, Т.Молдо атындагы балдар адабий сыйлыгынын ээси, билим берүүнүн мыктысы Токтомаметов Алмазбек Даткабековичтин педагогдук ишмердигинин 40 жылдыгына, илимий ишмердигинин 30 жылдыгына жана 60 жаш мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университет жана “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду тарабынан 2023-жылдын 12-13-майында «ИНСАНДЫН РУХАНИЙ-АДЕП-АХЛАКТЫК ӨНҮГҮҮСҮ, ДЕНЕ ТАРБИЯСЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК АҢ-СЕЗИМИ – УЧУРДУН ӨЗӨКТҮҮ МАСЕЛЕСИ» аттуу эл аралык симпозиум өткөрүлөт.

Илимий-практикалык симпозиумга өлкөбүздүн жана башка чет мамлекеттердин билим берүү тармагынын өкүлдөрү: педагогдор, мугалимдер, башкаруучулар, илимпоздор, усулчулар, тийиштүү мамлекеттик кызматчылар, коомдук ишмерлер ж.б. катышат.

ӨТКӨРҮҮ КҮНҮ: 2023-жыл, 12-13-майы.

ӨТКӨРҮҮ ДАРЕГИ: Жалал-Абад ш., К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университет, «Спутник» кичирайону, Жеңижок көчөсү-30, Тартус көчөсү-1а.

СИМПОЗИУМДУН МАКСАТЫ – тездик менен өнүгүп жаткан ааламдашуу жана санариптешүү доорунда инсандын руханий-адеп-ахлактык дүйнөсүнө, дене маданиятына көңүл буруу менен, билим берүүнүн жана тарбиялоонун өзөгүн жаңылоо, алдыдагы багыттарды аныктап, өнүгүү стратегияларын талкуулоо жана бул багытта республикадагы педагогикалык кызматкерлердин иш тажрыйбасын жайылтуу.

Кыргызстандын келечеги – жаш муундар, алардын келечеги билим берүү системасынан, анын үзгүлтүксүз жакшырып, жаңыланып туруусунан түздөн-түз көз каранды. Симпозиум Кыргызстандагы билим берүүнүн жана тарбиялоонун улам жакшырып, өркүндөп, сапатынын жакшырышына салым кошууну көздөйт.

 

СИМПОЗИУМДА КАРАЛЧУ МАСЕЛЕЛЕР:

  1. Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү, дене тарбиясы, жарандык аң-сезими жана өзүн таануу
  2. Салттуу билим, баалуулуктар жана ааламдашуу
  3. Тарбия маселеси, үй-бүлө – тарбиянын башаты жана өзөгү. Баланы билим алуудан алыстаткан себептер
  4. Билим берүүнүн мазмунун оптималдаштыруу жана компетенттүүлүк
  5. Билим берүү уюмдарын заманбап башкаруу, педагогдордун инсандык-кесиптик үзгүлтүксүз өсүүсү жана алдыңкы тажрыйбалар
  6. XXI кылымдын компетенциялары: функционалдык сабаттуулук, STEAM окутуу жана окуп кетүүгө үйрөнүү
  7. Заманбап билим берүү технологиялары жана окуу процессин санариптештирүү
  8. Билим берүү уюму, ата-эне жана коомчулуктун ортосундагы жигердүү кызматташтык, өнөктөштүк

 

СИМПОЗИУМДУН ИШИНИН ЖҮРҮШҮ:

  1. Конференциянын ачылышы;
  2. Пленардык отурум;
  3. Секциялык жыйындар, мастер-класстар, талкуулар;
  4. Жыйынтыктоо, сертификаттарды жана сыйлыктарды тапшыруу аземи.

               

МЫКТЫ МАКАЛАЛАРГА ТӨМӨНКҮ СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары жана алкыш баракчалары;
  2. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Ардак грамоталары жана алкыш баракчалары;
  3. К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин Ардак грамоталары жана алкыш баракчалары;
  4. “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун алкыш жана ыраазычылык баракчалары;
  5. Өнөктөштөрдүн сыйлыктары ж.б.

 

ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

Жарыялоо үчүн 5-7 барак көлөмүндөгү жеке автор тарабынан да, автордук жамаат тарабынан да аткарылган илимий макалалар, баяндамалар, билдирүүлөр кабыл алынат. Текст дыкат текшерилип, редакцияланышы зарыл (макаланын мазмунуна, сапатына автор/лор жооптуу).

  1. Макалалар Microsoft Word тексттик редакторунда аткарылуусу зарыл.
  2. Макаланын көлөмү 5-7 бет, түйүндүү сөздөр 8-10 түшүнүк, аннотация 6-8 сап.
  3. Тили – кыргыз, орус, англис тилдеринде.
  4. Барактын өлчөмү – А4, барактын багыт алуусу – «китептик».
  5. Барактын жээктери – бардык тарабынан 2 см.
  6. Шрифти – «Times New Roman», өлчөмү – 14 (аннотация жана түйүндүү сөздөр үчүн өлчөмү – 12, интервалы бирдик).
  7. Макаланын биринчи абзацы: ортодо – автор(лор)дун Ф.А.А.
  8. Макаланын экинчи абзацы: ортодо – макаланын толук аталышы (баш тамгалар менен).
  9. Макаланын үчүнчү абзацы: оңдо – автор/лор иштеген уюмдун аталышы жана жайгашкан жери берилет.
  10. Уюмдун аталышынан жана жайгашкан жеринен 1 интервалдан соң аннотация, андан ары түйүндүү сөздөр келет, алардан 1 интервалдан соӊ – макаланын тексти берилет.

Сүрөттөрдүн аталышы жана номери сүрөттөрдүн алды жагында, жадыбалдардын аталышы жана номери үстү жагында көрсөтүлөт. Сүрөттөр менен жадыбалдардын аталыштары «Times New Roman» шрифти менен таризделет, өлчөмү – 12. Жадыбалдарда да «Times New Roman» шрифтин колдонуу керек, өлчөмү – 12, сап аралык интервал – бирдик. Адабияттарга шилтемелер чарчы кашааларда берилет. Адабияттардын тизмесин берүүдө атайын эрежелер жана алфавиттик тартип сакталат.

                   

МАКАЛАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ:

Макалалар кыргыз, орус, англис тилдеринде 2023-жылдын 12-апрелине чейин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлөт. Кабыл алуу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып, 15 күндүн ичинде комиссия мүчөлөрү карап, жыйынтыктар чыгарылат. Комиссиянын кароосунан өткөн, симпозиумга катышууга жолдомо алган макалалар аныкталган күндөн тартып, автор/лор 2 000 сом өлчөмүндө уюштуруучулук мүчө акыны төлөөсү абзел. Төлөмдөр төмөнкү реквизиттер аркылуу кабыл алынат:

Elsom & Mbank 0222 03 14 30;

Optima 4169 5853 4569 8814

Садыкова Динара Дармановна.

Катышуучулардын бир тарап жол акысы (унаа жолу) “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду тарабынан каржыланат.

Окула турган баяндамалар ХII илимий симпозиумдун атайын жыйнагына киргизилип, симпозиум өтчү күнү акысыз таратылат. Мыкты деп таанылган макалаларды автор/лор өз каалоолору боюнча жол-жобосун сактоо менен, упайга ээ (РИНЦке катталган) илимий-практикалык журналдарга жарыяласа болот.

КАТЫШУУЧУНУН КАТТАЛУУ КАРТАСЫ:

Катышуучунун катталуу картасы сөзсүз толтурулуп, макаланын электрондук түрү, уюштуруучулук мүчө акынын төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат менен чогуу жогоруда көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек.

Катышуучунун катталуу картасы
Автор(лор)дун Ф.А.А. (толугу менен)
Макаланын аталышы
Секциянын номери жана аталышы
Уюлдук телефону
Үй телефону (шаардын коду менен)
Е-mаil дареги
Иштеген жери 
Кызматы 
Окумуштуулук даражасы, наамы 

 

УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНИН ДАРЕКТЕРИ:

Бардык суроолор боюнча төмөнкү электрондук даректерге жана телефон номурларга кайрылсаӊыз болот: Уюштуруу тобу: Садыкова Динара 0555 031430, 0222 031430; Жанибек уулу Нурсултан 0708 086658; Осмоналиева Майрам (0312) 678285, 0700 067522.

E-mail: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер