ВЛАДИМИР УНГЕФУХТ КАЛК КАДЫРЛАГАН ДИРЕКТОР

  • 01.04.2024
  • 0

      ВЛАДИМИР УНГЕФУХТ КАЛК КАДЫРЛАГАН ДИРЕКТОРКыргыз элинин салт-санаасын, тилин, динин, мектеп ишин жакшы билген өлкөгө эмгек сиңирген мугалим Владимир Филиппович Унгефухт  окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер арасында өзүнүн талбаган ак ниет аракети, демилгеси, элди, окуучуларды өзүнө тарта билген жетекчилик касиети менен кадыр-баркка, урмат-сыйга ээ болгон. Ал 1963-жылдан 1991-жылга чейин Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы №2 мектебинин директору, СССР Эл агартуусунун мыктысы, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими болгон.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Владимир Филипповичтин үй бүлөсү Ташкентке көчүп келет, андан соң Кыргызстандын Чүй облусунун Молдовановка айылына которулуп орто мектепти аяктайт. Жогорку билим алгандан кийин, 1955-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань (учурдагы Нарын) районундагы Миң-Булак айылынан эмгек жолун баштап, Тянь-Шань районундагы Эчки-Башы айылындагы мектепке орус тили мугалими болуп, кийинчерээк мектеп директору болуп эмгектенген. Айылдаштары менен аралашып кыргыз тилин жана элет турмушун, салт-санаасын, үрп-адатын тез үйрөнөт. 1956-жылы Мария Давыдовнага үйлөнүп, өмүрүнүн акырына чейин чогуу жашашты. Ушул үй- бүлөдөн 2 кыз 1 уул төрөлүп, азыркы учурда чоң ата, чоң апасынын жолун жолдогон мугалим, мыкты неберлер өсүп чыкты.

ВЛАДИМИР УНГЕФУХТ КАЛК КАДЫРЛАГАН ДИРЕКТОР1963-жылы Нарын шаарындагы №2 орто мектебинин директору болуп дайындалган. Ал иштеп турган мезгилде мектеп немец тилин тереңдетип окутуу статусуна ээ болгон. Билим берүүнүн сапатын жогорлатуунун баардык сырларын билип, кадр тандоодо мугалимдердин квалификациясына өтө көңүл бурган. Анткени туура тандоо окутуунун сапатына таасирин тийгизери белгилүү. Ошол жылдары Россия, Белоруссия, Украинанын жогорку окуу жайларына тапшырган бүтүрүүчүлөрдүн жана медалисттердин саны жогорулаган. 1980-жылдары өндүрүштүк окутуу алкагында эмгек сабагында кыздар машинка басканды үйрөнүшүп, “катчы-иш кагаздарын тейлөөчү” кесибин кошумча алып чыгышчу.  1970-жылдары мектепте 12 улуттун өкүлдөрү мугалим болуп иштеген. Бир топтору Нарын шаарында жайгашкан чек ара жана Советтик армия бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн офицерлердин жубайлары болгондуктан, алар СССРдин ар жеринен келишип, мурда иштеген мектептердин жакшы тажрыйбаларын жайылткан.

Мектептин  бүтүрүүчүлөрү  орус тили жана чет тили мугалимдери, дарыгерлер, инженерлер, укук коргоо жана аскер кызматындагы адамдар, экономисттер жана башка кесипти аркалашып Кыргызстандын булуң-бурчунда айыл чарба тармагында, башкаруу системаларында татыктуу орунду ээлеп, иштеп келе жатышат. КР экс-президенттери А.Акаев менен Р.Отунбаева да аталган мектепте окуп кеткен. Владимир Унгефухт иштеген жылдары өлкөбүздүн көрүнүктүү инсандар, министрлер, депутаттар: И.Кадырбеков, А.Салянова, Г.Базаров, З.Эралиев, Т.Өмүралиев, З.Акбагышева, Н.Акматов, Т.Сулайманов, Н.Молдобаев, Т.Айтбаев, Э.Өскөнбаев, Г. Мамбеталиева, Э.Токтомамбетов, Э.Мамыров жана башкалар ушул мектепти бүтүрүшкөн.

,Унгефухт Владимир Филиппович өзү интернационалист адам болгон. Улуттар арасындагы достук клубун түзгөн. Мектепте 15 союздук республиканын каада-салт, үрп- адатын көрсөтүүнү биринчилерден болуп жолго койгон.1965-жылы В.П.Чкалов орто мектеби кээ бир предметтерди тереӊдетип окутуу жана окуу китептерин апробациялоо боюнча эксперименталдык мектеп аянтчасы болду.

Мугалимдер менен бирдикте инсандын ар тараптуу өнүгүүсүнүн схемасын түзүп чыккан.Ошол жылдары көптөгөн жаңылануулар орун алган. Мектепте орус тили менен катар кыргыз тилин окутуу дагы системага киргизилген. Мектептеги “Зарница” кыймылы окуучуларды мекенчилдикке тарбиялаган. “Орленок” оюну боюнча 1967-жылы мектептин командасы Союзда байгелүү орунду камсыз кылган. Мектептин “Алтын балалык” бий ансамбли “Элдик ансамбль” наамына татыктуу болуп, өнөрү менен таанылган.

Владимир Филиппович мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн кайра келип өз мектебине иштөөсүнө шарт түзүп берген. Ошол себептен 30дан ашык бүтүрүүчү азыркы учурда өздөрү бүтүргөн мектепте иштеп жатышат. Көптөгөн бүтүрүүчүлөр Унгефухт Владимир Филипповичти талапты катуу коё билген директор катары эле эмес,өз атадай  кам көргөн мыкты  инсан катары  эскеришет. Анткени ал ата-энесинен ажырап калган окуучуларга терең көңүл буруп, көз жаздымдан чыгарган эмес. Ушундай тагдырга тушуккан көптөгөн окуучулар агайдын үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болгон. Бул салт азыр да 10 жылдык, 20 жылдык, 30-40 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн арасында сакталып келет.

Ал дүйнө таанымы кенен, окумал адам эле. Иш дегенде ичкен ашын жерге койгон уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү жогору болуп, мектепке биринчилерден келип, элдин аягында кетүүчү, башкача айтканда “мектеп менен жашоочу”. Мектептин баркын, окуучулардын билим сапатын, мугалимдердин кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн көп аракеттерди жасаган. Жумасына 10-12 ден ашык мугалимдердин сабагына катышып, ар бирине акыл насаатын айтып, методикалык жардамын берип турчу. Ал киши жетектеген орус тил жана адабияты методикалык бирикмеси мектептеги алдыңкы топтордон болгон. Жакшы психолог катары да ата-энелерге, мугалимдерге эң жакшы чечимдерди кабыл алууга көмөк берээр эле. Элди  жакшылыкка үндөй алган, шыктандыра турган касиеттерге ээ болгон. Тарбиялоосу кыйын, социалдык жана психологиялык мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга жеке мамиле жасап, көңүл бурчу.  Облустун, шаардын мейли коомдук, чарбалык, иш-чараларында такай жигердүү  катышуучу.

1980-жылдардын орто ченинде облус боюнча мектептер айылдарга картошка айдап, аны багып, түшүм жыйнап иштешкен. Чкалов атындагы мектеп Нарын районундагы Ленин колхозунда иштеп (Нарын шаарынан 20-25 км. алыстыкта) облус боюнча алдыңкы көрсөткүчтү жаратып, директор “Жигули” автоунаасы менен сыйланган. Мезгилдин талабына ылайык, Нарын шаарын таза кармоо боюнча демилгеге кошулуп, мектеп окуучулары паркты жана мектептин айланасындагы көчөлөрдү тазалап, ишембилик өткөрүп турчу.

Мектеп жамаатынын ынтымагын бекемдөө максатында кыргыз ырым-жырымдарын жакшы билүүчү, жамааттык ыражага активдүү катышчу. Үй шартында  кыйынчылыктар болгон жаш үй-бүлөлүү мугалимдерге кеп-кеңешин айтып, жардам берүүчү.  Өзү немис улутунун өкүлү болсо да күйөө балдары орус жана украин, келини кыргыз улутунан болушкан. Нарын шаарындагы европа улутундагы адамдар ага жардам сурап көп кайрылышчу, азыркы тил менен айтканда “Славян диаспорасынын” коомдук жетекчиси болгон.

Анын эмгегин облустун, шаардын жетекчилери да жогору баалашкан. Шаардык кеңешке депутат,Нарын обКОМунун  пленумунда кандидаттыкка мүчө  болуп бир нече жолу шайланган. Эмгек жолунун акыркы жылдарында коомдук негизде шаардык профсоюз уюмунун төрагасы болуп иштеген. Жаңы мектептин имаратын тургузууда Владимир Филипповичтин салымы чоң.ВЛАДИМИР УНГЕФУХТ КАЛК КАДЫРЛАГАН ДИРЕКТОР

Өкмөт дагы агайдын эмгегин баалап, “Ардак белгиси” ордени, медалдар менен сыйлаган. “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими”, “СССР билим берүүнүн отличниги”,  Бүткүл союздук мугалимдердин съездинин катышуучусу. Өз өмүрүнүн толук 30 жылын В.П.Чкалов орто мектебине арнады. Мектепти жетектеп турган мезгилде жамаат  арасында мыкты атмосфераны түзүп, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө жемиштүү иш алып барды. Союз тараарда, 1990-жылы мектеп жеңип алган Нарын обкомунун жана облисполкомунун, профсоюздук жана комсомолдук уюмдарынын “Кызыл туусу” бүгүн дагы мектеп жаратып кеткен ийгиликтердин далили.

Владимир Филиппович 89 жаш курагында 2021-жылы 20-майда каза болгон. Ал билими боюнча филолог, табиятынан мыкты башкаруучу болгон. Жүрөгү кенен, көсөм, акылман жетекчи катарында мугалимдердин жана бүтүрүүчүлөрдүн, жалпы эле Нарын элинин эсинде калат.

Чолпонбек Тиленбаев,

Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы мектептин мурдакы директор, билим берүүнүн мыктысы

Бөлүшүү

Комментарийлер