ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР СУРАБАЛДИЕВА ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 06.01.2021
  • 0

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту.

«Билим берүү тармагынын кызматкерлерине маанилүү стратегиялык милдеттер жүктөлгөн. COVID-19 пандемиясы учурунда мугалимдердин эмгегине жалпыбыз баа бердик. Аралыктан окутууга мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да даяр эмес эле. Бирок пандемиянын шарттары өз түзөтүүлөрүн киргизди. Бүгүнкү күндө окууда эскирген, натыйжасыз ыкмаларды кайрадан карап чыгып, учурга ылайык келген заманбап ыкмаларды жана программаларды пайдаланууга өтүү зарыл. Тутумду өзгөртүүгө мезгил келип жетти», — деди вице-премьер-министр. Ошондой эле билим берүү тутумундагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоого мүмкүндүк берген ушундай жолугушуларды өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, актуалдуу маселелердин жыйындысы талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер