ВИЛЛИ БРАНДТТЫН ЭМГЕКТЕРИ КЫРГЫЗЧА КИТЕП БОЛУП ЧЫКТЫ

  • 22.09.2022
  • 0

Социалисттик интернационалдын мурунку президенти, эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери, дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты В. Брандттын тандалма сөздөрү жана макалалары кыргыз тилинде биринчи жолу өзүнчө китеп болуп чыкты. Китептин бет ачаары 21-сентябрда Бишкекте Улуттук тарых музейинде болду.

Вилли Брандт басып өткөн жолу мурда, азыр да дүйнөлүк лидерлер үчүн чоң өрнөк боло турган мааниси бар. Анын ой-толгоолору жана ынанымы ушунчалык терең, алар гумандуулук менен тынчтыктын идеяларына сугарылып, ички дүйнөсүнүн өзөгүн эркиндик, акыйкаттык жана кызматташтык деген универсалдуу нарк түзгөн. Брандт бүт өмүрүн мына ушул баалуулуктарды турмуш чындыгына айлантууга арнаган.

Китеп Германиянын Фридрих Эберт атындагы фондунун көмөгү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында басылды. Китеп саясат таануучуларга, тарыхчыларга, жогорку окуу жайлардын докторанттарына, магистранттарына жана студенттерине, ошондой эле жалпы окурмандарга арналат. Китепти кыргыз тилине которгон коомдук ишмер Эмил Каптагаев.

Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана ЖКнын мурдакы төрагасы академик Абдыганы Эркебаев, Германиянын элчилигинин, Эберт фондусунун өкүлдөрү жана башкалар чыгып сөз сүйлөштү.

Германиялык атактуу саясий ишмердин эмгектеринин кыргызча китеп болуп чыгышын кыргыз коомчулугу жакшы кабыл алды.

«Гитлер канчалык кыйын зөөкүр болгон, андан баары же коркчу, ал даалай адамды кырган. Вилли Брандт деген немис жетекчиси Гитлердин күнөөлөрү үчүн экинчи дүйнөлүк согуш талаасында өлгөндөрдүн жакындарынан кечирим сурап, тообо кылып, улуу инсанга айланган. Германия ушундай адамдар менен улуу өлкө экенин дүйнөгө көрсөткөн. Чыныгы өнүгүү бул эркиндик, кечиримдүүлүк, акыйкат, сабыр, адамкерчилик аркылуу гана келет»,-деп жазды Фейсбукка экономист Элдар Абакиров.
Бөлүшүү

Комментарийлер