ВЕТЕРИНАРИЯ ТАРМАГЫНА ЖАШТАР ТАРТЫЛУУДА

  • 01.12.2023
  • 0

ВЕТЕРИНАРИЯ ТАРМАГЫНА ЖАШТАР ТАРТЫЛУУДА

Нарын шаарындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин студенттери чүчвара жасоону өздөштүрүп, мал дарылоочу лабораторияда теориялык билимин практика жүзүндө бышыктоодо.

Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында аталган окуу жайда төрт багыт боюнча билим алган студенттердин теориялык жана практикалык билимин айкалыштырып окуусуна шарт түзүлгөн.

Былтыркы жылы окуу жайда технолог багытында билим алган студенттер үчүн чүчвара жасоочу цех ишке кирген. Учурда цехте накта азыктардан жасалган, аппараттын жардамы менен жана колго түйүлгөн эки түрдөгү чүчваралар жасалат. Колго түйүлгөн чүчваранын бир килограммы 320 сомду түзсө, аппаратта жасалганы 250 сом. Күнүнө 10 кг чучвара чыгарылат. Окуучулар жасаган азыктар азырынча Нарын шаарында гана сатылат. Окуу жайдын директорунун айтымында, башка регион, облустарга импорттоо үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эгерде кызматташуу ишке ашса, жылына болжол менен 300-400 миң сом тапса болот. Бардык талаптарга жооп берген сертификаттарга да ээ.

Цех керектүү техникалык база менен камсыз болгон. Болжолдуу 30 чакты окуучу жана үч окутуучу эмгектенет. Ар бир окуучуда, окутуучуда санитардык китепчелери бар.

Ошондой эле колледждин ветеринария багытында билим алып жаткан студенттер үчүн ветеринардык лаборатория курулуп, заманбап үлгүдөгү лабораториялык жабдыктар, жугушсуздандыруучу, рентген, УЗИ аппараттары менен жабдылды. Студенттер малдарга операция жасоо, бооз же бооз эместигин аныктоо, дарылоо сыяктуу ветеринарияга байланыштуу бардык кызматтарды көрсөтө алат.

Нарын облусу боюнча ветеринарларды жалгыз Агрардык техникалык-экономикалык колледжи даярдайт. Шаардагы ветеринария лабораториясынын кызматкерлеринин 80 пайызы дал ушул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү.

Окуу жайдын директору Рысбек Жаныбек уулунун айтымында, учурда Агрардык техникалык-экономикалык колледжи Нарын облусу боюнча продукция өндүрүүгө багытталган жана жергиликтүү калкка тейлөө көрсөтүүчү “Окуу-өндүрүштүк комплекси” бар жалгыз окуу жай. Окутуу программалары жумуш берүүчүлөрдүн талабына ылайык түзүлөт. Теория менен практиканын айкалышы даяр кадрдын чыгуусуна өбөлгө болот.

— Учурда жумуш берүүчүлөрдүн талабына ылайык окуу программалары түзүлөт. Мисалы, буга чейин 36 саат теория, 18 саат практика болсо, азыр жумуш ордунда окутуу сааттарын көбүрөөк кылдык. 40% теорияга, 60% практикага бөлүүдөбүз.

Долбоордун жардамы менен окуу жайдын техникалык-материалдык базасы чыңдалды. Ар бир аудиторияда интерактивдүү доска, заманбап компьютерлер ж.б. бар. Лабораториялык жабдыктар менен толугу менен камсыз болду. Студенттерибиз эртең менен теориялык билим алышып, аны өндүрүштө өздөштүрүшөт. Башка өндүрүшкө барбайт. Окууну аяктаганда тажрыйбалуу, даяр кадр чыгат, — деди колледждин директору.

Колледждин Алдыңкы тажрыйба борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоого жалпы 84 млн сом жумшалды. Анын 55 млн сомуна окуу жайдын Ак-Коргон чөлкөмүндөгү корпусунун жанындагы 1983-жылы курулган имартын реконструкциялоого кеткен. Андан тышкары, санарип жана окутуу шаймандары, интерактивдүү доскалар сатып алынып, бардык техникасы бар чучвара цехи менен лабораториясы ачылды.

Учурда окуу жайда 600 студент билим алат, анын 400ү күндүзгү окуу бөлүмүндө. Агрардык, технолог, программист, экономикалык багыттагы он адистикти даярдайт. Учурдагы популярдуу кесиптер: программист, ветеринария, энергетика тармагы болуп саналып, жаштар арасында суроо-талабы жогору.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык-экономикалык колледжи (мурунку аталышы — Нарын айыл-чарба техникуму) Нарын шаарынын батышында, Ак-Коргон аймагында жайгашкан. Колледж алгач 1938-1939-жылдарда Кыргыз ССРинин Тянь-Шань округунун бир жылдык айыл чарба мектеби болуп ачылган. 1948-1962-жылдарда Кыргыз ССРинин Тянь-Шань облусунун Айыл чарба техникуму болуп өзгөртүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 7-августунда №487/1 буйругун негизинде НМУнун алдындагы Айыл чарба техникумунун аталышы Агрардык техникалык-экономикалык колледжи болуп өзгөртүлгөн.

Кыргыз Республикасындагы 145 орто кесиптик окуу жайдын ичинен тандалып алынган сегиз колледждин бири болуп, 2018-жылы “Алдыңкы тажрыйбалар борбору” түзүлгөн.

Эскерте кетсек, “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун ишинин жыйынтыктыры боюнча пресс-тур 14-15-16-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, 21-22-ноябрда Балыкчы жана Нарын шаарларында уюштурулган.

Айгерим Токтобаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер