ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖдоруна ТАНДОО ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨТҮЛДҮ

  • 10.01.2023
  • 0

ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖдоруна ТАНДОО ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨТҮЛДҮ

Быйыл Венгриянын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Талапкерлер мурдагыдай тестирлөөдөн жана баарлашуудан өтпөйт.

Бакалавр даражасына тапшыра тургандар эки критерий менен тандалат. Биринчиси, аттестатындагы баалар болсо, экинчиси, англис тилин билүү деңгээли. Талапкерлердин билим деңгээлин тапшырган документтеринин жыйынтыгына жараша атайын система өзү эсептеп чыгат. Ким канча балл алганын талапкерлер өздөрү сайттан карап турат.

Магистратура жана докторантурага тапшыра тургандар дагы мурдагыдай баарлашуудан өтпөйт.

Документтер 15-январга  чейин кабыл алынат. Ага Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-августуна чейин төрөлгөн талапкерлер, башкача айтканда, 2023-жылдын 31-августуна чейин 18 жашка толгондор катыша алат.

Быйыл Венгрияга 200 гранттык орун бөлүндү. Бакалавр жана бир деңгээлдүү магистрдик программаларына – 130 орун төмөнкү багыттар боюнча: айыл чарба, гуманитардык, социалдык илимдер, компьютердик илимдер жана маалыматтык технологиялар, инженердик илимдер, экономикалык илимдер, медициналык илимдер, педагогикалык илимдер, спорттук илимдер, табигый илимдер, искусство жана көркөм өнөрдүк билим.

Магистратура программаларына 50 орун төмөнкү багыттар боюнча: айыл чарба, гуманитардык илимдер, социалдык, компьютердик илимдер жана маалыматтык технологиялар, юридикалык, экономикалык, инженердик илимдер, медицина жана саламаттыкты сактоо, педагогикалык, спорттук, табигый илимдер жана искусство;

Толук докторлук даражасын алуу үчүн (PhD/DLA) каалаган тармакта — 20 орун бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер