ВЕНЕРА ЭЖЕЙДИН ЖАРЫМ КЫЛЫМГА СОЗУЛГАН ОКУУ ЖЫЛЫ

  • 09.11.2023
  • 0

ВЕНЕРА ЭЖЕЙДИН ЖАРЫМ КЫЛЫМГА  СОЗУЛГАН ОКУУ ЖЫЛЫ

Агартуу тармагынын көрүнүктүү ишмери Турдукулова Венера Кадыркуловна тажрыйбалуу педагог, миңдеген окуучулардын сүйүктүү эжейи, билим берүү системасынын мыкты уюштуруучусу, орошон жетекчи, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер. Нарын облусунун жана Кочкор районунун ардактуу инсаны. Венера эжени “Чолпондун чолпон жылдызы” деп сыймык менен аташчы экен эски кишилер, ошол доордогу үлкөн мугалимдер. Эми Венера Кадыркуловнаны сыйлыкка же кызматка сунуштасам, дал ушинтип жазылмак.

1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин география жана экономика факультетин аяктаган Венера Турдукулова эмгектеги байсалдуу сапарын Кочкор районунун Чолпон айылындагы мектеп-интернатта баштаган. Тың, билимдүү, ишке дилгир жаш мугалим элге бат эле алынып, ишенимге ээ болот. Ысымын кыргызчалатып, айылдын (бир кездеги райондун) аты менен бирдей айтышып, Венера Кадыркуловнаны бара бара “Чолпондун чолпон жылдызы” деп бир эсе сүймөнчүк, ары сыймык менен атап алышат. 1969-жылдан 1978-жылга чейин Чолпон мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, анан директору болуп иштеген. Андан соң Венера эжейибиз Талаа-Булак орто мектебине, улуу агартуучу, кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн жаңы доордо республика формасында калыбына келтирген кайран муундун кашкөй өкүлү Ишеналы Арабаевдин айылына, Социалисттик эмгектин мугалимдердин ичинен чыккан туңгуч баатыры айтылуу Көкөбай Мамбеталиев иштеген мектепке директор болуп жети жыл иштеген. Оо, кийин, Кочкор райондук элге билим берүү бөлүмүн жетектеп турган кезинде Венера эже экөөбүз мектептерди кыдырган учурларыбызда, Чолпон жана Талаа-Булактагы мектептеринде иштеген учурларын сагыныч менен сыймык аралаштыра ыгы келген сайын кеп кылчу. Сагынычы – күлгүн курагы, жаш мугалимдин жаркын учуру, узак жолдун башаты. Сыймыгы – элдин эсиндеги эмгеги, бирге иштешкен мугалимдер, окуткан окуучулары.

Кызмат колдун кири же кол жоолук эмес, кызмат адамдын бактысы, анын тагдырын аныктаган негизги фактор, кесип – инсандын өмүр жолу. Бул жагынан караганда Венера Кадыркуловна ого бетер таалайлуу адам. Анткени ал мугалим, билим берүү, таалим-тарбия тармагында көп жыл эмгектенди. Кочкордун 30дан ашык мектебинде билим алып, кийин өлкөсүнүн, өнүгүшүнө салым кошкон, эли-журтуна кызмат кылган, ар кайсы тармакта ийгиликке жетишкен инсандардын бир тобу Венера эжейдин насаат-таалимин алды, айрымдары ал жетектеген мектепте окуду, дагы бир тобу Венера Кадыркуловна элге билим берүү тармагын жетектеген тушта билим алды. Венера эже 1997-2008-жылдары Кочкор районунун билим берүү бөлүмүн башкарды. Жакшы иштеди. Ошентип, мыкты инсандардын бир нече мууну өсүп чыккан мектептер, эң сонун адамдардын билимканасы, Кыргызстандын билим берүү тармагы Венера Кадыркуловнанын ишмердүүлүгү, педагогдук түйшүгү жана жетекчилик тагдыры менен тике байланышта.

ВЕНЕРА ЭЖЕЙДИН ЖАРЫМ КЫЛЫМГА  СОЗУЛГАН ОКУУ ЖЫЛЫ

Венера Кадыркуловна 12 жыл бою (1985-1997-жылдары) Эл депутаттарынын Кочкор райондук кеңешинин жооптуу секретары болуп үзүрлүү эмгектенди. Ал мезгилде райондук кеңештер таасирлүү бийлик бутагы эле. Социалдык, маданий түмөн маселелер дал ушул райсоветтерде каралып, чечилчү. Советтик доордогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болгондуктан, райондук, шаардык кеңештер мамлекеттик бийлик органы катары кыйла укукка ээ болгон. Аткарган функциясы да арбын эле. Жергиликтүү советтер мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү органы катары чоң мааниге ээ болгондугу анык. Албетте, коммунисттик партиянын абсолюттук бийлигинин алкагында аракеттенип, мекемелердин, ишканалардын, чарбалардын ишине түздөн-түз кийлигише алган эмес, тескөө функциясы жок болчу, бирок райондук советтер эмгекчилердин өкүлү катары адамдардын кызыкчылыктарын коргоого байланышкан, социалдык, маданий, гуманитардык маселелер боюнча таасири зор болгон.

Венера Кадыркулова жолдуу кызматкер. Жаш чагынан Капар Кыдыралиев, Кадыракун Базарбаев, Корчубек Акназаров, Айтыкан Бейшембаева, Аныке Аденов, Төлөбек Абдиев, Адамкалый Жабуев, Туткабай Байдөөлөтов, Тариел Айтбаев, Алтымыш Шершенбаев сыяктуу чыгаан жетекчилер жана белгилүү инсандар менен бирге иштешти, алардан сабак алды, тарбиясын көрдү, чогуу аракеттеништи. Райондук советте иштеген кези аны легендарлуу инсандар, мыкты партиялык кызматкерлер, чарбалардын жана ишканалардын даңазалуу жетекчилери менен үзөңгүлөш, кызматташ болуу бактысына туш кылды. Атам Окин Кулматов менен да иштешкен экен. Кийин мени менен үзөңгүлөш болду. Кочкорго которулуп барган алгачкы кезде Венера эженин мага “Окин Кулматович” деп кайрылып жиберген учурлары да болду.

Венера Кадыркуловнанын эмгектеги жетишкендиктери анын өмүрлөшү ыраматылык Калыгул агайдын камкордугуна тике байланыштуу. Насили педагог Калыгул агай Венера эжени бардык учурда колдоп келгендиги эженин ийгиликтерине өбөлгө болгону талашсыз. Эриш-аркак жашоо, ынтымактуу үй-бүлө, экөө тең кесипкөй педагог болгондуктан бири бирин түшүнүү, орток баалуулуктар, аялуу, кымбат нерселердин экөөнө бирдей таандык болушу, ыйык очоктун айланасында тиричилик – булар эки адамдын турмуштук бактысы.

Кызматкерлер ар кандай түргө бөлүнөт. Айрым аткаруучулар ишти жөн гана жасайт. Кай бирлери милдеттин мазмунун байытат, чыгармачылык менен өркүндөтөт, маанисин арттырат. Мотивациясы күчтүү, дарамети бекем, ниети изги, чыгармачыл адамдар ар кандай прогресстин фактору. Мындай кызматкерлер демилгенин демин суутпайт, алдыдагы милдетке формалдуу мамиле жасабайт жана ишке колко кылбайт. Венера Кадыркуловна дал ошондой кызматкер. Бир курдай, Кочкор районуна жаңы иштеп барган кезимде,  Венера Кадыркуловнадан окуучулардын облустук жана республикалык олимпиадаларына даярдыгын учкай сурадым. Облустук олимпиадага баруучуларды узатам, Нарынга барганда да сүрөп, алардын жайгашкан жерин көрөм, анан жеңүүчүлөрдү урмат менен республикалык олимпиадага аттантабыз деген оюмду тике айткан эмесмин. Бирок эже маселенин маңызын дароо түшүнгөн экен, “ырас болбодубу, баланчасында узаталы, Нарынга жайгашкан жеринде барсаңыз, ар бир окуучуга белектерди камдайын, республикага катышуучулардын жолдугун сиздер даярдаңыздар” деп абдан кубанды. Нарынга бардык, Наполеондун Египет жүрүшүндөгү пирамидалардын жанында тизилген жоокерлерин карап, “Солдаты Свободной Франции. На вас смотрят сорок веков. Вашу победу ждет великое отечество!” деген атактуу кайрылуусун окуучуларыбызга мисал кылып айтып, дем берип кайттык. Чоң иш эмес, бирок ушул кенедей мисалдан эженин ишке мамилеси көрүнүп турат. А мындай учурлар көп болду. Мектептердин курулушу болобу, окуу-тарбия же методикалык маселе болобу, айтор ар бир иште эже болгон күчүн жумшачу. Кочкор районундагы билим берүү тармагынын өнүгүшү Кадыркулованын натыйжалуу жана талыкпас ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Билим берүү гана эмес, райондун аты чыгып, даңазаланып турушуна Венера эженин салымы талашсыз. Мисалы, Кочкор району төрт жыл удаасы менен губернатор Аскар Салымбеков уюштурган облустук “Намыс” программасынын жеңүүчүсү болуп, биринчи орунду берген жок.  Ал программанын негизги көрсөткүчү билим берүү тармагындагы жетишкендиктер, балдардын билим деңгээли эле.

Пиза мунарасы тууралуу эски баян эске түшөт. Пиза шаарындагы собор курмак болушат. Архитектор Бонанно Пизано 1173-жылы курулушту баштайт. Баштаарда акылмандардан кеңеш сурайт: “бул жөнөкөй имарат эмес, келечекте элдин сыймыгына айланат, курулушчуларды кантип табам” деген собол таштайт. Бир окумуштуу “шаардын борборуна кулактандыруу жазып илип кой, таш кынаган усталар керек де, анан келгендердин ичинен жарактууларын бир эле суроо менен тандап алабыз” деп сунуш кылат. Ошентип, курулушка иштейм деп келген адамдарга “сен эмнеге келдиң” деген бир эле суроо берилет. Бири айтат, иштегени келдим, экинчиси таш кынагычмын, чакырганынан келдим, үчүнчү бирөө – “Мен Пиза мунарасын, дүйнөдөгү эң кооз соборду, ааламда жок кереметти өз колум менен курганы келдим” деп жооп берет. Ушул жоопту укканда баягы окумуштуу чубатылган калың жылкынын ичинен тулпарды көргөн Толубайдай маңдайы жарыла сүйүнүп, “Мына Бонанно мырза, ушундай жооп берген усталар гана керемет жаратат” деген экен. Мунара эки кылым бою курулуп, 1370-жылы аяктаган. Керемет жараткысы келген усталардын бир нече мууну шаардыктардын кыялын ишке ашырды. Ошол күндөн ушул күн Пиза мунарасы эл аягы суюлбаган кооз жай, керемет курулуш. Венера Кадыркуловна Турдукулова мына ушул керемет Пиза мунарасын курмакчы болгон устаттардын категориясына кирет. Илгиртпей баамдап, идеянын маңызын, ойдун түпкү маанисин түшүнүү да талант, интеллектуалдык байлык, ал эми аны жүзөгө ашырууга астейдил умтулуу ишкердик чоң касиет, мыкты сапат. Чыныгы педагог Венера эжейибиз ушул сапаттарга ээ бактылуу инсан.

Алмаз КУЛМАТОВ,  Кочкор районунун экс-акими, мамлекеттик жана коомдук ишмер

Бөлүшүү

Комментарийлер