ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОП МЕКТЕП ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАҢЫРТУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 28.03.2023
  • 0

Бүгүн, 28-мартта жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын жана лабораториялык жабдуулардын сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өттү.

ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОП МЕКТЕП ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАҢЫРТУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов жана эксперттер катышты.

Катышуучуларга “STEM предметтер боюнча өлкөлөрдүн тажрыйбасы: мазмуну, методологиясы, практикага багытталган контексти”, “STEM билим берүү жана анын келечеги” темаларында презентациялар жасалып, андан кийин талкуу орун алды

Бөлүшүү

Комментарийлер